Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Медиа коомчулук ЖМКларга басымды токтотууга чакырды


Кыргызстандагы медиа коомчулук жана жарандык коомдун өкүлдөрү Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу тууралуу арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда "өлкө башындагы аткаминерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө журналисттик иликтөө жасагандарга карата репрессиялар башталган тенденция байкалып жатканы" жазылган. Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирген жазуучу Олжобой Шакирдин камалышы мисал келтирилген.

"Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамы бийликти сындоого тыюу салбайт. Буга карабай, бийлик жаңы эрежелерин киргизүүдө. Ага ылайык, Кыргызстандын ЖМКлары бийликти начар иши үчүн сындоо укугунан ажырайт. Журналисттер өлкөдөгү көйгөйлөрдү ачык айта алышпайт. Бул үчүн ЖМКны жаап коё алышат. Укук коргоо органдары ЖМКга карата мыйзамдарды негизсиз жана одоно колдонуунун үлгүсүн көрсөтүүдө. Укуктук нормалар тергөөчүнүн эркине, жогору жактын көрсөтмөсүнө жараша каалагандай чечмеленип, “кулактан чоюлуп”, кылмыш-жаза мыйзамдары жана Кыргызстан жарандарынын конституциялык негизги укуктары көзгө илинген жок", - деп жазылган медиа коомчулук тараткан билдирүүдө.

Медиа коомчулук ушундай эле басымга бийликке альтернативдүү пикир айткан башка жарандар дагы туш болуп калышы ыктымалдыгын белгилеген.

“Клоопту жабуу демилгеси жана көз карандысыз ЖМКга карата болуп жаткан бүгүнкү болуп көрбөгөндөй басым - бул медиа уюмдар жана бийликке альтернативдүү пикир жарыялаган жана жогорку кызматтагы аткаминерлерди сындаган журналисттер үчүн эле жаралып жаткан коркунуч эмес. Бул азыркы бийликтин саясатына каршы келген пикирлерди ачык айтып жаткан бардык жарандар, социалдык тармактын колдонуучулары үчүн жаралып жаткан коркунуч. Сиздин айтканыңыз да "коомдунэмоционалдык, психологиялык абалына терс таасир тийгизген" деп табылып калышы ыктымал. Бийликтин риторикасы коркунучтуу, укук коргоо органдарынын аракеттери мыйзамсыз", - деп кошумчаланган маалыматта.

Анын авторлору бийликти эркин ЖМКларга карата системдүү басымды токтотууга, Кыргызстан элин эркин медианы коргоого, ал эми эл аралык коомчулукту эркин ЖМКларды жок кылуу аракетин сынга алууга чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаар прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерине мурдатан даярданып келгенин, артка чегинбей турганын айтты.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине “Барселонанын” академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, “Росатом” компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG