Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

COVID-19: «Фейсбук» менен «Твиттерде» Трамптын видеосу өчүрүлдү


Май айында «Твиттер» Трамп жазган билдирүүлөр так эмес экенин эскерткен белги коё баштаган.
Май айында «Твиттер» Трамп жазган билдирүүлөр так эмес экенин эскерткен белги коё баштаган.

«Фейсбук» социалдык тармагы АКШнын президенти Дональд Трамптын расмий баракчасындагы «коронавирус жаш балдарга дээрлик кооптуу эмес» деп айтканы тартылган видеосун өчүрүп койду. Компания муну «СOVID-19 тууралуу такталбаган, зыяндуу маалыматтын таратылышына каршы чара» катары негиздеди. Трамп буга чейин «Фейсбукта» цензурага кабылган эмес.

Ал арада «Твиттер» бул видеону жарыялаган Трамптын шайлоо штабынын расмий аккаунтун убактылуу бөгөттөп, бул видео алынгандан кийин гана ачыларын эскертти. Компаниянын расмий өкүлү Лиз Келли бул видео соцтармактын эрежелерине каршы келерин айтты.

Талаштуу видеодо Трамп АКШда мектептерди ачыш керек экенин, анткени «балдардын коронавирустан коргогон иммунитети күчтүү болорун» билдирген. «Мен дагы бир жолу кайталап коёюн, балдарды бул оорудан толук коргогон иммунитети бар. Канчалык жаш болсо ошончолук жакшы. Алар күчтүү, алардын иммундук системасы күчтүүрөөк», - деген Трамп.

Трамптын шайлоо штабы аталган соцтармактардын аракетин айыптап, «демократтарга жан тартып жатат» деген мазмундагы билдирүү таратты.

Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда 157 миңден ашык бейтап көз жумду жана ооругандар 4,8 миллион адам болду. Алардын арасында бардык курактагы адамдар, өспүрүмдөр, балдар да бар.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун расмий сайтында коронавируска балдар да, чондор да кабылары баса белгиленген.

Май айында «Твиттер» Трамп жазган билдирүүлөр так эмес экенин эскерткен белги коё баштаган. Алгач АКШнын президенти почта аркылуу добуш берүүнү сындап, бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келет деген мазмундагы эки твиттин этегинде «Почта менен добуш берүү тууралуу фактыларды билип алгыла» деген өзүнчө жазуу чыккан. Ал шилтемени басканда Трамптын мындай тыянагы негизсиз экени көрсөтүлгөн. Ушундан улам Трамп соцтармактар мамлекетттик көзөмөлгө алынарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG