Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Матроним маселеси Конституциялык сотту жарга такадыбы?


Конституциялык соттун имараты.
Конституциялык соттун имараты.

Кыргызстанда “матроним” чуусунан кийин бийлик “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүгө киришти.

Жогорку Кеңеш 6-сентябрда документти биринчи окууда карады. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев чуулгандуу маселе боюнча түшүндүрмө чыгарган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон бүтүндөй курамынын кызматтан кетишин талап кылып чыкты.

Укук коргоочулар мындай аракеттерди Конституциялык сотту бийликтеги башкаруучу топтун колуна салып берүү катары сыпаттоодо.

Мыйзам долбоору кезексиз каралды

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жайкы эс алуудан кийинки алгачкы жыйынында “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кезексиз карап берүүнү өтүндү. Президенттин өтүнүчүн анын парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов окуп берди:

"Урматтуу депутаттар, ушул маселени бүгүн күн тартибине кошуп, жетинчи маселени күн тартибинен алып, ошонун ордуна кошуп берүүңүздөрдү суранамын”.

Президент тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн. Документ 18-июлда коомдук талкууга чыгарылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр “матроним” маселесине байланыштуу экенин белгилеп, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты. Ал “матроним” боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүнүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды:

“Бул чечим кыргыз элине, кыргыз улутуна абдан чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Мен өзүмдүн пикиримди айта турган болсом, ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз түрдө кызматтан кетиши керек. Анткени бул абдан уят иш. Кыргызга мындай кыянатчылык, кыргыз элинин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек эле. Айла жок, ошол чечимди оңдош үчүн ушундай маселелер кирип атат. Бул абдан жат көрүнүш. Андыктан мен Конституциялык соттун төрагасы баш болгон толук курамынын кызмат ордуларынан өз ыктыяры менен кетишин талап кылам”.

Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 5-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети биринчи окууда карап, жактырып берген. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Конституциялык сот өз чечимин кайра кароону демилгелөө укугун өзүнө гана калтыруу тууралуу корутунду бергенин билдирген.

"Конституцияны кайда алып барабыз?"

Комитетте депутат Гуля Кожокулова аталган мыйзам долбоору боюнча Конституциялык сот менен Венеция комиссиясынын корутундулары камтылбаганына көңүл бурду:

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

“Конституцияны кайда алып барабыз? “Конституциялык соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт” деп так, даана жазылган 97-беренени эмне кылабыз? Венеция комиссиясынын корутундусу жок болсо, эмне кылабыз? Сиз түпкүлүгүндө туура эмес салыштырууларды келтирип жатасыз. Сиздер ар дайым Конституциялык сотту басынтып, аны жалпы жарандык соттордун катарына теңеп коюп жатасыздар. Бул туура эмес. Алардын макамы бөлөк, максаттары менен ыйгарым укуктары таптакыр башка. Дегеле Конституция менен бир нерсени салыштыруу мүмкүнбү? Бул маселе негизи бардык эл аралык ченемдерди эске алуу менен чечилиши керек. Башкысы, өзүбүздүн Конституциябызга каршы келбеши керек. Сиздер киргизип жаткан өзгөртүүлөр ачык эле каршы келип жатат”.

Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө атасынын ордуна өзүнүн атын жаздыруу боюнча эки жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматы менен талашып-тартышып келет.

Конституциялык сот 30-июнда активисттин “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын карап, Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп тапкан. Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

"Конституциялык сот жок деп койсо болот"

Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачуу аракеттери ушул чечимден кийин башталган.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов жаңы мыйзам кабыл алынса, Конституциялык соттун ансыз да үлбүрөгөн көз карандысыздыгы биротоло жокко чыгарын айтат:

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

“Муну менен Конституциялык сот өлдү деп койсо болот. Анткени даттануу болгондо ошол эле чечим чыгарган соттор апелляцияда башкача чечим чыгарат экен да. Анын мааниси жөн эле соттордун колун кайрыган болуп атпайбы. Андай болбойт да. Сот чечим чыгарганда, ага туруп бериши керек. Эгерде президентке жакты деп оюн өзгөртсө, анда бул Конституциялык сот эмес. Бүттү, ушул мыйзам менен Конституциялык сот жок деп койсо болот. Мурун деле жок болчу, бир аз жыты чыгып жүрчү, азыр жыты да жок. Парламентке ансыз деле буйрук берип жүрчү, эми сотко да буйрук берет. Мисалы, чечим жакпаса эле “жок, кайра карагыла” деп коёт. Бул деген "ханституциянын" уландысы болуп жатат”, - деди Нурбек Токтакунов.

Конституциялык соттун “матроним” боюнча чечиминен кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям”, - деп билдирүү жазган. Анын пикири социалдык тармактарда сот тутумуна кыйыр басым катары талкууланган.

Конституциялык мыйзамдын долбоорун 6-сентябрда Жогорку Кеңеш биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алып берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG