Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Батукаевдин иши: Рысалиев сурак бергиси келет


Азиз Батукаев абакта.
Азиз Батукаев абакта.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси, депутат Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга байланыштуу кылмыш ишин жандандырууну талап кылды.

Ал өзүнүн негизсиз караланып келгенин, "Батукаев боюнча ишке катышы бар" деп айтылган башка адамдардын иш-аракетине калыс баа берилиши зарылдыгын, эгер бул боюнча тергөө жүрсө буга чейин айтылбай келген сырдуу жагдайлар тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын билдирди.

Буга чейин ишти иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагында Зарылбек Рысалиев Батукаевди мыйзамсыз бошотууга тиешеси бар кызмат адамдарынын бири катары көрсөтүлгөн.

Рысалиев саясатчыларды каякка алып барат?

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, ЖАМКтын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарындагы абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотуу фактысына байланыштуу 2013-жылы 18-июлда козголуп, бирок кийин токтотулган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылды.

Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн жагдайларды иликтеш үчүн өзүн баш кылып жети саясатчы суракка чакыртылышы керек деп эсептейт. Ал бул ишке ким демилгечи болуп, ким буйрук бергени жана кимдер аны аткарганы тергөөдө аныкталышы керек деген ойдо:

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

- Тергөөнү баштап, ага мени, Шамил Атахановду, Феликс Куловду, Болот Шерди, Өмүрбек Текебаевди, Алмазбек Атамбаевди, Аида Салянованы чакыртып, суракка алышсын. Батукаевдин бийликтеги байланыштары тууралуу жакында эле полковник Эрнист Исаев гезиттерге маек курду. Ошолордун баары болгон да. Азыркы күндө ошондой көрсөтмө бере турган адамдардын көзү тирүү. Ал кишилер дагы көрсөтмө беришет. Акыры чындык чыгышы керек. Бул жерде буга ким демилгечи болгон, ким буйрук берген? Кимдер аны аткарган? Менин бул ишке канчалык тиешем бар? Деги эле буга менин тиешем барбы же жокпу? Же болбосо башка адамдардын ага тиешеси болуп, бирок алардын баары көмүскөдө калып, тыйындарын алып жеп алышып, анан мен эле баягы "жебеген самсага пул төлөдү" болуп, "жалгыз эле Рысалиев күнөөлүү" болуп жүрбөймбү?

Буга чейин Жогорку Кеңеш түзгөн убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун бошотууну "мыйзамсыз болгон" деп таап, ага катышы бар кызмат адамдарынын аты-жөнүн тизмектеген. Анда Нарындагы абактан Батукаевди сот чечими менен бошотуп, аны "Манас" аба майданына чейин коштоп келүүгө ошол кездеги "Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин тиешеси болушу мүмкүн" деген тыянак чыккан.

Тергөөгө көрсөтмө берүүчү жагдайлар, килем кимдики?

Зарылбек Рысалиев анын колунда буга чейин эч жакка чыкпаган далилдер турганын, алар боюнча тергөөгө көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты:

Азиз Батукаев акыркы жолу кармалып турган Нарындагы абак.
Азиз Батукаев акыркы жолу кармалып турган Нарындагы абак.

- Беш жылдан бери менин эл караган бетимди жер каратып, каякка барсам эле, ар кимдер: "Ии, кандай Батукаев досуң, жакшыбы?" деген сөздөрдү угам. Мындай сөздөр жоро-жолдоштордун арасында да болот. Анан мага карандай жалаа жапкандар жазасын алышы керек. Бул иште аба майданындагы VIP зал аркылуу өтүүгө ага кимдер буюртма берген? Учактын кимдики экени жана анын Бишкекке кандайча учуп келгени туурасында жагдайлар Жогорку Кеңештин комиссиясында иликтенип, аныкталган эмес. Ошол жагдайлардын баары көмүскөдө калып кетип жатпайбы? Менин колумда азыркы учурда буга байланыштуу баалуу далил заттарым бар, ага карата түздөн-түз көрсөтмө бере тургандар бар. Акыйкат тергөө жүрсө мен ошолордун баарын айтып берип, көрсөтмө берсем, анан тергөө болгонун болгондой аныктап чыгып, аба майданында Батукаевдин астына төшөлгөн килем Рысалиевдики эмес, башка кишиники экенин далилдеп берсе деген эле тилек.

Коштоп-узатуунун таржымалы

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгынын ошондогу башчысы Рафик Мамбеталиев депутаттык комиссияга берген көрсөтмөсүндө Азиз Батукаев бошогондо аны кармап, аңгемелешүү жүргүзүш үчүн ЖАМКтын төрагасы Зарылбек Рысалиевге макулдашуу үчүн чыгып, бирок терс жооп алганын айткан.

Ал күзөт менен Нарындан жолго чыккан Батукаевди кармоого ички иштер министри да уруксат бербей койгонун билдирген. Рафик Мамбеталиев азыр Рысалиевдин "сурак берем" дегени тергөө үчүн кызык экенин айтып, тергөөдө ага берилчү суроолор көп болорун кошумчалады:

Рафик Мамбеталиев.
Рафик Мамбеталиев.

- Эми азыр ал киши өзү "суракка чакыргыла, сурак берем" деп билдирүү жасап жатпайбы. Анын кантип сурак бере турганын мен билбейм. Бирок мен ошол учурда окуялар кандай болгону боюнча өз аракеттериме жооп берем. Иш жанданып, сурактар башталса, анан көрөбүз да. Биз өз милдетибизди так аткарып иштедик. Аны эл билет. Анан милдеттерин так аткарбай, кыңыр иштер менен иштеп жүргөндөр өздөрүнө жооп беришсин. Анын айтып жаткандары - бул анын версиясы. Албетте, айтканга акысы бар. Тергөө иштери башталса көп суроолор чыгып, көп нерсе аныкталышы кажет.

Ошондо Рысалиев жетектеген ЖАМК кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча сотко сунуш бергени депутаттык комиссиянын тыянагында көрсөтүлгөн. Буга анын айыккыс дартка чалдыкканы жана өлүм астында жатканы тууралуу дарыгерлердин корутундусу негиз болгон. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова башында ага деле бул иш мыйзамдуудай көрүнүп, бирок кийин иш козголгонун айтты:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Батукаев боштондукка чыгып кеткенден кийин "Салянова парламентте минтип айткан" деген сөздөр чыга калып жүрбөйбү. Бул иш мен үчүн да күтүүсүз болду. Бирок мага прокурорлор ошол боюнча материалдарды алып келип көрсөтүшкөндө, анда мен буга чынында эле ынандым. Дарыгерлер берген тыянагында "Батукаевдин саналуу эле күндөрү калды" дегендер болбоду беле?

Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгарган. Ал Нарындан чыгып "Манас" аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG