Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Байден Трампты экономикалык жардамды бекитүүгө чакырды


АКШнын шайланган презденти Жо Байден менен президенти Дональд Трамп
АКШнын шайланган презденти Жо Байден менен президенти Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Жо Байден президент Дональд Трампты коронавирустун каарын тарткан элге экономикалык көмөк көрсөтүү тууралуу мыйзам долбооруна кол коюуга чакырды. «Майрам күндөрү миллиондогон америкалыктар үй-жайы жана дасторконуна тамак-аш алгыдай болсун» - деди Байден.

Шайланган президенттин билдирүүсүндө «Конгресстеги эки партиянын тең басымдуу бөлүгү жактырган экономикалык жардам тууралуу мыйзам долбооруна Трамптын кол коюудан баш тартканы үчүн Рождествонун эртеси миллиондогон үй-бүлө кантип акча табууну билбей аргасы кетип турат» - деп айтылат.

Трамп 22-декабрда Конгресстин 900 миллиард долларды түзгөн антикризистик чараларды камтыган пакетине кол койбой койгон.

Байден Трамптын мындай чечимин «жоопкерчиликти алуудан качуу» деп баалап, анын кесепети оор болорун белгиледи.

АКШ Конгресси кабыл алган антикризистик жаңы пакетте көпчүлүк америкалыктарга бир жолу 600 доллардан берүү каралган. Ал эми жумушсуз калгандарга кошумча жардам берилет. Мындан сырткары чакан ишкерликти колдоого 325 миллиард доллар жумшалса, 15 миллиард доллар авиакомпанияларга бөлүнөт.

Бирок президент Трамп 600 долларды өтө аз деп, бир жолку жардамды 2000 долларга көтөрүүнү талап кылган. Ал пакетте абдан көп жөнү жок чыгымдар камтылганын жана америкалыктар түз жардам албай турганын билдирген.

Трамп документке кол койбосо 29-декабрга караган түнү федералдык өкмөттүн иши айрым чектөөгө дуушар болот. Конгресс дүйшөмбүдө чогулуп, өкмөттү бир нече аптага убактылуу финансылоону чечип берүүнү караштырып жатат.

Трамп мыйзам долбооруна вето коёбу же жокпу азырынча белгисиз. Эгер вето коюлса, Конгрессттин аны жокко чыгарууга жеткидей добушу бар.

XS
SM
MD
LG