Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Акун: Батукаевге догдурлар койгон диагнозго ишенгениме өкүнөм


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кримтөбөл Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирди. Мындай пикирин "Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусуна катышкан учурда айтты.

“Ошол догдурлар койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. Мыйзамдагы уурунун отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн”, - деди Акун.

Турсунбек Акундун айтканын талкуунун 35-мүнөтүнөн уга аласыз:

Турсунбек Акун 8-майда ушул эле темада "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүнө катышууга убада берип, эфирге келбей койгон.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынып, иш Ички иштер министринин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Оор кылмыштар үчүн камалган Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. Кийин, 30-апрелде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыктын» «Эки бир» программасында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттордун чечими кайра каралаарын айткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG