Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

«Кумтөр» эки жумушчусун издеп жатат


Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды)
Кырсыктан кийинки сүрөт (социалдык тармактан алынды)

Кумтөр алтын кенинде жер көчкүдөн кийин эки кызматкер дайынсыз болууда.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Анда Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон жерден тартылган сүрөттөрдө көчүп түшкөн топурак бир нече автоунааны басып калганын көрүүгө болгон. Кырсыкка күбө болгон нөөмөттөгү жумушчулар менен байланышып, маалымат алуу аракетибизден майнап чыга элек.

Кендеги көчкү жумушчулар иштеп жаткан учурда жүргөн. Жумушчулардын ичинен экөө дайынсыз жоголгону эвакуациялоо маалында белгилүү болгон. Компания дайынсыз кеткен жумушчулардын ысымдарын ачык айткан жок. Ал эми өкмөт кырсык тууралуу тараткан маалыматта дайынсыз жоголгон эки жумушчу тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков жана бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев экенин белгиледи. Өкмөт кырсык тууралуу төмөнкүдөй маалымат таратты:

“Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков "Форд пикап" үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду коопсуз аймакка алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо-кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо-кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес”.

Премьер-министр Мухаммадкалый Абылгазиев дайынсыз кеткен жумушчуларды издөө үчүн бардык күчтөрдү тартууну жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырганы белгилүү болду.

Учурда дайынсыз кеткендерди издөө иштери жүрүп жатат. Бул операцияны жетектеп жаткан өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун айтымында, азырынча бул аракеттерден майнап чыга элек:

- Азыркы мезгилде кырсыкка кабылгандардын жерин аныктоо жана издеп, куткаруу иштери жүргүзүлүп жатат. Өндүрүштүк өзгөчө кырдаал боюнча тиешелүү органдар иликтей баштады.

Бул операцияга 26 куткаруучу, “Кумтөр Голд компанинин” куткаруу кызматынын ондон ашык кызматкери тартылган. Кырсыктан соң кендеги ачык аянтта казуу иштери токтотулду. Тагыраагы, карьерде иш токтоду, ал эми алтын өндүрчү фабрика иштеп жатат.

“Кумтөр Голд" компаниясы мындай билдирүү таратты:

Компания издөө жана куткаруу иштери соңуна чыкмайынча жана жаңыланган тоо-кен иштеринин планы даяр болмоюнча тоо-кен иштери кайра качан башталары боюнча маалымат бергенден баш тартат”.

Өкмөт көчүп кеткен бош катмары кендин негизги өндүрүш объекттерине коркунуч туудурбай турганын, борбордук карьерден, калдыктарды сактоочу жайдан жана Петров көлүнөн алыс экенин билдирүүдө. Ошондой эле "көчкөн катмарда зыяндуу заттар жок жана курчап турган чөйрөгө коркунуч жаратпайт" деп кабарланды.

Кумтөр - Борбор Азиядагы эң ири алтын кендердин бири. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кумтөр иштетиле баштаган 1990-жылдардын башынан тарта эле кен боюнча түзүлгөн келишимдин айланасында талаш утур-утур көтөрүлүп, азыркыга чейин уланып келет. Ошол эле кезде кендеги экологиялык жана техникалык эрежелер сакталбай жатканы боюнча активисттер бир нече жолу маселе көтөргөн.

Кыргызстандын тоо-кенчилер бирикмесинин төрага орун басары Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, “Кумтөр Голд компани” жана өлкөнүн тиешелүү органдары кырдаалга өз убагында көз салып турушу керек болчу:

- Бул жерде мөңгүлөрдү ордунан жылдырып, кен казып жаткан учурда абдан тыкыр көзөмөлдөш керек болчу. Ал жерде тоо тектерине, мөңгүлөрдүн кыймылына көз салган кызматтар абдан так иштеши керек. Азыр карап көрсөк, кар деле катуу жаай элек, же ысык болуп эрип кетчү деле шарт жок. Ошондуктан бул жерде көп жылдан бери топтолуп турган катмар жылып кеткендей. Ага жакшы көзөмөл болбой калган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экологиялык активист Эркингүл Иманкожоева айтылган талаптарга көңүл бурбаган үчүн азыркыдай кырдаал түзүлгөн деп эсептейт:

Эркингүл Иманкожоева
Эркингүл Иманкожоева

“Азыр коомдук ишмерлерди, көз карандысыз эксперттерди кошуп, мамлекеттик комиссия түзүп, жеринен таанышыш керек. Болбосо, кырсыктын масштабы, себептери боюнча көп маалымат жабык бойдон калышы мүмкүн. Ошондуктан премьер-министрге кайрылдым. Анткени азыркы кырдаалды иликтеп, кырсык канчалык олуттуу болгонун, кесепети кандай болушу мүмкүн экенин аныктабаса, кийин кеч болуп калышы мүмкүн.

Иманкожоева быйыл күчүнө кирген Кумтөрдү иштетүү боюнча стратегиялык келишимди кайра карап чыгуу зарылдыгын айтууда.

Стратегиялык келишим демекчи, Кумтөрдөгү кырсыктан бир күн мурун “Центерра Голддун” президенти Скотт Перри Кыргызстанга келип кеткен. Перри премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, алар келишимди аткаруу шарттарын талкуулашкан.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушууда тартылган сүрөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушууда тартылган сүрөт.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылдын 9 айында ишканада 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14 тоннадан ашкан. Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонуп жатат. Кумтөр кени Ак-Шыйрак тоо кыркаларында жайгашкан.

“Центерра Голд” компаниясына караштуу "Кумтөр Голд компани" кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 чарчы чакырым), Давыдов (11,6 чарчы чакырым), Борду (5,9 чарчы чакырым), Лысый (5,5 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан. Бул беш мөңгү Ак-Шыйрак массивинин аянтынын 23,3% пайызын түзөт. Эки жыл мурун парламент Суу кодексине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, "Кумтөр Голд компани" Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG