Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

“Ошко губернатор кылып жөнөтүп, Токтогулдан кайтарышкан”


“Губернатор кылып Ошко жөнөтүп, Токтогулдан артка кайтарышкан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:18 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу мурдагы биринчи вице премьер-министри Искендербек Айдаралиев.

Ал маегинде советтик кадр таптоонун өзгөчөлүгү, коммунисттер Масалиев, Аманбаев, биринчи айым Майрам Акаева жөнүндө, Таласка кантип аким болгону, Бакиев бийлиги учурундагы так талаштар, “саруу-кушчу” таасири, өзүнө карата козголгон кылмыш иши, эмне үчүн “Замандаш” партиясына кошулганы ж.б. тууралуу кеп кылат.

- Искендербек мырза, сиздин атаңыз Рысбек Айдаралиев совет заманында Талас облусундагы алдыңкы башкармалардын бири, республикага кадыр-баркы бар адам эле. Сиздин мамлекетттик кызматтарга келип, жетекчи болуп калышыңызга атаңыздын таасири, жардамы, колдоосу болгонбу?

- Ооба, атабыз эл үчүн чоң иштерди жасап кеткен адам, ал киши менен сыймыктанабыз. Атам кимдир бирөөгө барып, “ушул менин балам, колдоп кой, баланча кызматка койгонго жардам бер” деп кайрылган эмес. Өзүнүн жакын досу, тууганы, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров ал кезде Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп, жогору жактагылар менен жакшы мамилеси бар эле. Атам ал кишиге барып деле суранса болмок, бирок, андай кылган эмес. Менин атактуу башкарма Рысбек Айдараалиевдин баласы экенимди көлдүктөр атам бул дүйнөдөн өткөндө анан билишти. Ысык-Көлдө мен 22 жыл иштедим, мени жетиөгүздүк, же тоңдук деп жүрүшүптүр.

- Совет заманында Ысык-Көл облусунда партиялык жетекчилер Апсамат Масалиев жана Бексултан Аманбаев менен иштегенсиз. Бул эки адамдын адамдык сапаттарынан, жетекчилик ыкмаларынан айтып бере аласызбы?

- Апсамат Масалиевич Ысык-Көлдө беш жыл жетекчи болуп иштеген. Ал киши компартиянын идеологиясына терең сугарылган, анын саясатына чындап берилип кызмат кылган, накта коммунист жетекчи болгон. Мен ал киши катышкан, сүйлөгөн жыйындарда көп болдум. Ар бир тармак боюнча ийне-жибине чейин билген, ал боюнча багыт бере алган жетик адам эле.

Ал киши партиялык, адамдык этиканы бийик сактаган, коом үчүн ак кызмат кылган таза адам болчу, мамлекеттин казынасына колун салмак турсун, жакындабаган киши болчу.

Облустун жетекчисине кой, тай деген жокбу, каалаганын алдыртып сойуп жесе болмок. Ал киши үйүнө комбинатка акчасын төлөп койуп, эт алдырып жеген. Ал кишинин Шамбет деген бир тууган кайниси бир кызык окуяны мага айтып берди эле. Апсамат Масалиевич, бир күнү үйүнө кеч келсе, бир кой, бир фляга кымыз турат. "Ким алып келди?" дейт. Бир жетекчи алып келиптир. Дароо ал кишини таптыртып, кымызынан болгону 3 литр куйдуртуп алып, калган этти, кымызды талаада иштеген колхозчуларга бергиле, деп кайра салып бериптир.

Бексултан Аманбаев Ысык-Көл облустук кеңештин төрагасы болуп турганда мен аппаратта бөлүм башчы болуп иштедим. Ал киши абдан чечкиндүү, эрки күчтүү, анча-мынча кишини тентектерди жигитче “сындырып” да койчу жөндөмү бар болчу.

Бир жолу Түп районунда Жумгалбек Бексултановичтин катышуусунда жергиликтүү эл менен жолугушуу болду. Ал кезде “кайра куруу” заманы болчу, эл каалаганын сүйлөп калган. Ошол жолугушууда демократбыз деген үч адам катуу сүйлөдү, катуу сындарды айтышты, үчүнчүсү өтө эле көп сүйлөп, трибунадан түшпөй койгондо Жумгалбек Аманбаев жамынып отурган желбегейин чечип ыргытып, “мен сени трибунадан күч менен түшүрөйүнбү” деп катуу ачууланганы эсимде. Ал киши эркин күрөш боюнча спорттун чебери болчу, бою кичинекей болгону менен волейболду да катыра ойночу. Машинасында топ, спорттук формасы дайым жүрчү.

Мен ушундай адамдар менен чогуу иштедим, алардын тарбиясын алдым, жалпысы ал мезгилдин чоң мектебинен өткөнүмө сыймыктанам.

- 20 жылдан ашык Ысык-Көл облусунда эмгектенгенден кийин 1999-жылы Талас районуна аким болуп дайындалдыңыз. Райондун жетекчиси болушуңузга биринчи айым Майрам Акаеванын колдоосу болгонбу?

- Майрам эже менен уруктарыбыз башка болгону менен айылдашбыз, жердешбиз. Эже биздин айылдан борбордук жогорку окуу жайларынын биринде окуган жалгыз студент болгон. Ал кезде атам Рысбек колхоздо башкарма болуп иштегендиктен студенттерге кеңешин айтып, жардам берип турса керек, Майрам эже атамды сыйлачу.

Мен Таласка аким болуп асмандан түшө калган жокмун. Ал кызматка барганга чейин совет заманында төрт жыл партиялык кызматтарда иштедим, Прежевальск шаардык элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы, кийин Каракол шаарында вице-мэр, Ак-Суу району менен Каракол шаарын кошкондо акимдин биринчи орун басары болуп иштегем. Ошондо эле көлдүк жакшы санаалаш акелерим “сен эбак жетилдиң, бышып эзилип төгүлөйүн деп калдың, бир жакка жылбайсыңбы” деп көп айтышчу. Албетте, ар ким эле аким болом деп өзү барбайт. Мага президенттик администрациядан сунуш болгон. Мен 1999-жылы, Акаев 9 жыл президент болуп иштегенден кийин аким болдум.

Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG