Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

"Орусияга эмес, Батышка ыктагыбыз келет". Грузиндер Путиндин чечимине каршы чыгышты


Владимир Путин, Грузиянын желеги жана орусиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы кошулган коллаж.
Владимир Путин, Грузиянын желеги жана орусиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы кошулган коллаж.

Орусия Грузия менен түз аба каттамдарын жандантып, визалык режимди жойгонуна грузиндер нааразы. Мындай чечимди президент Путин 10-майда кабыл алган.

Москва менен Тбилисинин ортосундагы авиакаттамдарга Кремл дээрлик төрт жыл мурун чектөө койгон эле. Бул чектөөнүн эми кайрадан алып салынышы грузин элинин нааразылыгын жаратып, шаршембиде Тышкы иштер министрлигинин алдына акцияга чыгышты.

"Кабыл алынгыс чечим"

"Грузиндер орус интеграциясын эмес, европалык интеграцияны каалайт. Биздин өкмөт экономикабызды, саясий системабызды Орусияныкына интеграциялоону максат кылат. Ал эми Орусия менен авторитардык режимдер гана дос болорун билебиз. Анан дагы Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө каршы чыккан оккупант өлкө менен мамилени бекемдөө биздин улуттук кызыкчылыктарга туура келбейт",- деди оппозициялык "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын мүчөсү Ираклий Павленишвили.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Иля Дарчиашвили Москванын чечимин кубаттап, бул "жарандардын күнүмдүк турмушун жеңилдетип, ары-бери жеңил саякаттаганга жол ачарын" белгиледи. Бирок президент Саломе Зурабишвили Кремлдин чечимин кескин сындап, Улуттук коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултууну премьер-министрден талап кылды.

Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

"Орусия агрессор болуп, биздин аймактарды ээлеп турган маалда түз аба каттамдарын жандандырып, виза режимин жокко чыгарганы таптакыр кабыл алынгыс", - деди Саломе Зурабишвили.

2019-жылдын жайында Москва Тбилисидеги Орусияга каршы нааразылык акцияларынан улам учак каттамын токтоткон. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Грузияда “русофобия” жайгарылганда гана аба каттамдары жандана турганын айткан.

Жикчил аймактарды колдогон Орусия

2008-жылы Орусия жикчил Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына өз армиясын киргизип, алардын төбөлсүздүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакаларын үзгөн.

Грузияга орусиялыктар бир жылдык мөөнөткө визасыз кире алышат. Украинада согуш башталганы бул өлкөгө миңдеген орусиялык агылууда. Грузиянын Улуттук статистика кызматынын маалыматына караганда, былтыр өлкөгө 62 304 орус жараны иммиграция болгон (180 күндөн көп жашаган). "Америка добушу" буга чейин расмий маалыматтарга таянып, 2022-жылдын февралынан ноябрга чейин Грузияга 112 миңден ашуун орусиялык киргенин жазган.


Грузин бийлиги Орусиянын Украинага согуш ачып, басып киргенин айыптап чыккан жана Москвага каршы эл аралык экономикалык санкцияларга кошулган. Бирок Тбилиси Москвага чектөө киргизген эмес.

Өкмөт башчы Ираклий Гарибашвили буга "улуттук кызыкчылыктар, экономика жана коопсуздук маселелери" себеп болгонун жүйө келтирген.

Былтыр март айында Украина менен удаа эле Грузия жана Молдова Евробиримдикке кошулуу үчүн арыз берген. Эреже боюнча шаркетке кирүү үчүн сүйлөшүүлөр көп жыл, кээде 10 жылдан ашуун созулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG