Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

“Кыргызстанда эки аптага жете турган эле ун калган учур болгон”


"Кыргызстанда эки аптага жете турган ун калган учур болгон"
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:32 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу “легендарлуу парламенттин" депутаты, Улуттук статистика комитетинин мурдагы төрагасы Орозмат Абдыкалыков.

Ал Кыргызстан комсомолун жетектеп калышына кайнатасынын таасири, Кара-Көлдү кантип башкарып калганы, “легендарлуу парламенттин” таркашы, Акаев, Бакиев, Атамбаевге кантип жакканы ж.б. жөнүндө кеп кылды.

- Орозмат мырза, убагында Кыргызстан Ленинчил жаштар коммунисттик союзунун Борбордук комитетинин (ВЛКСМ БК) биринчи катчысы болуп калышыңызга кайнатаңыз Т. Зулпуевдин таасири тийген деп угуп калдым. Анткени ал киши Ноокаттагы белгилүү чарба жетекчиси катары Кыргызстандын биринчи жетекчиси Т. Усубалиев менен жакшы мамиледе болгон дешет.

- Экөөнүн бири-бирине мамилеси кандай экендигин мен билбейм. Мен уккандан экөөнүн жакын мамилеси эч качан болгон эмес. Турдакун Усубалиевич демилгелүү, жигердүү жетекчилердин баары менен эле иш боюнча жакшы мамиледе болгон, аларды сүрөгөн, колдогон десем болот. Мени Кыргызстандын комсомол уюмунун биринчи катчылыгына сүрөгөн, колдогон үч киши болгон. Алар ошол учурдагы Ош облустук комсомол комитетинин биринчи катчысы Эркин Арстанбаев, республиканын комсомол комитетинин Борбордук комитетинин биринчи катчысы Таштемир Айтбаев болушкан. Москвага ВЛКСМ БКга жумушка жиберген да ошолор болушкан.

- Үчүнчүсү ким эле?

- Турдакун Усубалиев.

- Сиз жөнүндө акыркы сөздү айтып, Турдакун Усубалиевди ынандырган Таштемир Айтбаев десек болобу?

- Ооба, мен жөнүндө сунуш берген, аны акырына чыгып биринчи кишини көндүргөн да Таштемир Сыдыгалиевич.

- Сиз 1987-жылы Кыргызстан комсомолунун биринчи катчылыгынан чакан Кара-Көл шаарынын Аткаруу комитетинин төрагасына дайындалыпсыз. Ал кызматка которулушуңузга сиз катышкан бир окуя, автокырсык себеп болгон деп калышат?

- Эмне себеп болгонун билбейм. Бирок ага чейин мага 4-5 башка кызматтарды сунуш кылышкан. Алардын бирөөсү Борбордук комитеттин бюросунда чечилип калганына карабай бузулуп калган. Автокырсык болгон эмес, Ошто кышында иш сапарында болгонумда, машина түртүп жүрүп бутумду сындырып алганым чын. Менин кызматтан кетишимдин себеби башка болгон. Айрым жетекчилерге жакпайм калгам, ага жараша башкалардын көрө албастыгы да болгон.

- 1994-жылы күздө сиз депутат болгон "легендарлуу парламент" ишин аргасыз токтотуп, тарап кетти. Жогорку Кеңештин тарашына Кумтөр келишими негизги себеп болгонбу?

- Анын себеби жалгыз эле Кумтөр эмес го. Ал кездеги президент көп маселелерде парламенттен колдоо таппай калган эле.

-"Жогорку Кеңешти таркатууну Акаевдин администрациясы өзү жетекчиликке алып, ишти уюштурган. Парламентте кворум кылбаш үчүн Оштон, Жалал-Абаддан сомолетторду учурбай коюуга чейин барышкан" деп калышат.

- Андайды билбейт экенмин. Самолетту учурбай койсо машина менен деле келишмек да. Бирок чындыгын айтсак, администрациянын парламенттин ишине тоскоолдук кылган учурлары болгон.

-1994-98-жылдары Апаз Жумагулов премьер-министр болуп турганда сиз аппарат башчысы болуп иштеген экенсиз. Демек, ал кишини жакшы билесиз. Апаз Жумагуловдун учурунда жапайы менчиктештирүү жүрүп, “Песак” программасы менен өлкөнүн өнөр жайы талкаланган дегенге кошуласызбы?

- Мен Апаз Жумагуловдун ошол кездеги ишмердүүлүгүн өтө жогору баалайм. Ал киши премьер-министр болуп келгенде экономикабызда инфляция өсүп жаткан оор мезгил эле. 1994-жылы Кыргызстанда ундун кору (запасы) эки жумалык гана калган учурлар болгон. Ун маселеси Апаз Жумагулович жеке аракети менен тез арада чечилип, четтен ташылып келгенин билем.

- Жумагуловдун ордуна илимпоз, профессор Кубанычбек Жумалиевди премьер-министр кылып дайындалганын кандай баалайсыз?

- Апаз Жумагулович төрт жыл иштегенден кийин премьер-министрликтен бошотушту. Ал киши экономиканы тикелеп койду, эми ушул боюнча кете берет, жаштардан коелу деп Жумалиевди алып келишти окшойт. Албетте, ал киши деле илимпоз окумуштуу катары көп нерсеге көзү жетет эле. Бирок ошол жылы Орусияда экономикалык кризис болуп, анын кесепети бизге да тийип, Кыргызстандын экономикасына олуттуу терс таасирин тийгизди. Анан Кубанычбек Мырзакбекович баштаган өкмөт кызматтан кетүүгө аргасыз болдук.

- Сиз 1998-жылы апрелде Тышкы соода жана өнөр жай министри болуп дайындалыпсыз. Анан алты ай өтүп кайра сизди бошотуп коюшту, ага эмне себеп болгон, же Акаевдин администрациясы өз командасына кошкусу келген жокбу?

- Бул жерде бир гана себеп – экономикалык кризистен улам кеткенбиз.

- Ушундай эле абал Бакиев президент болуп турганда болуптур. Сиз президент администрация башчысынын биринчи орун басары болуп алты ай иштегенден кийин бошотуп коюптур.

- Менин ал кызматка барышым дагы күтүүсүз болгон. Бакиев жаңы эле бийликке келип, президент катары Улуттук коопсуздук комитетинин имаратында отуруп башкарып жаткан. Мен дем алыш күнү үйдө отургам, чакырып калышты. Барсам, администрация башчысынын биринчи орун басары кызматына дайындалган жарлыкты көрсөтүштү.

- Сизге айтпай эле дайындап коюшуптурбу?

- “Бир ооз айтып койсоңор болмок экен” деп айттым. Бирок ал учур абдан оор болчу. Сунуш кылып, ишеним артып жаткандан кийин деп колуман келишинче иштедим. Күзүндө Курманбек Салиевич өзүнө чакырып, “сиздин кызмат ордуңуз мага керек болуп жатат, бошотуп бериңиз, эки жума эс алып келиңиз, мен сизди капа кылбайм, башка кызмат берем” деп өзү айтты. Саясий зарылчылык болду окшойт, арызымды жазып берип кызматтан кеткем. Эки жумадан кийин Статистика комитетине төрага кызматын сунуш кылышты.

- Адатта статкомитетин бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланып, элге керектүү гана статистикаларды бердирет, ошентип коомдук пикирди түзүшөт деп калышат. Ушундай болгонбу?

- Ооба, эл арасында ошондой пикирлер бар. Бирок чоң жоопкерчилик менен айта алам, мен статкомитетти башкарып турганда президент, өкмөт башчы, же башкалар тараптан статистиканы өздөрүнүн кызыкчылыгына жараша өзгөртүп берүү боюнча кийлигишкен учурлар болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG