Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулууда


Kyrgyzstan - Issyk-Kul lake
Kyrgyzstan - Issyk-Kul lake

Ысык-Көлдүн жээгиндеги 100 метр аралыктагы мыйзамсыз курулуштар аныкталып, бузулууда. 28-апрелде Президенттин Ысык-Көл облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев мыйзамсыз деп аныкталган курулмалардын ээлери жана ижарачылары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, көл жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери Бостери жана Тамчы айылдарында уланууда.


Өкмөттүн буга чейинки маалыматына ылайык, көл жээгинде 211 ири жана 600 чакан эс алуу жайлары бар. Экологдор Ысык-Көлдө акыркы он жылдан бери эс алуучу жайлардын саркынды суусу көлгө куюлуп жатканын айтып, коңгуроо кагып келишет.

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги 2022-жылы Тамчы айылында жайгашкан 200дөн ашык конок үйлөрүнө саркынды сууну тазалаган жай куруу зарылдыгын эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG