Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Молдовада орусиячыл партиянын лидерлерине шайлоого катышууга тыюу салынды


Молдовалык олигарх, учурда чет өлкөдө качып жүргөн Илан Шор. Кишинев. 22-февраль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Молдовалык олигарх, учурда чет өлкөдө качып жүргөн Илан Шор. Кишинев. 22-февраль, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

31-июлда Молдова парламенти Орусия артында турган саясий партиянын лидерлерине алдыңкы беш жылда шайлоого катышууга тыюу салган мыйзам кабыл алды. 19-июнда Конституциялык сот "Шор" партиясын "конституциялык түзүмгө кооптуу" деп таап, аны таркатуу боюнча өкүм чыгарган.

Бийликтеги "Аракет жана тилектештик" партиясынын 54 депутаты сөз болуп жаткан мыйзамды колдоду.

"Бул Молдова саясатынан коррупцияга баткан, криминалдык шишикти жок кылууга жасалган маанилүү кадам", - деди добуш берүүдөн киийн спикер Игорь Гросу.

27 кишиден турган орусиячыл Коммунистердин жана социалистердин блогу добуш берүү башталгыча эле залдан чыгып кеткен. Ал эми "Шор" партиясынын мурдагы алты өкүлү парламентке бойкот жарыялашты.

Партиянын лидери Илан Шор Конституциялык соттун чечимин кийин жаңы партия түзгөнүн жана 2025-жылы өтө турган шайлоого катышуу ниети бар экенин айткандан кийин бийлик ушундай кадамга барууда.

Молдовадан алдамчылык жол менен бир миллард долларды чыгарып кетүүгө аралашкан, олигарх Илан Шор батышчыл президент Майя Сандуну кулатуу максатында бийликке каршы бир нече айга созулган акцияларды уюштуруп, каржылап келген.

Шор учурда Израилде жашап жатканы кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG