Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Кызганчаак жигиттин периштеси


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орозбек Айтымбетов жаш адамдын ышкы сезимин козгогон көркөм баян жаратуунун чебери эле. Учурунда анын “Торгойлуу талаа” баяны жарыяланган “Ала-Тоо” журналы тытылганча окулган. Бул ирет жазуучунун “Периште” аңгемеси тууралуу кеп кылуунун оролу келип туру. Калган кепти Бекташ Шамшиевден угалы.

Түнкү көчө

Жаштык-мастык турмушунда калтыс жагдайга кабылган сулуу кыз менен жигиттин таанышуусу калаты жагдайда өткөн. Арадан анча деле көп эмес убакыт өтүп экөөнүн мамилеси баштагысынан ысык, мурдагысынан жакын болуп калбадыбы. Бир күнү Абзийдин кезеги келип кемеси менен чыгыш тарапка сапар тартты. Кыз узатканы келген. “Райле, жакшы кал. Мен келгиче” деди, тигиниси “угу” дегендей башын ийкеди. Алдыда үч күн турган, анысы эмне, а-бу дегиче өтүп кетет. Бирок кыз да, жигит да узакка ажырашып жаткандай капалуу коштошту. Кыздын аты да, өзү да ага башкача сыйкырдуудай сезилчү.

Таанышканда атын Райле деген, ушундай да ат болот экен. Ошондон бери байкуш периштеси тууралуу эмне деген гана сөздөрдү укпады.


Кеме кош баржаны тартып порттон чыга бергенде оюна эмне кесе ошону балп эттирчү Жусуп “Муну кайдан таап алгансың?” деп атпайбы. Башка бирөө болсо тумшуктан ары берип алмак. Абзий анте албайт, кызарып-татарып унчукпай тим болду. Эркектин ушакчысы жаман, оозуна алы жетпеген тиги ушул порттон бирөөнү узатканын өз көзү менен көргөнүн, “балакай, мындайларга азгырылба” деп деле биртоп сөз айтты. Абзий аларын укканы менен укпагандай болду.

Экөө капыс жагдайда таанышып, ошондон бери эгиз козудай чогуу жүрүшөт, бирин-бири айттырбай түшүнгөн эки жүрөк көрүшпөсө сагынып калчу ысык мамилеге өтүп калган.

“Абзий түн ортосу ченде жолдошунукунан кайтып келаткан. Шаардын «көп айыл» деген жериндеги кууш көчөлөр башка жактарга караганда түнкүсүн күңүрт боло турган. Ошо тушка жеткенде мечит тараптан эки-үч эркектин кажылдагын, кайсы бир аялдын жалынып-жалбарган үнүн угуп калды.

Бир аз «кылт» этип алгандыктан анын көңүлү чак эле. Мындай ызы-чууга жакын жаны эч нерсени ойлоп отурбай эле, ошоякка бурула берди. Кууш көчөнүн кесилишине жете бергенде ал туура жактан келип кошулган чолок көчөнүн түпкүрүнөн үч жигиттин, бир аялдын караанын көрдү. Жигиттин бири аялды колдон алып бурчта турат. Берки экөө былчылдашып, мушташып атат. Бир маалда анын бирөө өлөрчө таяк жеп, каңылжарынан кан кетип, коркурап, эс учунан танып жатып калды. А сабап салган неме эми бурчта тургандарга келди.

— Коё бер, бу — меники!

Ошо тапта «айланайын байкебай…» деп жалбарган кыздын үнү да чыгып калды.

Абзий ошондо гана тигилер абдан кызуу экендигин байкады. Эми тиги коё берген жок көрүнөт, экөө кызды талашып, коколошо баштады. Ара-чолодо бошоно калган кыз бери карай тыз койду. Аны тиги кызуу немелер адегенде байкабады…”.

Мас балдар менен эмнеге жүргөнүн кийин Райледен сурабады. Ошол суук кечте байкуш кыздын абалы адам ыйларлык эле. Туплийи бир жерде калган экен, издеп жүрүп таап келди. Жоолугу да башка жерде калыптыр. Калчылдап коркуп калган кыздын кайда жашарын сураса, Мунай базанын артында деди. Анысы аябай эле алыс жер экенин экөө көчөдөн көчө кесип отуруп аябай чарчаган кезде билди, акыры жетишти. Абзий үшүгөн кыз жылысын деп плащын чечип кийгизип койгон, анысы шөлбүрөп деле бир укмуш көрүнүп калды. Жолдо келатып кыз анын кайда жашарын сурады. Айылда деди. Түн ортосунда ага кантип жетерин сурап, кабатырланганын билдирди. Абзий шаарда тааныштары бардыгын, ошолордукуна барып жатып аларын айткандан кийин кыздын көңүлү жайланды окшойт унчукпай калды.


Ошол чогуу барышта Райле Жусупту сураган. Абзий ишке орношконуна эки ай болгонун, иштегендерден эч кимисин тааныбастыгын айткан. Ошол Жусуп Райлени “сойку” деп атпайбы. Абзий эмнеге антесиң деп тигини такыбады. Жусуп да оюна келгенди оттогон керооз неме, бир чети ошонусунан чочулады. Райле биринчи таанышканда эле Көлдү, кемелерди жакшы көрөрүн, портко барып түнөргөн көл боюндагы тынымы жок кыймылды сурттан карап турганды жактырганын айтып берген. Кыз үйүнө жеткенден кийин тигинин аты Абзий экенин билип, өзүн тааныштырып, атасы жоктугун айткан. Ушунусу Абзийге абдан катуу тийди. Бет алдындагы арык, сулуу кыздын жоопкерчилиги эми өзүнө жүктөлөрдөн бетер ойлоно түшкөн.

“Абзий коштошуп бурула бергенде кыз аны чыканагынан акырын кармап токтотту.

— Ыракмат, Абзий! — деди.

Каректери чоң ыраазылыкка толуп, жадырап-жайнап турду. Анан күтүлбөгөн жерден эле өзүнөн саал гана кырдуурак, сымбаттуу, кара торусунан келген ыраң-оройлуу боз уланды мойнунан кучактай калып, таруудай меңи бар оң жаккы ууртунан чоп эттирип алды. Абзийдин жүзү чымырай түштү. Ууртун сыйпалап, эмне кыларын билбей калды. Өзүнүн да «кылт» этип алганына карабастан, тигинин да саал кызуу экендигин сезди.

Кыз шарт бурулуп, бирөө кармап калчудан бетер ылдамдай басып, дарбазадагы эшикти ачып кире берерде жана токтоду да: «Ыракмат, Абзий!» деп дагы бир ирет назик унчукту. Кийин каалганы карс жаап, илгичин шарактатып илди.

— Ой, жинди кы-ыз… — Абзий турган жеринде делдейип кала берди. — Ой жинди-и…

Кийин алар негедир тез-тез жолугуша турган болуп алды. Адегенде ал Абзийге алаксыш үчүн гана болуп аткан анчейин иштей туюлду. Анан, жүрө-жүрө ниети чаап, Райлени өзү бура тартып өпкөн күн да келди. Анан… Кайсы бир курбусунун туулган күнүнүн үлпөтүнө барып, ошоякка түнөп калган кырдаалга жетти.
Ошо күндөн тартып анда кызгануу оту пайда болгон…”.

Жалындаган алоо өрткө кабылган экөөнүн сезими аябай күчөп аз убакыт көрбөй калышса сагынышып, бул жашоодо экөө гана бардай өзгөчө толкундап жүрүштү.

Кызганыч

Ошондой күндөрдүн биринде, чыкыроон кышта кино көргөнү барышып Абзий билеттин кезегинде турганда кырктардагы бир кишинин эч тартынбай Райлеге келип учурашканы аны кызык абалга калтырган. Райле да жылмая учурашып, экөө катардагылардан бөлүнүп чыгып сыртта көпкө сүйлөшкөн. Абзий деле жоктон бетер тиги кишиси да, мунусу да киного билет алганы чыккан бечараны унуткансып сөзү бүтпөй кыйла туруп калышпадыбы. Аларды карап турган Абзий кезегин таштап сыртка чыга бергенде артынан кызы чуркап жете келди. Ачуусу ушунчалык келген экен, тиги байкушту жаакка бир тартып, жанына жакын келбешин айтып кадамын катуулатып жүрүп берген. Байкуш кыз жок жерден таяк жегенине кайыл болуп Абзийдин артынан калбай үйгө чейин чогуу келген. Ошондо кала берсе ортолук мамиле сууп, минтип Абзий өсөк сөзгө кабылбас беле, ким билет.

“Райле жарашыктуу кийингенди жанындай көргөн бийкеч эле. Кийген кийими бешенесине жарашып Абзийдин жанында жүрсө, боз уланга дүйнөдө ушул гана керектей сезилип кетүүчү. Бирок ушундай ысык сезимиңе тизгиндеше ич тарлыгы да кошо жүрүүчү. Кокус, Райле бирөөгө күлүп же кайсы бир эркек менен саламдашып койду дегиче, чоң балээге калды дей бер… Ошол ич тарлыгынан болсо керек, кийин Райле мурдагы иштеген жеринен бошоп, үйүнө отуруп калган да жайы бар.


«Бул мен дегенде эмнеле мынча бүлүнөт? — Абзийдин кыжыры кайнады. — Эмнечүн көңүлү калбайт?..».
…Түн бою уктай албай, кыйналып чыкты…”

Антип кыял сезимине берилип жата берсе эзилип калчудай. Ал күнү кеме көлдүн кыйла жерине күрсүлдөп жүрүп отуруп жетип калган. Матростор ошондон пайдаланып капитан көрүнбөдү бекен деп даярдап алып чыккан чубалган балык торун көлгө ыргытышты. Ал кезде көлдө балык деген толтура, тез эле тору оорлошуп калгандан кийин аны тартып чыгарууга киришти. Балыкчылардын “дагы тарт, бол, тез” деп бакырыгына, кызыган ишке алаксып Абзий да кыйнаган оор ойлорун унутуп, көпчүлүктүн күүсүнө кирип кетти.

Каракол портуна жеткенде жолдо келатып уурданып кармап алган балыктарды алып Жусуп шаарга кетти. Кемеде Абзий жалгыз калып кайрадан оор ойлоруна чөмүлдү. Жеңил ойлуу кыз менен жүрүп алганына өзүн айыптуу сезип, ушул барышында ортолук мамилени үзүп коюуну ойлоно баштады. Бирок кантип? Ал канчалык жаман көргүсү келсе деле кыздан шарт кол үзүп кете албай, жек көргөн сайын ышкысы артылып, сүйүү менен жек көрүү чогуу келип, айласы алты кетип жаткан. Бул өзү оор экен.

Жолдон уурданып тутуп алган үч мүшөк балыгы үч жүздөн ашуун акчага кетиптир. Аны үчөө бөлүп алды. Бир корзина толо арак менен шарапты да шыпкай ичип түгөтүштү. Булардын жашоосу ушундай, Балыкчыдан Караколго келгиче капитанга билгизбей тор жая коюшуп үч-төрт мүшөк балык кармап алышат да аны шаарга алып барып сатып, акчасына арак-шарап, ашканын тең бөлүшүп, ошого ыраазы болуп жүрө беришет.

Абзийди ойлонсо оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген Райле чочута баштады. «Башымды айлантып алганбы?» деп шекшине кетти. Ойлобоюн десе да оюна түшө берди. Ою такыр эле андан алыстай албады.

Кыйла кыйынчылык менен акыры Балыкчыга жетишти, түн ооп калган, жамгыр болсо чакалап куюп жатат. Байкуш Райле жамгырга чыланып аны күтүп туруптур.


“Бийкеч жаанга жедеп чыланып калган экен. Тармалданган чачы салаа-салаа болуп, саамайы ылдый эки жаагын жаап, чачы ылдый мойнуна жаандын мөлтүр тамчылары шорголоп, жаш денесин чайып, андан ары жашыл плащына, кызыл жол-жолу бар жибек көйнөгүнө, андан ылдый ак балтырларына, туфлисине, көк чөпкө сарыгып жатты, жаан аны жууп атты…

Кыз аябай үшүп калса да жүзүнүн агы ак, кызылы кызыл тартып, өтө эле чырайлуу болчу. Анын эмки кейпине иймекей калың каштары да куюп койгондой жарашып турган. Да бир кызыгы — анын көзүнө жанатан бери бир адамдан башкасы такыр… такыр эле көрүнгөн эмес…

— Келдиңби, Абзий!

Матростун портфели колунан түшүп кетти да, бийкечке умтулду. Бирок жете берип токтоло калды. Анын муз менен таш болуп калган назик колдору колдоруна урунганда өзүнүн үшүгөнүн унутуп калды".

Анын буга чейинки кызгануулары, жаман ойлору заматта жоголуп, маңдайында турган сулуу кыздын жадыраган көрүнүшүнүн артында бир да жаман нерсе жоктугун, Абзий үчүн отко десе отко, чокко десе чокко ойлонбой бой урарын, анан ушундай адам тууралуу аркыл оосар кептерге ишенип, шектенип, өзүнөн-өзү жипкирип, айнып келишине биралдын уялып, махабат сезими эч качан айыптуу болбостугун эстеп толкунданып турду.

Жамгырдын жааганы, түнөргөн көл, чарт-чурт жанган чагылган, анан кыздын “адалдыкка малынган мөлтүр көздөрү өзүнө гана арналып турганын кареги чалды”. Абзийге ушул керек эле, башкасынын баары маанилүү эмес болчу.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG