Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Эне күткөн жаз, күлгө айланган күйүт


Согушка кеткен эки агасын эне акыркы деми калганча күттү, келип калар деген үмүт аны жарым кылым ашуун сооротуп жүрдү. Жалындаган боорлорунун чоочун жерде кепинделбей жерге берилгенин ойлоп күйүтү күчөп кетчү. Айбек Абдылдаевдин “Чоң энем күткөн жаз” аңгемесиндеги арман-күйүт миллиондорду бүк түшүргөн.

Күтүү

Айбек Абдылдаевдин “Чоң энем күткөн жаз” аңгемеси мага айылымды, төрт баласы менен күйөөсүн канмайданга узатып, алардын бирөө да кайтып келбей, кайрандарын эскерген сайын шуу үшкүрүп, күйүткө биротоло басылып калган Айымжан эжеми эстедим. Узун бойлуу, куюлуштуруп сүйлөгөн сөзмөр, тайенемдин бир тууган эжеси болчу. Басса-турса урушка кеткен төрт уулун, биринчи болуп улуусу Ташымды чакыртышканын, кыйлага андан кат келип турганын эстеп шуу үшкүрүп, басса-турса кайрандарын эскерип отурчу. Айылдагылар эжемин төрт уулу качан кеткенин, кат кайсы убактан тарта келбей калганын так билишчү. Эжем өмүрү өткүчө күткөн балдары менен күйөөсү кирип келчүдөй күндөрүн күтүү менен өткөрдү.

Өкүнүчкө, антип бир үй-бүлөнүн эркек танасынын баарын согуш жалмап, жабылып кеткендердин бирөөсүнүн да артына кайтпай калган армандуу тагдырлар совет заманында көп болчу. Алар тууралуу көп айтылды, арбын жазылды, сай-сөөктү титиретчү чыгармалар жаралды. Бирок да анын баары жакындарынан ажырап, күйүтү күлгө айланып калгандардын арманын бөксөртө албайт экен. Анын үстүнө совет заманында согушка кеткен жакындарынын дарек-дайнын табыш оголе оор жумуш болчу. Чоң борбор Маскөөгө улам-улам кат жазып, уруш талаасында калган кайрандардын дарек-дайнын табыш кыйла убакытты, эрикпеген эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылчу. Анын үстүнө арыз ээси өтүнүч-суранычын орус тилинде так, даана туюндурушу керек эле. А мындай ишке кат-сабаты чала-була ачылган же таптакыр сабатсыз карапайым калктын баары эле батына берчү эмес.

Айбек Абдылдаевдин жазды күткөн чоң энеси да мектептен билим алган эмес, бойго жеткени турмуш арабасына чегерилип, калган өмүрү эки бир тууганын эстөө, эскерүү, арман-күйүт менен өттү. Эне деген жалпылама аттын артында катылган жарым кылымдан ашуун убакытка созулган күйүт, арманды эненин небереси гана аңдап, эр жетсе тагаларын өзү издеп табарын айтып отурбайбы. Энеге ушул керек эле. Баласы Маскөөгө арыз жазганы менен жооптун келиши арасат экенин билет, антип убара тарткысы да келбейт. Убакыт болсо өтө берет, апасынын ичиндеги арман-күйүтту баласы менен келини гана билишет. Эне жаз келгенде агалары жарк этип кирип келчүдөй илгери үмүткө алдана берет. А бул үмүт дегениң өлбөйт тура.

Эненин пенделик бактысы - аман-эсен күндү көрүп, жазды тосуп алуусу. Ошон үчүн күн сайын Жараткандан “жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп алууну” суранат. Өмүр дегениң билинбей кете берет, жадыраган жаз ордун алоолонгон жайга өткөрүп, андан коңур күзгө көчүп, соңунда аяздуу кыш келет. Мына ушул төрт учурдун ичинен энеге жаз жакын. Жадыраган жакшы күндөрдүн биринде анын эки агасы урушка кеткен. Башкаларчылап артын кылчак карап жашыбай, өзүн да, башкаларды да кыйнабай шарт жөнөшкөн. Алар алыскы сапарынан кайтпай каларын билбей калды окшойт. Непадам, жамандыктан шек-шыбаа болсо жакындары менен жакшылап коштошор беле, ким билет?!

Экөөнү эзилип эстеген жалгыз карындашы гана. Үйлөнө элек, жашоо-тириликтин түйшүгүнө басыла элек жапжаш жигиттер урушка чакырык алгандан кийин барыш керек дешип кете беришкен. Канмайдандан кайтпай калган кайрандарды согуш чыкканда чуркап жүргөн секелек, ушу тапта балпайган байбиче болуп калган эне гана эстейт.

Кечиккен жаз

Жазында үйдөгүлөр короодогу бактын көлөкөсүнө төшөк салып, тамак-ашын ошол жерден ичип, башка убакта бутту кенен сунуп салкын жерде эс алышат.

“Жазды энем өзгөчө тосуп алат. Чоң эне деп айтпайт биз тарапта, эне дейбиз. Энем күнгө кактанып, бостектин үстүндө көз байланганча жатат. Ага келип кеткен катын-калач көп айылда. Жанында эч ким калбай калса, колу бош болгонубуз олтура калабыз. Атам менен апам ошентип кулакка куйган:

-Энеңердин эрмеги болуп тургула!

Карындашым бөкчөйгөн энемди бакка жетелеп келди. Бир топ жыл мурун “энеңдин жонунда дарбыз бар” дешсе, чын эле күмөнсүп, кармап көргүм келчү. Азыр ага ишенбейм! Эс тарттым, энемдин жонунда басып өткөн өмүр жолундагы жүк бар экенин билем. Аны карыганда баарыбыз көтөрөбүз ошол күнгө жетсек. Бул менин сөзүм эмес, мага апам ошентип айткан.

-9-майда мектепте футбол мелдеши өтөт, мага кроссовка керек, – деди иним.

-Бутуңда мыгың барбы, күздө эле алып бердик го, – деди апам.

-Тамагыңарды ичкенден кийин боз үйдүн кереге-уугун сырдайбыз, – деп койду атам, иним көтөргөн маселеге чекит коюп. Жайлоого камынат экенбиз эми. Майдан баштап жайлоого көчө башташат. Биринчи малы көптөр кетет. Анан майдын аягына барып эки уйлуу, бир уйлуу кишилер дагы көчүп барышат жайлоого. Үй-бүлөдө сегиз жанбыз. Агам экөөбүз быйыл бак-шакты карап кыштоодо калабыз. Былтыр менден улуулары калды эле, бирөөсү шаарлап кетти. Эми менин кезегим жетти. Анан эки иним калат, мен дагы шаарлап кетем го. Айылда ушундай, эр жеткени шаарды көздөй кете берет. Бирок кайрылып келгендери аз, ошол барган шаарынан орун-очок таап, айлап-жылдап бир келип турушат”.

Элеттик бейгам турмуш. Жазында айылдагылардын көбү жайлоого көчүшөт. Күн жылыганы айылдыктардын ойлогону жайлоо болуп калат, жайкы аптапта ысуулап айылда отурганча таза аба жутуп жайлоодо ээн-жайкын жүргөндү жакшы көрүшөт. Жайлоодо эт-аш, кымыз көп, эриккенде ат минип аңчылыкка чыгып, күндөлүк майда-барат түйшүктөн кутулуп, бир жай ичи жайлоодогулар жыргап эс алып келишет. Албетте, ал жердин деле өзүнө ылайык түйшүгү бар, эрте туруп жылкыларды жайыттан айдап түшүү керек, кулундарды желеге байлап, саалган уйларды айдап коюш, койлорду жайып келиш сындуу билинбеген жумуштар деле толтура. Анткен менен жайлоодо кара жумуш дээрлик жокко эсе. Бул ирет жайлоого даярдык боз үйдүн ууктарын боёодон башталды. Салкын кенен жерде энеси менен бул үйдүн карыган итине деле жакшы. Ит да карып, колго тийген тактайлардан кураштырыла калган үйүнө жаткысы келбей, кышы бою тандырдын алдында түнөп чыкты. Күн жылыганы жүнү үксүйүп жүдөгөн байкуш ачык жерге чубактап жата калчу болгон. Үйдүн бир бурчун ээлеген кемпир быйыл жаздын келишин өзгөчө ынтаа менен күткөн. Көрсө анын себеби бар экен.

“Энеме деле быйыл оңой болгон жок окшойт. Февралдан баштап эле күн санап, чилдесин чыгарып, анан токсонун чыгарып:

-Жерге амал кирди, жаз келди,- деп зарыга күттү. Акыркы күндөрү күбүрөнүп, шуу үшкүрүп сабыры түгөнүп бараткан эле. Биздин айылда өрүктөр апрелге барып гүлдөйт. Бирок быйыл кыш марттын этегине чейин каарын төгүп туруп алды. Апрелдин үчүнчү аптасына барып күн жылыды. Жазды эмнеге күтөрүн жакшы билем, энем агаларын күтөт. Көрсө, эки бир тууганы согуштан кайтпай калган экен. Кайсыл согуш болмок эле, ошо 1941-жылдагы согуш!

Кат-кат тырышы баскан бетин, билинер-билинбес калчылдап турган башын, чүрүшкөн арык колдорун карап олтуруп кээде зээним кейип кетчү. Эх, карылык! Бул киши да өз мезгилинде жапжаш солкулдаган кыз болгонун, болгондо дагы сулуу кыз болгонун улуулар айтса, такыр элестете албайм десең. Апам тепшиге салып жуунтуп жатканда, чоң энемдин бир тутам эле чачы калганын көргөм. Калганын сүрөттөп айтып бере албайм. Мага абдан коркунучтуу көрүндү ошондогу кебетеси. Эми жазды күткөнүн айтайын.

Өзү минтип айтат:

-Согуштун экинчи жылында ала-шалбыртта Тиленбай акеме пронтко чакыруу келди. Эл дөбөгө топтолду, биздин айылдан төртөө-бешөө чакырылган экен. Башкалар баарыбыз менен коштошуп жатса, Тиленбай акем эч кимге кош дебей, атына камчы басып артын карабай чаап кеткен! Өткүр кылычтай болгон шар неме эле, кайраным… Анан артынан Төлөнбай акем кетти. Эсиме жара чыкпаса, согуш бүткөнүн күн жылып, жер көктөп калган мезгилде укканбыз…”

Согуштан жүрөгү түшкөн калк каны-жанынан жаралган балдарын айласыз канмайданга жөнөткөн. 1916-жылдагы апаат, анан “эл душмандарын” жазалоо жараяны элдин үшүн биротоло алып, айрымдары гана карабашын калкалап качып кетпесе, көбү урушка аттанган. Тил билбегени, согуш өнөрүнөн окчун калганы деле эске алынган эмес. Мылтык кармаганга жараган азаматтарды күргүштөтүп батышка карап айдап, алары боо түшүп кырылып, жоюлуп атканы менен деле иши жок, миллиондордун жок болгонуна карабай, кайышкан душмандар канабайрамды катуу салышкан. Канчалаган азаматтар айылына кайтпай калышты. Эненин эки агасы кеткен бойдон келишпеди. Агаларын ажал аңдыган апаатка жөнөткөн секелек кемпир болду. Баланын апасы келин болуп келгенине кырк жыл болгонун, ошондон бери эле кайненеси жазды күтүп, акелерин оозунан түшүрбөй айтып келгенин эстеп атпайбы.

“Кара жолду карап жатат керелден-кечке. Арадан сексен жыл өтсө дагы ошондогу отуздун кырындагы агалары картайбай, ошол калыбында жетип келчүдөй боло берет. Бирде кызык окуя болду. Жогорку айылдан согуштан дайынсыз кеткен бир кишинин неберелери архивден чоң атасы көмүлгөн жерди тааптыр деген кабар айылды солк эттирди. Баарыбыздын сөз кылганыбыз ошол. Чоң энем дагы олтура албай калды.

-Архибиңер эмес, силердин колдон келеби,-деп.

-Ал Москвадан экен, ал жакка ким барат,-деди атам энемдин үмүтүн өчүрүп. Байкушум көпкө чейин сүйлөбөй, бизге артын салып таарынды.

-Эне, мен мектепти бүткөндө шаарга окуйм. Ошол архивден издеп акелериңизди табам,-дедим.

-Айланайын атам, тилегиңи берсин!

Энем буулугуп турган экен жашып кетти. Кат-сабаты жоюлбаган киши болчу энем. Бирок көкүрөгү көрөгөч, даанышман болгонунда шегим жок. Элдик ырларды куюлуштура сүйлөп, кошокторду айтып калчу. Апамдын айтымында акылман аял болгон. Он сегиз жашымда келин болуп келип, ушул кишиден бир жаман сөз укпадым дейт апам”.

Эне канмайдандан кайтпай калган агаларынын белгисиз калып кеткенин ойлоп санаа тартат. Жарым кылымдан ашуун агаларын күткөн эне кийинки жылдын жазына жетпей калды. Анын кайтпай калган агаларынын дарек-дайынын небереси издеп жүрүп акыры интернеттен тапты. Алардын аты-жөнүнүн тушунда “дайынсыз жоголгон” деген жазуу турат.

Экинчи дүйнөлүк согушта совет өлкөсүнүн канча адамы антип дайынсыз жок болгону эмдигиче тактала элек. Бийлик башындагылардын кабак-кашына жараша алар тууралуу ар кыл сандар айтылып, Мекен, Ата журтум деп курман болгондордун так санын аныктап чыгууга бир да өкүмдар кызыкпады.

Согуш биринчи иретте энелердин көз жашы, жаш балдардын азап-тозогу, эр жигиттердин кырчындай өмүрүн алган апаат. Аны жакынынан ажарагандар өзгөчө сезет. Аңгеме ушул жөнүндө.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG