Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Батукаевдин иши: прокурордун илинчеги


Азиз Батукаев кармалып турган Нарындагы абак.
Азиз Батукаев кармалып турган Нарындагы абак.

Батукаевге байланыштуу мурдагы атайын прокурор, ушу тапта Нарын облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеп жаткан Майрамбек Акматалиев кармалып, ага карата сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирип, Майрамбек Акматалиевге Биринчи май райондук соту камакка алуудан сырткары эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасын тандаганын белгиледи.

Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия ага катышы бар 28 аткаминердин катарында ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиевдин аракетине баа берген.

Кармалып, коё берилген прокурор

Ички иштер министрлиги жакында Батукаевдин ишинин алкагында Нарын облусунун прокурорунун орун басары, абактарды караган мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиевди кармап, камакка алган.

Майрамбек Акматалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында суракка чакыртылган. Ал кармалган соң бөгөт чарасын тандоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилген.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев сот андан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алып, суракка келип турууга милдеттендиргенин билдирди:

"Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар деген негизде Нарын облусунун прокурорунун орун басары, мурдагы атайын прокурор кармалган. Бөгөт чарасы катары эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып, суракка келип турмай болду. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин белгиленди. Азыркы учурда ага байланыштуу тергөө амалдары жүрүп жатат".


Ошол эле кезде Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевди тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтетүү тууралуу сунуш киргизилгени белгисиз бойдон калды.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы да анын иштен алынганын ырастаган жок. Нарын облустук прокуратурасынын кабылдамасынан Майрамбек Акматалиев Бишкекте иш сапарда жүргөнүн билдиришти.

Соттун ага карата камактан сырткары бөгөт чарасы эмненин негизинде тандалганы белгисиз. Өзү менен байланышып, козголуп жаткан иштин жагдайы тууралуу сураганга мүмкүн болбоду.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев атайын прокурордун иш-аракетине баа берүү маселеси боюнча буларга токтолду:

"Бул иштин жагдайы эбак эле белгилүү болгон. Иликтей турган деле эч нерсе жок. Майрамбек Акматалиев атайын прокурор болуп тургандан кийин ошол кездеги жетекчилер эмне десе ошого баш ийген да. Анткени Батукаевди бошотуу боюнча бул жерде толук мамлекеттик система иштеген. Ошон үчүн тергөө сот-прокурорлорго эле токтоло бербей, команда берген адамга чейин жетиши керек".

Алты жыл мурдагы аныктама

2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер атайын прокурор Майрамбек Акматалиев эч кандай чара көрбөй, кримтөбөлдү бошотууга өбөлгө түзгөнүн айткан.

Болот Шер
Болот Шер

"Азиз Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйынына атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаев катышкан. Атайын прокурордун орун басары Шайлообек Айманбетов аны аталган сот жараянына жөнөтүп жатып, айыпкердин жасаган кылмышынын оордугун, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу мыйзамсыз болуп каларын, ошого карата тергөө абагынын сунушун колдобоо боюнча оозеки көрсөтмө берген. Бирок ал Нарынга барганда ага чейин ооруканага жатуу үчүн өргүүгө чыккан атайын прокурор Майрамбек Акматалиев өзү тосуп алган. Ал мына ошол кезде Нарында дарыланып жүргөн имиш. Ошентип Кубатбек Жуматаев Айманбетовдун эмес, Акматалиевдин буйругун аткарып, соттун жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир жолу дагы өтүнүч келтирген эмес".


Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиевдин аракеттеринде табышмактуу жагдайлар болгону депутаттык топтун иликтөөсүндө белгилүү болгонун айтты.

"Атайын прокурордун орун басары Айманбетов башкы прокурордун орун басары Людмила Усмановага кат түрүндө кайрылып, Батукаевди мыйзамсыз бошотуу аракети тууралуу билдирген. Бирок Башкы прокуратурадан аны тыйып коюшкан. Бул жерде абдан көп мыйзамсыз иштер жана мыйзам бузууну көрмөксөнгө салган аракетсиздик болгон".

Азиз Батукаевге 2013-жылы 9-апрелде "айыккыс ооруга чалдыккан" деген жасалма диагноз коюлуп, сот тарабынан аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими чыккан. Буга байланыштуу кылмыш иши жанданып, учурда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон бир катар кызмат адамдары кармалып, камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG