Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:22

Түшүнөн чочуган жигиттин баяны


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыялый нерселерге кызыкпаган жаш адамдын жаман түш көрүшү эсин эңгиретип, таңдын атышы азапка айланды. Күн чыга электе үйүнө жетип барса апасы кечээ эле кеткен баласынын эрте келишине таң, уулун тирүү көргөнүнө ыраазы. Токтосун Самудиновдун “Жаман түш” аңгемесинде сүрөттөлгөн окуянын чоо-жайына кайрылабыз.

Азаптуу түн

Токтосун Самудиновду кыргыз окурмандары ириде акын катары билишет, аны балдар акыны, кыргыз поэзиясына кенен жайыла албаган пародия жанрынын корифейи деп эсептешет. Алдыда сөз болчу “Жаман түш” аңгемесин окуган соң непадам ал ушул жаатта эрикпей отурса, бир топ ийгиликтерди жарата аларына ынанбай койбойт. Аңгеме түштөн башталып, соңу эне менен баланын ортосундагы билинбеген байланышка, бекем чырмалышып калган ой-сезим, туюмдарга барып такалат.

Акын болом деп жүргөн сезимтал жаш адам бир жолу жаман түш көрдү. Бу балакет түш дегениң ойдо жок жерден пайда болуп эсиңди эңтерип, ойлогон сайын санаага капталтып, кыйла эңги-деңги кылат. Көрбөйүн деген сайын күчөп, ойдо жок жерден аң-сезимиңди алай-дүлөйгө салып, кыйлага түшүңдө көргөнүң өңүңдө кайталанчудай сестентип, эчен убайымга салмайы бар. Бала болгону ал көп эле түш көрдү, баары эсинен чыгып, башкаларына маани деле бербей унутулуп калчу. Мындай жаман түштү көрө элек болчу.

Башкалар көргөн түшүн жарыя айтып, айрымдары жорутуп же өздөрү эле бүтүм чыгарып, жалаң түштү кеп кылып отурушканын укканда ичинен жактырбай, ушуга да убактысын кетиришеби деп ойлоп койчу. Ошондой күндөрүнүн биринде түш адамдын ойлогон оюнан пайда болорун, эсинен чыкпаган нерселер элес болуп кирерин бир жерден окуганы бар. Анын үстүнө муну менен чогуу жүргөн, сырдаштардын баары негедир көргөн түштөрүн экилентип айтканды жакшы көрүшчү.

“Өнөр кесипке үйүр, табиятында акын чалыш адамдардын түшүнө кээде жер бетин бербеген кызыл-тазыл гүлдүү майсаң же батып бараткан күндүн кызгылтым нурларына толкун ойноткон көл бети кирерин окуп алып, өзүнчө компоюп койчу”. Бактысына андай түштөр кире элек чагы эле.

Баарынан да анын түшүнө сулуу кыздар кире элек болчу. Ойлоп көрсө бул кези кайсы бир сулууга арзуусун айтып же аны менен кыналышып, дене-бою өрөпкүп, махабатка балкыган кезге жете элек, азырынча балалыктын баёо учуру экен. Анан эсин эки кылган жаман түш көрүп, түн ортосунда эмне кыларын билбей айласын таппай отурду.

“Өпкөсү көөп, жүрөгү көөдөнүндө эмес, сыртында согуп жаткансыйт. «Капырай, дүкүлдөп балдарды ойготуп жибереби» деп көкүрөгүнө жаздык басты. Алма-шөлмө суу. Колу тийгенде селт эте түшүп, анан көз жашынын акканын туя койду. Жүрөктө бир жер туз куйгандай ачышып, али басылбайт.

«Түшүм эле болсо экен», - деп ойлоду ал. – «Түш түлкүнүн богу» дешет ко. Ылайым эле ошондой болсо экен. Байкуш апам, байкуш апам! Өлбөсөң апа, өлө көрбө, апа, ап-аа!».

Аяккы сөзү ичинде айтылдыбы же угуза айтылдыбы, өзү да сезбей, элтеңдей эки-жагын карап алды. Анан калса Айткулунун коңуругу бирде мууздап жаткандай корулдап, бирде муунтуп жаткандай кырылдап, ансыз деле коогалуу түштү ого бетер коркунучтуу кылып таштады.

Өсөр керебетин кыйч эттирбей акырын ордунан турду. Кепичти кийип тарпылдатып отурайынбы дегенсип, жыңайлак коомай басып, Айткулунун жанына барды. Кулагына эңкейе берип «Айтике, ай Айтике, оң жамбашыңа оодарылчы. Коңуругуң уктатпай жатат» - деп айтайын деди, бирок башка чапкандай кайра кайтты. Оюнда анын коңуругунан миң эсе кыйын нерсе турду: Энесинин өлүшү. Жалгыз энесинин өлүшү. Көңүлү катуу чөгө түштү. Жер астын-үстүн болгондой теңселе, керебетинин кырына аяр көчүк басты. Жаагын таянып, терезеден жымжырттык менен буурул караңгылыкка чөккөн көчөнү карап отурду. Эгер ушул тапта бирөө келип, «эмне шылкыясың?» деп койсо эле өкүрүп-өксүп жиберчүдөй".

Анын көргөн түшү менен кимдин иши бар, шаардыктардын текши баары уйкунун кучагында жаткан. Бир дыбырап төгүп кеткен жамгырдан кийин шаар кыйла сергип, дарактардын сууланган жалбырактары электр жарыгына жылтырап, тоо тараптан соккон жел абаны салкындатып, керемет түн созулуп жатты. Анын баарын Өсөр байкаган жок, капыс баскан кайгысын кантип чыгарышты билбей эси эңгиреди. Сырттагы салкындык жылуу бөлмөгө кирбей, ансыз да маанайы пас баланын көңүлүн чөктүрдү. Ушундайда жаныңда сырдаш жакын адамың болсо, атаганат. Ага көргөн түшүн айтып бермек. Апасы түшүндө өлүп калганын, кыйын саатта эмне кыларын билбей отурганын жашырмак эмес.

Ысыктан жүдөгөн шаар кез-кез ушинтип жамгырдан кийин сергип, салкындыкка мемиреп каларын биринчи ирет көрүшү. Ой басып отуруп салкында чыйрыгып калганын эми сезип, керебеттен шыпырылып түшкөн одеялын көтөрүп жатып мындан ары шаар аз-аздан кыш камылгасына өтөрүн, табият ызгаардуу кышка даярданарын сезди. Ушундай учурда апасынын түшүндө өлүп алганы, окуу деле мээнет го, билим алуунун аркасы менен тапкан акчасын апасынын көрбөй өтүп кеткенин эстеп ичинен түтөп турду. Дагы кыйлага кайгы басып отурат беле, тар бөлмөнүн бир жагында капарсыз уктап жаткан жолдошунун коңуругу азыткы ойдон алаксытып жиберди.

Маалкаткан таң

Апасынан айрылганына ичи өрттөнүп, баласын шаарга жөнөтүп коюп айылдагы үйдө жалгыз калган боорукеринин минтип жер жазданып алганы жүрөгүн жара тилип өттү. Антип жакын адамынан айрылып, кайгыга басырылып отурган жолдошунун акыбалы менен иши жок Айткулуну кокодон алып жаткан жеринен тургузуп, суук кабарды айткысы келди. Өсөр жаман түшүнөн оңоло албай, апасынан айрылганына айныксыз ишенип отурса тигинин жатканын кара. Душман кылбас ишти жасап жолдошуна кайрат айтыштын ордуна керилип жатып коңурукту кош тартып уктап жатат.

Минтип отура берген болбойт. Шаардын турмушу өз калыбында жүрүп жаткан, Өсөрдүн ичинде эмне ит өлүп жатканы менен кимдин иши бар. Жолдошу корулдап барып тынчып, кайра эле жылуу абаны оп тартып бөлмө менен бир болуп жыргап уктоодо. Айткулуга ыза болгондон пайда жок. Таң аткандан түн киргенче күүлдөгөн кыймылга толгон шаар бир аз тынч алып, айланага көчө боюндагы жарыктар гана кыймыл берип, таңдын атышын күтүп жаткандай сезилди. Зымга байланган троллейбустардын уңулдагы, автобустардын ыкшоо кыймылы жок жылтыраган көчө туру.

“Зарыга күткөндө таң да атпай калат. Таң куланөөк салса эле жөө болсо да автовокзалга, андан ары айылына, апасына жөнөмөк. Ушул тапта түбөлүк уйкуда созулуп жаткан апасынын кашына бармак. Өкүрүп, өксөп, айгай салып, колтуктан алгандарга ээ-жаа бербей жулкуна көшөгө ичиндеги апасын басып жыгылмак. Ботодой боздоп, өзү туулуп-өскөн жапыс тамын үч көтөрмөк. Болгон бардык бугун, атасы согушта өлүп, ага көз жашы кыла албаганын да, туугандан жолу болбой көргөн ызасын да… Койчу, бардык ич күптүсүн дал ушундан чыгармак.

Өсөр оор улутунуп алып, жашка толгон көзүн колунун сырты менен сүрттү. Каңырыгы түтөп, ачуу кермек бирдеме дал кекиртегине тыгылып калгандай болду. Өзүн күкүктүн баласындай жалгыз сезди. Келинчеги тургай, сүйлөшүп жүргөн кызы да жок экени ого бетер кабыргасын кайыштырды. Баарынан энесинин өгүнкү сөзү эсине түшүп, мына эми бүткөн боюн тер басып, жаналакетке салып, ысып чыкканын көр». Байкуш апам менин андан ажырап, ушундай күндө каларымды алдан туйган экен го. Болбосо эмне үчүн «каралдым, акыл-эстүү колукту камдай жүр. Сага арка-жөлөк ошо болот. Мен куруюн. Көнөк оорулуу жанга ишеним барбы?..» деп эки-үч курдай айткан. Көз жумарда адам кыйышпас адамына керээзин айтат дешчү эле. Керээзи ушу экен го. Мага акыркы айтаары ушу экен го…".

Акыры таң куланөөк аткан чакта машине күтпөй жөө эле автовокзалга жетип келген Өсөр айылга кетчү автобусту күтүп отурду. Мындайда таңдын атмагы да маалкатып узакка созулганын айт. Акыры Сокулукка кетчү автобустун орундуктарынын бирине олтуруп үйүн карай жөнөп берди. Жолдон түшкөн деле киши болбоду, айылына жетип үйүнүн жанынан түшүп калса, Асанбек деген алысыраак тууганы аялы менен аялдамада турган экен. Учурашып атканда анын “сен окуйм деп, чокуйм деп жүрүп…” – дегенде эле жүрөгү оозуна тыгылды. Аны окуу деп жүрүп оорулуу энеңди бакпай жутуп тындың деп укту.

Өсөр оозунан арак буркураган агасынын суук кабарды маалкатып айтпай жатканын башкага жоруп, айтыш кыйын да, болору болгон экен деп угузууну күтүп турду. Айла жок, кимдир бирөө айтышы керек да аны. Асанбек аны айтпастан Өсөрдүн арык кебетесин, ага караганда кантсе да кой багат эмеспи, курсагы ток, дурус жашап жатканын кобурап кирбеспи. Айылдаш агасынын мунун кайгысы менен кандай иши бар, эт менен аракка тойгонуна корстон болуп, кайдагы сөздү айтып калп каткырып жатпайбы. Балким мас болсо да суук кабарды биринчи айткысы келбегендир, башка бирөөлөрдөн угат дегендир. Кимиси айтса ошонусу айтсын, элден окчунураак айыл сыртындагы таман жолго салды. Аны менен жүрбөгөнүнө деле кыйла болуп калган.

“Азыр күз. Анын үстүнө адам буту баспагандан кийин баягы таман жол ордуна куш конбос, алабата, төө куйрук өсүп, түнт тартып, калаган чийдей. Өсөр суу алдында сүзүп бараткансып эки колун созуп, өскүлөң куурайларды бетинен оолактата аралай жүрүп отурду. Башы бышып, чаңдак тарткан куурайлар бети-бешын ачуу чапкылайт. Демди аптыктырып, кермек даам көкүрөктү кырып өткөндөй болот. «Турмуштай кекчил нерсе жок экен го, - деп ойлоду Өсөр. – Ал акыры өчүн алып тынат тура. Кечээ эле бул жерден дүйнөкапар ойноп өтчү эмес белем. Кечээ эле апамдын мага айткан акыл-насаатын көп жактыра бербей, укчу эмес элем го.

«Колдо бар алтындын баркы жок» деп бекер айтпатыр да. Көрсө, кетирген ар бир жаңылыштыгың байкоосуз жоголгон буюмундай ың-жыңсыз кетпейт тура. Ал акыры, эртедир-кечтир жооп кайтарат турбайбы!

Ал эми гана түнт токойдон чыккандай жеңил дем алды. Үстүн чала күбүнүп, арыктын боюндагы эски жолдун нугу менен ылдамдай басты. Куурайдын чаңы чекесинен чыпылдап чыккан терине көөлөнүп, колу менен сылап алганда темгил изин калтырды. Эки көзү айылдын аягындагы жапыс тамда. Анын оюндагыдай котологон эл жок. Жол башын элейе караган адам деле байкалбайт. Азга аярлай басып, «уу-чуу чыгар бекен?» - деп да тыңшап көрдү. Эч нерсе угулбайт. Мына ушундай жымжырттык анын жүрөгүн ого бетер азоо тайдай туйлатты. Оюна нелер келбеди: «Менин кайсы күйөр тууганым бар эле? Чүкөдөй кемпирди ары-бери жерге жашыра салып, тарай беришкен го…» - деп кайышты ичинен”.

Мындайда жаныңда бирөө болсо жакшы, күйүткө баткан жанды жөлөп-таяп, көңүл айтуу адамгерчилик болмок. Андай киши жакын арада жок. Эшик алдына кантип жеткенин байкабай, көзүнүн жашы он талаа болуп “апа!” деп кыйкырганы өзүнө акырындай, аянычтуудай угулду.

“- Өсөкө, сенсиңби? Эмне, айланайын. – Апасы үйдөн ыргып чыкты. – Жайчылыкпы? Кечээ эле кетип…

Өсөр эми кайраттана түштү. Апасына ийиле берип, ага адатынча моюнун тосту.

- Коркуп кеткенимчи? – деди апасы уулунун мойнунан колун бошотуп жатып. – Жүрөгүмдү бир болк эттирдиң, чунак.

Эне уулун алдыга жиберип, үйгө кир дегендей ишарат кылды.

- Деги, жайчылыкпы? – Апасы босогодон аттабай жатып дагы сурады.

Өсөр бирдеме айтайын деди, бирок оозуна эчтеме кирбеди.

- Эмне, бирдемеңди унутуп коюпсуңбу?..”

Кечээ эле кеткен уулунун таң атпай кирип келгенине ишенип-ишенбей апасы тердеп-кургаган жалгызын ушундай бир мээрим менен карап турду. Уйкудан чоочуп ойгонгон уулу таңдын атышын эңсеп кантип келгенин апасы кайдан билсин, ыр жазган көк дептер деп ушунча убара болгон чүрпөсүн ысык мээрим, муңайым кусалык менен карап турду.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG