Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Маматалиев: Баткен окуясында тогуз күн барымтада болдук


Маматалиев: Баткен окуясында тогуз күн барымтада болдук
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:14 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу мурдагы вице-премьер министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдрахман Маматалиев болду.

Ал маегинде кызматка кантип келгенин, Баткен окуясы, эмне үчүн Ф.Куловдун партиясына кошулганын, кантип Бабановду колдогонун, Садыр Жапаровдун айланасындагыларга жакпай калганын ж.б. сөз кылат.

- Абдрахман мырза, 1999-жылы сиз өкмөттүн аппаратында бөлүм башчы болуп турганда Баткен районунун акими болуп дайындалыпсыз. Адатта Ак үйгө көнүп алгандар Баткенге баруудан качат деп айтылчу, сиз кантип аким болуп калгансыз?

-Борбордо жылуу орунда отуруп иштегендер качышы мүмкүн. Мага сунуш болгондо макул болуп кубанып эле баргам. Мындай сунушту өз алдынча жетекчи катары жөндөмүңдү көрсөтө турган, тажрыйба топтой турган зор мүмкүнчүлүк деп түшүнгөм. Аким болуу - өзүңдүн потенциалыңды көрсөтүүгө шарт.

-Сиздин Баткен районунда аким болгонуңуз өмүрүңүздөгү өзгөчө жана оор учур десек болот. Сиздин Тажикстан, Ооганстан тараптан келген куралчан топтордун колуна түшүп калышыңыздын себебин эмнеден көрөсүз, мамлекеттик бийликтин алсыздыгыбы, кыргыз армиясынын тажрыйбасыздыгыбы, же башка себеби барбы?

-Биринчиден, ошол жылы (ред. 1999-2000-жылдагы "Өзбекстандын ислам кыймылы" (ӨИК) террордук уюмунун согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлеринин кагылышуусу "Баткен согушу", "Баткен окуясы", "Баткен коогалаңы" деген ат менен тарыхта калды) Орусиянын армиясы Кыргызстандын чек арасын кайтарбай таштап кеткен эле. Биздин чек ара кызматы жаңы түзүлүп, чек араларды толук көзөмөлгө ала элек болчу. Баткен тарап, андан ары Тажикстанга, Ооганстанга өткөн жолдор ачык болгон. Ошондой абалдагы мамлекетибизден чабалдыгынан пайдаланып, алар мурда дагы кирип-чыгып турушкан.

-Ошол учурда аким, генерал жана жапон геологдору колго түшкөн. Аларды бошотууда негизги ролду акча ойногон деп калышат. Кеп бир канча миллион долларлар жөнүндө болот, сиз буга эмне дейсиз?

-Мен чалгындоо кызматынын, коргоо министрлигинин жетекчилери менен тоо тарапка, жайлоого кеткен жолдорго постторду койолу деп барганбыз. Ал учурда согуштук аракеттер жок болчу. Андагы премьер-министр Амангелди Муралиев телефон чалып: “Орун басарларыңа тапшырып койбой, чекара жакка өзүң баргын, борбордон да адистер барат” деп калды. Анан барымтада калып калдык. Биздин топ 4-августа колго түшүп, 13-августа бошогонбуз. Жапон геологдору, генерал Шамкеев ж.б. алтымыш күндөн көбүрөөк кармалып калышты. Биздин топтогуларга жана жапондорго карата чоң акчалар жөнүндө сөздөр болуп жатты, бирок мен өз көзүм менен акчаны көргөн жокмун, уккан эмесмин.

-Сиз ошол окуядан кийин стресс алдыңыз, ден соолукка бир топ зыян болду. Ошондо акимди жогорку бийликтегилер моралдык, материалдык жактан колдодубу?

-Анда Баткен району Ош облусуна карап турган. Губернатор Темирбек Акматалиев телефон чалып, “мен азыр Аскар Акаевден чыктым, сени “Манас” орденине көрсөтүп жатабыз, документтериңди жөнөт” деп калды. Мен жөнөттүм. Биз элдин коргоп калуу боюнча кандай уюштуруу ж.б. иштерди жасаганбызды жогору жактагылар жакшы билишчү. Сыйлыктар Коргоо министрлигинде иштегендерге, ал окуяга анча тиешеси жок, Баткенге барбаган, же кабинетте отурган чиновниктерге да берилген. Бирок бизге берилбеди, башкы сыйлык – биздин аман-эсен чыкканыбыз болгон.


-Сиз 2010-жылы парламентке “Ар-Намыс” партиясынан депутат болуп калдыңыз. Эмне үчүн Куловдун партиясына кошулгансыз?

-Биринчиден, ал кездеги саясий кырдаалда эске алдык. Ал кезде Убактылуу өкмөт бийликке келип, алар “Социал-демократтар” партиясына бириккен. Мурдагы бийликте жүргөндөр “Ата-Журт” партиясына биригишип, "биз партриотбуз" деп жүрүштү. Дагы ушундай партиялар чыкты. Ошолордун арасынан “Ар-Намыс” партиясы ортодогу позицияны ээлеген ойлорун жарыя кылды. Анан бир күнү Феликс Кулов партияга чакырып калды, сүйлөштүк, ынандык, андан кийин кирдик.

-Партиядан талапкерлер шайлоо фондусуна акча чыгарбаганын айтып калышат, сиз дагы тыйын кошкон эмессизби?

-Мен да фондго акча чыгарган эмесмин. Бирок ары-бери басканыбызга, автоунаага майды ар кимибиз өзүбүз куйуп жүрдүк. Партиянын негизги чыгымынын баарын Феликс Шаршенбаевич өзү каржылаган. Акчанын булагы кайдан экенин биз ал кишиден сураган эмеспиз.

- Каржылоо сырттан келген десек болобу?

- Мен партиянын каржылык ишине кийлигишкен эмесмин. Республикалык штабдын жетекчиси Акылбек Жапаров болгон. Мен уюштуруу иштери боюнча орун басары болгом, акча бөлүштүрүүгө такыр катышкан эмесмин. Каражат сырттан, ичтен келдиби, же өз чөнтөгүнөн төлөдүбү, аны мен айта албайм.

- 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдогонсуз, эмне үчүн ага ишеним арткансыз?

- Убагында мени “Маматалиев эмне үчүн иниси, жердеши Жээнбековду колдобойт” деп таарынгандар болгон. Мен Бабанов менен Жээнбековдун программаларын салыштырып көрдүм. Жээнбековду бийликте турган Атамбаев ачыктан ачык эле колдоп жатты. Бабановду атайын жамандатып турду. Чындыгында Бабановдун программасы жакшы болчу. Анын коррупция менен күрөш, ипотека, айыл чарбасына насыя ж.б. боюнча пландары азыр реалдуу ишке ашып жатат го. Анын командасы да жакшы эле. Ал учурда акылдын, программалардын күрөшү болуш керек болот деп ойлогом. Ошонун баарына ынангандыктан, Бабанов өзү да чакырып калгандыктан, макул болуп колдогомун.

Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG