Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:08

Илмиянов "чылбырын тапшырды"


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Икрам Илмияновго "Манас" орденин тапшырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Икрам Илмияновго "Манас" орденин тапшырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Икрамжан Илмиянов Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенттигинен кетти.

Ал коомчулукка "шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынан болгон.

Мурдагы бийликтин тушунда Илмиянов тууралуу "мамлекеттик маанилүү чечимдерге кийлигишет, кадр саясатын колго алган" деген мазмундагы сөздөр айтылчу. КСДП Илмиянов тууралуу айтылгандардын көбүн төгүндөп жатат.

Көкбөрү федерациясы Икрамжан Илмияновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын караш үчүн 5-июлда кезексиз жыйынга чогулду. Анда Илмияновдун ордуна буга чейин федерациянын вице-президенти болуп жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Саматов шайланды.

Жыргалбек Саматов быйыл бир катар маанилүү иш-чаралар өтөрүн, Илмиянов шартына жана ден соолугуна байланыштуу анын баарын уюштура албай тургандыгын билдирди:

Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

- Бизде алдыда Эгемендик майрамы болот, андан сырткары Көчмөндөр оюндары өтөт. Быйыл 20 жылдык мааракебизди да белгилейбиз. ЮНЕСКОго катталганыбызга бир жыл толот. Ушундай иш-чаралар көп болгондугуна байланыштуу Икрамжан Илмиянов ден соолугуна, үй-бүлөлүк шартына карап, өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазды. Ошонун негизинде кезексиз жыйын болуп, жети облустан, эки шаардан делегаттар келип, анын арызын кабыл алып, иштен бошотту. Жаңы президентти шайлоодо жалгыз менин талапкерлигим көрсөтүлүп, бир добуштан шайландым.

Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясын былтыр жаздан тартып жетектеп жаткан. Ал ушул тушта камакта отурган депутат Канатбек Исаевдин ордуна келген. Бул федерацияны Болот Шер, Аскар Салымбеков өңдүү саясатчылар, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев да башкарган.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланганы анын эбегейсиз байлык топтогонун, таасири өскөнүн далилдеген:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Көкбөрү федерациясынын жетекчиси болгондо "булар эң чоң коррупциянын, эбегейсиз байыганынын, миллионер эмес, миллиардер болгонунун далили" деп айтып чыккам. Анткени бул федерациянын жетекчилеринин баары кыргыздан чыккан байлар, таасирлүү адамдар. Ал жакта жөнөкөй адамдар жок. Министр да эмес, жөнөкөй эле шопур Илмияновдун бул кызматка дайындалганы - анын байыганынан уялбай, тескерисинче сыймыктанып, чиренгенинин далили болгон. Былтыр Атамбаев аны "вазирим, оң колум" деп орден бергени анын "капчыгы" болгонун далилдеген. Майрам Акаеванын (мурунку президент Аскар Акаевдин жубайы - ред.) жана Жаныш, Максим Бакиевдердин (мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси менен уулу - ред.) таасирин кошкондо да аларда Икрам Илмияновдукундай бийлик болгон эмес. Алмазбек Атамбаевдин "үй-бүлөлүк башкаруу жок, туугандарымды бийликке алып келген жокмун" дегени башынан эле калп болчу. Анткени ал бийликти аялына, баласына, бир тууганына эмес, шопуруна берип койгон.

Икрамжан Илмиянов ушул тушта чет өлкөдө жүрөт. Ал Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда кызматтан кызматка жогорулаган. 2010-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Атамбаевдин жардамчысы болуп, кийин ал президенттикке шайланганда аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына чейин жеткен.

2015-жылы Илмиянов бул кызматтан күтүүсүз кетип, ал кадамын өзү тууралуу ар кандай имиштерге негиз бербөө максаты менен түшүндүргөн. Өз арызында барган сайын каралоого чыдоо кыйын болуп калганын, ар кандай имиштерге, күбүр-шыбыр сөздөргө, “объективдүү эмес” деп кабыл алынган текшерүүлөргө негиз түзбөш үчүн ээлеген кызматынан кеткенин айткан.

Ошол учурда анын аты “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатакка байланыштуу айтылып жаткан.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев кандай гана бийлик болбосун анын тегерегинде таасирлүү, көмүскөдө жүргөн, көп маселени чечкен адамдар болооруна токтолду. Ал Икрамжан Илмияновдун федерация башчылыгынан кеткенин анын "доорунун бүткөнү" менен түшүндүрдү:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

- Кандай бийлик болбосун, ошол бийлик башындагы үй-бүлөгө жакын адамдар көп маселени чечет. Маселен, Аскар Акаевдин тушунда Мурат Малабаев дегендер ушундай эле милдетти аткарып келген, алардын да доору бүттү. Алмазбек Атамбаевдин тушунда көмүскөдө жүргөн таасирлүү фигурага Икрамжан Илмиянов айланды десек болот. Анын федерациянын президенттигинен кеткени - мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Бийлик алмашты, команда алмашты, эми анын ордуна дагы башка таасирлүү адам келет. Анткени президенттер өздөрү түз сүйлөшө албай турган адамдар болот. Ошол эле Алмазбек Атамбаевдин айланасында көп күчтөр болгон. Алардын баары Илмиянов аркылуу Атамбаевге колдоо билдирген. Азыркы бийликтин деле Илмияновдой адамдары сөзсүз болот.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Икрамжан Илмияновдун тегерегиндеги уу-дуу кепти "көбүртүлүп-жабыртылган" деп сыпаттады:

- Ал президенттин аппаратындагы көзгө басар, мыкты кызматкерлердин бири эле. Бирок анын ысымынын тегерегинде, ага кошо кадр маселелеринде да, чындыктан көрө ойдон чыгарылган нерселер арбын болду.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде “Азаттыктагы” маектеринин биринде Икрамжан Илмияновду белгилүү мамлекеттик-саясий ишмер Султан Ибраимовго да салыштырган жайы бар:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Шофер болуп иштеген адам өспөшү керекпи? Мен буга түшүнбөйм. Мына, мен жакында Токмокко барып, кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Султан Ибраимовдун эстелигинин ачылышына катыштым. Ал киши деле тракторист болуп иштеген. Бирок тракторчу болуудан баштап Министрлер кеңешинин төрагасынын кызматына чейин жеткен да? "Шофер болгондор эч качан мамлекеттик кызматта иштебесин" дегендерге таң калам. Эгер "Илмияновдун бизнесте кызыкчылыгы бар, кайсы бир иштерге аралашып жатат" деген сөздөр болсо - мага алып келсин, текшерели. Кыңыр иши чыкса - Илмиянов болобу, башкасы болобу, өзүмдүн балам, өз жакындарым болобу - баары жоопко тартылат.

Ал арада "KG ГРУПП" компаниясы курган үйлөрдөн акчасын бергени менен батир ала албай жүргөн айрым үлүш ээлеринин арызында Икрамжан Илмияновдун аты аталды. "KG ГРУПП" болсо дооматтардын баарын четке какты жана "бул компанияга Илмияновдун тиешеси бар" деген сөздү жокко чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаарында мыйзамсыз бөлүнгөн жер боюнча эки кылмыш иши козголгон. "Азаттык" бул жерди "Ихлас" курулуш компаниясы алганын иликтеп чыккан. Илмияновдун бул компанияга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат чыккан, Илмиянов муну "негизсиз" деп атаган.

"Азаттыктын" архиви: Бишкектеги майлуу жерлер

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт

XS
SM
MD
LG