Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

"Назарбаевдин түбүнө жакындары жетти"


Жумагул Сааданбеков, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси.
Жумагул Сааданбеков, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси.

Мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Жумагул Сааданбеков “Азаттыкка” курган маегинде коңшу өлкөдөгү тополоңдун үч себебин атады. Ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин реформасына Назарбаевдин кланы кыйла тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Казакстан бийлигин солкулдаткан үч себеп

- Жумагул мырза, Борбор Азиядагы байгер өлкө саналган Казакстанда элдин көтөрүлүшү, тополоңдун чыгышы сиз үчүн канчалык деңгээлде күтүүсүз болду?

- Бул өзү бышып жетилген жараян. Эл көтөрүлүшкө даярдалып калган. Мунун үч себеби бар. Биринчиси, социалдык теңсиздик. Мухтар Шахановдун бир жыйында “17 үй-бүлө бүт Казакстандын байлыгын бөлүп алган” деп айтканы бар. Бүгүн (11-январь – ред.) президент Токаевдин парламенттеги докладын уктум. Ал “биринчи президенттин, элбашынын арты менен өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык ченемден алганда да өтө бай адамдар пайда болгон” деп айтты. 19 миллион элдин байлыгын 17 үй-бүлө бөлүп алып атса, мактанганы менен жакырчылык биздикиндей эле экен да. Айрыкча байлык, мүлк боюнча теңсиздик чачып койсо “дүрт” этип кете турган керосинге окшош.

Экинчи себеп – кош бийлик. Назарбаевдин катасы 2,5 жыл мурда Токаевди президент кылып, өзү да Элбасы, Коопсуздук кеңешинин башчысы болуп, бийликке кошо минип албадыбы. Назарбаев-Токаев кош бийлиги ушуга жеткирди. Бийликте эки борбор болуп калды. Мындайда жакшылык болбойт.

Үчүнчү себеп - үй-бүлөлүк, кландык башкаруу. Назарбаевдин жанында Акаевдин кулатылган үй-бүлөлүк башкаруусу - баланын эле оюну. Назарбаевдин күйөө балдары, таяке-жээндери, инилери бүт ээлеп алган. Шаханов айтып аткан 17нин жетөө ошолор болсо керек. Алматынын тегерегиндеги Каскелең, Чымылган – ушулар, “Чапрашты” деген Назарбаевдин уруусу. Токаев "камайм" деп аткан кишилер ушулар. Кайрат Сатыбалдыны (Назарбаевдин инисинин уулу-ред.) көргөм. Мурдун балта кеспейт. Ушулар Назарбаевдин түбүнө жетти.

Назарбаев билеби-билбейби, 2,5 жылдан кийин Токаевди кулатып, бийликти Кайрат Сатыбалдынын, Масимовдун колуна кайра алабыз деген арамза иш мурда ойлонулган. Коопсуздук комитетинин, полициянын офицерлери өздөрүн өздөрү атып өлүшү да ушуга байланыштуу го. Ертысбаев (Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси-ред.) айтпадыбы, бир нече жылдан бери Казакстандын тоолорунда куралчан топторду машыктыруучу атайын лагерлер аларды "атайын даярдыктан өткөрүп турган" деп.

- Куралчан топтор тыштан келди деген да маалымат тарабадыбы.

- Ал караманча туура эмес. Эл аралык терроризм деген эч кандай далили жок сөз. Террорчулар - Алматынын тегерегинен ишсиз жүргөндөрдү топтоп, атайын даярдап койгондор.

- Жумагул мырза, сиз мурда "Назарбаев өзү күчтүү лидер, ал мыкты мамлекеттик ишмер Токаевди туура тандады, Казакстанда эч качан кош бийликке жол берилбейт" деген элеңиз. Ал ишенимиңиз эмне үчүн акталбай калды деп ойлойсуз?

- Назарбаев, албетте, акылдуу киши. Борбор Азияда, постсоветтик мейкиндикте жетекчи, лидер катары Назарбаевге тең келе турган лидер жок. Бирок ушундай экономиканы түзүп, килейген Астананы салдырып, дегеле чексиз сонун иштерди жасаганы менен, жанагыдай катачылыкты кетирип атпайбы.

- Ошондой акылдуу киши жакын адамдарынын капканына оңой эле түшүп калдыбы?

- Түшүп калганы ошол да. Мына кызы Дарига эмне кылды? Күйөөсү, уулу өлдү. Мухтар Аблязов деген аларды өлтүрүп коюшту деп атпайбы. Бийликке келиш үчүн кандай гана иштерди кылышпайт экен, көрсө. Кайрат Сатыбалдынын салафилерге жетекчи болуп жүргөнү чын. Аны мен ошол жакта элчи болуп иштеп жүргөндө эле байкагам. Ошондо эле Назарбаевге баш ийбей калган. Башка эл баш ийсе дагы, үй-бүлөңдү “кутуртуп” ийгенден кийин ал башка чыгат экен. Майрам Акаева дагы Аскар Акаевди сыйлачу эмес да.

"Токаев Назарбаевден күчтүү саясат жүргүзөт"

- Токаев эл шайлаган президент да. Өз алдынча саясат жүргүзө албаганы, бул анын алсыздыгы болдубу?

- Токаевди эң жакшы билем. Ал өтө билимдүү, күчтүү жигит. Аны ошол эле Масимовдор, Кайрат Сатыбалдылар иштетпей, жолун тороп туруп алышты да. Көрдүңүзбү, акыркы жолу Санкт-Петербургда араң баскан Назарбаевди Лукашенко, Токаевди Путин узатты. Экөө эки башка учак менен барды. Демек, экөө келишпей калган. Назарбаев бийликке Масимовду отургузгусу келип калган. Муну Токаев түшүндү дагы, Масимовду бошотуп, өкмөттү кетирди. Анан Казакстан боюнча дароо бир учурда “өрт” кетпедиби. Аны террорчулар эмес, Токаевге каршы "сатыбалдычылар" уюштурду.

- Эксперттер Токаев эми лидерлик кудуретин көрсөтүү үчүн кардиналдуу реформаларга барышы керек. Ал үчүн Назарбаевдин таасиринен кутулушу керек, бирок бул өтө оор деп жатышат. Токаев мындан ары кандай саясат жүргүзүшү мүмкүн?

- Токаев мажилисте радикалдуу маселелерди койду. Эми ошонун бардыгын аткара алса азаматтык кылат.

- Конституция боюнча Назарбаев дагы эле Элбасы да, туурабы? Бул сүйлөбөй койчу лидер эмес болчу деп жазып атышпайбы. Эмне үчүн сүйлөбөй атат?

- Назарбаев эч ким эмес. Тирүү барбы – суроо. Бийликтен ажырады. Эмне деп сүйлөйт? Абышканы биротоло четтетишти.

- Токаевдин Казакстанды өз алдынча башкарууга чамасы жетеби? Себеби Назарбаевдин 30 жылдык башкаруу таасири, ордо оюнунун активдүү катышуучулары, байлык, бийлик талашчулар бар. Ошон үчүн "Путинден колдоо болбосо реформа жасай албайт" дегендер чыгып жатат. Орус лидеринин колдоосуна муктажбы?

- Жардам эле оңой эмес да. Мына ЖККУнун курамында биз формалдуу турганыбыз менен, Орусиянын армиясы кирди да. Эгер айтылган убада боюнча 10 күндө чыгарып кетпесе, өлкө ичинде ызы-чуу көбөйөт, улутчулдар чыгат. Бирок Токаевдин Путин менен дагы, Си Цзинпин менен да теңата сүйлөшүп, ишти Назарбаевден күчтүү алып кетерине ишенем. Эми албетте, кыйын болот. Жеңилген тарап жөн жатпайт да. Өлүкканадан өлүктү алып кетип аткан ошол тараптын эле жигиттери да. Ал ДНКсын текшергенде эле аныкталат да. Ошон үчүн алып кетип жатышат.

Токаевдин жанагы мажилисте сүйлөгөн сөзүнүн артында чоң маселе жатат. Бул Казакстанда болгон социалдык теңсиздикти, жакырчылыкты бүт Назарбаевдердин тукуму жасаган деген маанини берип жатат.

"Орусиянын аймакка таасири артты"

- Казакстандагы тополоңго геосаясий кызыкчылыктар да киришкени тууралуу пикирлер айтылды. Бул багытта ой жүгүртүп көрдүңүзбү?

- Конкреттүү бул окуяда Американын же Батыштын ролу жок. Негизи геосаясаттын сөзсүз таасири бар да. Орто Азия жана Казакстан - АКШнын, Кытайдын, Орусиянын, кайсы бир деңгээлде Британиянын күрөшүү аянты. Орусия бул ирет утушка ээ болуп кетти. Орто Азияда, Казакстанда катталган окуяны, тыштан кол салууну баса алат дегенди көрсөттү. Кечээ АКШ менен Орусиянын Женевадагы сүйлөшүүсүнө байланыштырып, талдоочулар Казакстандагы окуя Орусияга чоң жардам берип жатат деп айтып атышат. Күчтүн позициясынан алганда Орусия күчтүүрөөк болуп калды.

- Акыркы суроом. Кыргыз-казак кошуна, дос өлкө, бир тууган эл деп айтабыз. Бирок, мамилеси салкындаганына бир топ убакыт болду. Эмне үчүн ортосу жылый албай атат? Келечеги кандай болот?

- Бир тууган, жакын эл экенибизде талаш жок. Бирок саясатта ар кандай көрүнүштөр болуп кетпедиби. Лениндин «Коммунизмдеги солчулдуктун балалык оорусу» деген эмгеги бар эле. Булардын аша чапмайы, көйрөңдөнүп кетмейи бар. Отузунчу жылдарда Голощекин деген Казакстандын биринчи катчысы беш жылдык планды үч жылда аткарабыз деп, малдын бардыгын мамлекетке төгүп салып, ачарчылыктан эл кырылып калаарда көп бөлүгүн Жусуп Абдрахманов, кыргыздар сактап калган.

Азыр эми булар «капитализмдин оңчул балалык оорусу» менен ооруп жатышат. Назарбаев мындан 10 жыл мурда дүйнөдөгү алдыңкы 30 мамлекетке кошулабыз деп ураан таштабадыбы. Ошентип, булар индустрияны жоготуп, постиндустриялык өлкөгө айланып калды. Бул Америка, Британия өңдүү өлкөлөргө гана жарашат. Бул системада олигархиялык капитал байып, калганы жакырданат. Мунун трагедиясы ушунда жатат. Булардын ушундай "балалык оорусу" бар.

Биз менен да мамилеси ушундай. Бир карасаң «май көл, сүт көл», бир карасаң бирдемелерди ыргытып коет. Жанагы музыкант баланы башка-көзгө койгулап, Чымкентте башка кыргыздарды сабап коюшту. Муну күч органдары жасап атат да. Дегеле элдеги мамиле ушундай окшойт. Биздин балдар болсо берерге эч нерсе таппай, аэропорттон тосуп алып, багып атышат. Элдин менталитетине жараша болот экен. Эми түбөлүгү түз болсун. Ушинтип отуруп, эки тарап тең эсибизге келербиз. Тынчтыкта, достукта жашабасак болбойт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG