Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Молдова Орусиянын элчилигиндеги 45 кызматкерди өлкөдөн чыгарат


Молдованын желеги.
Молдованын желеги.

Молдова Орусиянын элчилигиндеги 45 кызматкерди, анын ичинен 18 дипломатты өлкөдөн чыгарат. Алар тыңчылыкка шек саналып жатканын өлкөнүн тышкы иштер министри Николай Попеску билдирди.

Өкмөттүн жыйынында Попеску Молдова ондогон жылдар бою “Орусиянын душмандык саясатынын бутасы болуп келгенин” айтты. Мындан улам бийлик орус дипломаттарынын санын чектей турган болду.

Попеску Орусиянын Молдовадагы элчилигинин чатырындагы антенналар тууралуу журналисттик иликтөөнү эске салып, кабарчылар сигналдын каалаган түрүн кабыл алууга жөндөмдүү кеминде 28 антеннаны тапканын белгиледи. Антенналарды Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы бар элчиликтин кызматкерлери маал-маалы менен жөндөп турганы аныкталган.

Орусиянын элчиси Олег Васнецов Молдованын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ал Кишиневду "орусофобия" үчүн айыптап, антенналар Молдовада байланыш начар болгон 1990-жылдардын аягында орнотулганын түшүндүргөнүн “Азаттыктын” молдаван кызматы жазды.

Буга чейин Европанын башка өлкөлөрүндөгү орус элчиликтеринен тыңчылыкка шектелген кызматкерлер мекенине жөнөтүлгөн. Москва да жооп иретинде бир топ мамлекеттердин дипломаттарын артка кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG