Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

АКШ Конгресси Трамптын вето коюу тууралуу коркутуусуна карабастан коргоо жаатындагы мыйзам долбоорун жактырды


АКШ Конгрессинин имараты.
АКШ Конгрессинин имараты.

АКШ Сенаты 11-декабрда көпчүлүк добуш менен коргонуу тармагындагы бюджет тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул кадам президент Доналд Трамптын ага вето коём деген коркутуусуна карабастан жасалды. Конгресстин эки үйү тең коргоо жаатындагы мыйзамды президенттик ветону жеңип өтө тургандай басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алышты. Сенатта аны жактап 84 добуш берилди, 13 сенатор каршы чыкты, ал эми Өкүлдөр үйүндө болсо 8-декабрда бул мыйзам долбоорун 335 өкүл колдоп, 78и гана ага каршы добуш берген.

«Улуттук коргоого уруксат акты» деп расмий аталган бул мыйзам долбоору 740,5 миллиард доллар каражатты камтыйт. Бул мыйзам долбоору Кошмо Штаттардын президентине Түркиянын орусиялык S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алгандыгы үчүн расмий Анкарага санкция киргизүүгө милдеттендирет. Президент Трамп болсо Түркияны санкция аркылуу жазалоого каршы болуп келген. АКШнын санааркашынча, НАТОго мүчө болгон Түркияга S-400 системасын сатуу аркылуу Орусия америкалык жаңы кыргын учактар тууралуу маалыматты тымызын чогултуп алышы ыктымал.

Президент Трамптын ачуусун келтирген дагы бир жагдай: бул жаңы мыйзам долбоору коомдук медиа компанияларын өз платформаларында үчүнчү жактын мазмунун жайгаштыргандыгы үчүн жоопко тартуудан коргоп келген мыйзамды жокко чыгарууга да каршы турат. Трамп мырза Facebook жана Google сыяктуу компанияларды өзүн ашкере сынга алып жатышат деп айыптап, аларды мыйзам аркылуу тизгиндегиси келген.

1996-жылы кабыл алынган медиа тармагындагы мыйзамдын 23-беренеси интернет-платформаларды кардарлардын материалдарынын мазмуну үчүн жоопкерчиликке тартуудан бошотот жана алар ишмердигин эркин улантуусуна укуктук пайдубал түзүп турат.

Бул жаңы мыйзам долбоору Орусия менен Европаны бириктирчү талаш-тартыштуу «Түндүк агымы—2» аттуу газ куурунун курулушу жаатында да санкцияларды андан ары кеңейтет. Расмий Вашингтон бул долбоорго мораторий жарыялоону каалайт.

Андан тышкары, коргонуу тармагындагы бюджет тууралуу бул мыйзам долбоору Трамптын Германиядагы жана башка өлкөлөрдөгү америкалык аскерлерди кыскартуу ниетине карама-каршы чыгууда.

АКШ Конгрессинин эки үйүндө тең ишенимдүү колдоо тапкан соң, бул мыйзам долбооруна президент Трамп вето койгон чакта да, ал кайра эле Конгресс тарабынан үчтөн эки добуштан көбүрөөк колдоо аркылуу жактырылып, мыйзам болуп калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG