Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

"Мекенди "родина" деп жазуу тууралуу сунуштар болгон"


“Компартиянын бийлиги басма сөздү тескеп турган”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

“Компартиянын бийлиги басма сөздү тескеп турган”

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер Мелис Айдаркулов болду. Ал маегинде мектепти бүтпөй кантип журналист болгонун, Таластан Компартиянын Борбордук комитетине келип калганын, бийликтин басма сөзгө цензурасы, Шеримкуловдун чечиминен баш тартканы жана 30 жыл бардык бийлик менен тил табышып иштөөнүн сыры жөнүндө кеп кылат.

- Мелис мырза, сиз 1985-жылы Талас обкомунда иштеп турганда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин басма сөз секторунун башчылыгына дайындалыпсыз. Ага ким, эмне себепкер болгон?

- Жумагул Сааданбеков Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинде агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда бир топ киши менен Талас обкомуна барып калышты. Ал жерде мага облус боюнча маалыматтарды чогултуу жана иреттеп жазуу боюнча тапшырма берилип калды. Мен аны кынтыксыз жана так аткаргандыктан борбордук бийликтен баргандардын көзүнө илинип калдым окшойт. Андан кийин ал кызматка сунуш болуп, көп өтпөй эле чакырылып калдым. Ал кызматка барып, такшалышыма Медеткан Шеримкулов менен Жумагул Сааданбековдун эмгеги чоң болду. Алар бизди башыбыздан сылаган эмес, дайыма бир “тонуста” кармаганга аракет кылышчу. Тапшырманы чала жасоо, кечиктирүү деген болгон эмес. Күн болобу, түн болобу так аткарууга аракет кылчубуз.


- Адатта Борбордук Комитеттин сектор башчылык кызматын ээлеп тургандар болбоду дегенде министрдин орун басары, же бир республикалык маанидеги мекеменин жетекчиси, же обкомдун катчысы болуп көтөрүлүп кетишчү. А сиз 1990-жылы Бишкек шаардык гезитинин редакторлугу кызматына дайындалыпсыз. Ошондо сиз кызматтан төмөндөтүлгөнсүз деп түшүнсөк болобу?

- Башкалар кандай ойлогонун билбейм, мен үчүн төмөндөө болгон эмес. Ал кезде, 1989-жылы Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынып калган эле. Мен ал мыйзамдын долбоорун даярдоого башынан аягына чейин катыштым. Ал ишке Медеткан Шеримкулов башчылык кылган эле. Кыргызстандын тарыхында ошол кезге чейин борбор шаардын кыргыз тилиндеги гезити болгон эмес. Ал көйгөйдү Борбордук комитетте чогуу иштеген бөлүм башчылар Эднан Карабаев, Иса Токоев деген кесиптештериме айтып, талкууладык. Мен аларга “силер мени колдогула, шаардык гезит ачуу тууралуу демилгени Медеткан Шеримкуловичке айтам” дедим. Медеткан Шеримкулов ал демилгени колдоду. Ал кезде райондук гезит ачуу тууралуу маселе да Москвадан, КПСС Борбордук комитетинен чечилчү. Биз тиешелүү документтерди даярдап, Кремлге жөнөттүк. Көп өтпөй чечим келип калды, аны бекемдеген шаардык гезит ачуу жөнүндө чечим биздин Борбордук комитеттен да чыгып калды. Абдыжапар Соотбеков деген аксакалыбыз редактор болуп дайындалды. Менин ичим чыкпаган нерсе: ал гезит ага чейин чыгып келген “Вечерний Фрунзе” гезитинен толук 100 пайыз кыргызча которулуп чыга турган көчүрмөсү болуп калды. Анан бир күнү Медеткан Шеримкуловго кирип, “шаардык гезит көчүрмө болбош керек, өз алдынча иштеген, өзүлөрү материал топтоп, өзүлөрү жазган, толук кандуу иштеген басылма болуш керек, кандай кылышты мен билем, мени ошол жакка жибериңиз” деп айттым. Мени көпкө укту, анан колдоду. Анан көп өтпөй буйрук чыгып, мен “Бишкек шамы” гезитине жетекчи болдум.


- Сиз Борбордук комитеттин басма сөз секторунда иштегенсиз. Совет заманында басылмалардын ишмердүүлүгү, багыттары жогорку бийлик тарабынан тескелип, көзөмөлдөнүп, чектелип турчу деп калышат, ошондой беле?

- Чектөөлөр бар болчу. Алар Москвадан келчү, бизден да чыкчу, аралаш эле, замандын талабы ошондой болгон. Гезиттердин саясий жагына, алардын пропагандалык ишмердүүлүгүнө көп көңүл бурулчу, тескелип, багыт берилип турганы чын...

- Журналисттерге кээ бир терминдерди, сөздөрдү кантип колдонуу жөнүндө да тапшырмалар берилип турчу деп калышат. Мисалы, “Ата Мекен” эмес, “Родина” деп жазгыла, “калпак, Ала-Тоо” ж.б. кыргызча аталыштарды колдонбогула деп...

- Анчалык болгон эмес. Ал кезде деле терминдер боюнча комиссия иштеген, алар бекитип берчү, ал жерде “родина” деген сунуш бар болчу. “Ата Мекен” деп деле жазышчу. Мисалы, терминкомдун сунушу менен “партриотизм” деген термин колдонулуп келгени чын. Кысым, басым терминдерди колдонуудан болгон эмес, тескөө башка жагынан көп болгон. Мисалы, улуттар аралык маселелерди, салт-санаа, ырым-жырымдарды чагылдырууда чектөөлөр болчу. Ырым-жырымдар эскичиликтин көрүнүшү деп бааланчу, жээрип турушчу. Партиянын ишине жаман сөз айтылбаш керек деген катуу талаптар коюлчу.


- “Эркин Тоо” гезинин башкы редактору кезиңизде сизди дайыма колдоп келген Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкуловдун чечимине каршы чыгып, ал кишини капа кылган деп угуп калдык. Ошол окуянын башын ача кетсеңиз?

- Ал жалгыз Айдаркуловдун чечими болгон эмес. Окуя мындай болгон: эсиңерде болсо керек, 1994-жылы “легендарлуу парламент” – Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тарката турган жагдайга келип калган. Депутаттар сессияга чогула албай, кворум болбой, Оштон учактар учпай, жыйынга келгендерди киргизбей койгон жагымсыз көрүнүштөр болгон. Айла кеткенде 40-60 депутат араң чогулуп, жыйын өткөрүшөт. Өйдө-төмөн сөздөр болот, сессияга келбеген депутаттарга да катуу сындар айтылат. Анан ошол жыйындын стенограммасын гезитке толук баскыла деп тапшырма келет.

Анан менде сессия болбосо, чакан жыйындын отчетун эмнеге жарыялайм деген күмөн саноо башталды. Мен юристти, жамаатты чогултуп кеңештим, талкууладык. Жыйынтыгында ал жыйындын материалын баспай турган болдук. Ал чечим жөнүндө Медет Шеримкуловичке барып айттым. Эки күн өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Логвинов мени бошоткон буйрукту көтөрүп, жаңы дайындалган редакторду ээрчитип келиптир. Эмгек жамааты каршы чыкты. “Эркин Тоонун” редактору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын чечими менен дайындалган, ошондой бошотулат. Мени 350 депутаттын, 346сы колдогон. Силердин чечим Жогорку Кеңештин президумунун чечими экен, бул мыйзамсыз, күчү жок чечим деп айттым. Аны уккандан кийин эле кетишти. Эртеси мен Жогорку Кенештин аппаратына чакырылдым. Барсам, “жогорку мамлекеттик органдын чечимин аткарбагандыгы үчүн бошотулсун” деген жаңы токтомду көрсөтүшүп, кол коюп коюуну өтүнүчтү. “Бул токтомду Шеримкуловдун өзүнө берип койгула” деп албай кетип калгам...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG