Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:43

Бишкектин 84 гектары кимге "жем" болгон?


Бишкекте салынып жаткан үйлөрдүн бири. Архивдик сүрөт.
Бишкекте салынып жаткан үйлөрдүн бири. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын аймагынан 80 гектардан ашуун жер тилкесинин ижара берилиши шек жаратууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар "шаар бийлиги жер тилкелерин мыйзамсыз бөлдү" деп айтып чыгышты. Баш калаанын жетекчилиги болсо тилкелер мыйзамдын негизинде ижара берилгенин билдирди.

Бишкекте гектарлаган жер тилкелери беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилип жатканын Жогорку Кеңештеги оппозициячыл азчылык өкмөттүн отчетун карап жатканда бир нече депутат айтып чыкты. Алар баш калаадагы эң кымбат мүлккө айланган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө ижарага берилип, аларга көп кабаттуу имараттар курулуп жатканына көңүл бурушту.

"Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангуловдун эсебинде, акыркы эки жылда борбор шаарда 84 гектардан ашык жер тилкеси ижарага берилип кеткен:

- Бишкек мэриясы 84 гектар жерди беш жылдык мөөнөттө капиталдык курулуштар үчүн ижарага берип салыптыр. Андан мамлекеттик бюджетке бир сом да түшкөн жок. Ошол эле учурда жеке ишкерлер ал жерлерге мамлекеттик социалдык объекттерди эмес, көп кабаттуу үйлөрдү салып, коммерциялык максатты көздөп жатышат. 84 гектар жерди ижарага берүү мамлекеттин мүлкүн, жерин жөн эле таратып, уурдаганга барабар.

Депутат кошумчалагандай, ижарага берилген жер тилкелери Бишкектин түштүк ыптасында орун алган. Бул жак жашоого ыңгайлуу, абасы салыштырмалуу таза болгондуктан андагы үйлөр абдан кымбат саналат. Ошондуктан беш жылдык мөөнөт менен тилкелерди ижарага алган ишкерлер мыйзамды бузуу менен ал жакка көп кабаттуу үйлөрдү салууда. Мындан соң батирлерди абдан кымбат баада сатып, пайдага туйтунуп жатканын эл өкүлдөрү айтып жатышат.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов шаар бийлигинин өкүлдөрү да катышкан "жер мафиясы" туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алганын кеп кылды:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бишкектин Түштүк магистралын бойлой гектарлаган жерлерди мамлекетке миллиондогон чыгым алып келген ижарага берип жатышат. УКМК кайда карап отурат? Силер Белизден жасалма документ алып келбедиңер беле?.. Ушул мэрияда "жер мафиясы" кылып жаткан иштерди көрбөй жатасыңарбы? 2-3 гектар жерди миллиондогон долларга сатып, "куйруктарын" түйүп жатат.

Депутаттар мэрия ижарага берген жер тилкелери негизинен бийлик менен ымаласы бар курулуш компаниялары алганын айтып жатышат. Ошондуктан алар бул ишти иликтесе, мурдагы жана учурдагы бийликте жогорку кызматты ээлеген айрым адамдардын ысымы калкып чыгаарын билдиришти. Бирок шаар бийлиги депутаттардын шектенген көз карашын четке кагып, жер тилкелери мыйзамдуу негизде ижарага берилгенин билдирип турган чагы.

Борбордун мэри Албек Ибраимовдун айтымында, бир топ тилкелер мурдагы шаар бийлигинин учурунда таратылып кеткен. Ал эми акыркы эки жылда ижарага алты гектар тилке берилди:

Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

- 2016-жылы чыккан чечимдин негизинде алты гектар жер ижарага берилген. 2018-жылы алты гектар жердин берилгени боюнча маселе учурда каралып жатат. Комиссия менен чечилет. Бул мыйзамдын негизинде кабыл алынат. Атайын комиссия конкурстук негизде чечим кабыл алат. Андан кийин сатылып кеткени жарандык административдик келишимдин негизинде болууда. Себеби ижарага алган соң сатканга мүмкүнчүлүк бар экен.

Негизи Бишкектин жогору жагындагы жер тилкелерине көп кабаттуу үйлөрдүн курулуп жатканына акыркы учурда көп көңүл бурулуп жатат. Буга чейин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын, абройлуу болуп эсептелген аймакта курулуш баштоо аракети болуп жатканы тууралуу маселе парламентте козголгон эле. Анда аны "Ихлас" деп аталган компания курганы жатканы, бул компаниянын экс-президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго тиешеси бар экени айтылган. Мындай дооматтарды Илмиянов да, "Ихлас" да четке каккан. Бирок эки гектардан ашуун тилке мыйзам негизинде алынганын курулуш компаниясынын өкүлдөрү ырасташкан эле.

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө.

Байкоочулар Бишкекте кыска мөөнөткө жер тилкелерин ижарага алып, андан соң көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберүү кеңири жайылганын айтышат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, курулушчу Ишенбай Кадырбековдун айтымында, мындай мыйзамсыз аракеттер акыркы жылдары ишкерликтин эң кирешелүү булагына айланды:

- Беш жылга ижарага берилген жерге көп кабаттуу үй курулат. Үйдөн болсо жарандар батир сатып алат. Батирлерди каттоого алганда үй менен кошо жер да менчикке кетип калып, "беш жылдык" дегени түбөлүк болуп калып жатат. Бирок ижарага берилген жерге көп кабаттуу үй курууга мэрия уруксат бербеши керек болчу. Ал уруксат берип коюп, ушундай кырдаал жаралууда. Бул жерде жоопкерчилик мэрияда.

Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүүгө жана сатууга байланышкан жаңжалдар байма-бай чыгып турат. Активисттер болсо алардын айрымдарына кылмыш иштери козголуп, кээ бири соттолгону менен, негизги коррупциялык схеманы ачуу аракеттери жок деп эсептешет.

"Азаттыктын" архиви: Түбү көрүнбөгөн жер талаш. 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG