Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:14

Акылбек Жапаров "бийлик мафиянын лидерлерин жеңди" деп билдирди


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Кыргызстандын бийлиги коррупциянын тамырын кыркып, мафиянын лидерлерин жеңди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-апрелде өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал мунун өбөлгөсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү болгонун белгиледи.

"Бардык тармактар боюнча тазалоо жүрүп жатат. Акыркы жылдары дүйнөлүк басылмалар Кыргызстандын бажы тармагындагы мафия тууралуу жазып калышкан. Ошондон кийин АКШ эл аралык издөө салып, федералдык иликтөө кызматы (ФБР) алардын башына акча сайган. Өлкөнүн азыркы бийлиги уюшкан кылмыштуулукту жеңе алды", - деген Акылбек Жапаров ким тууралуу айтып жатканын ачыктаган жок.

2019-20-жылдары "Азаттык" өнөктөштөрү OCCRP жана Kloop менен бирге Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөлөр сериясын чыгарган. Анда Бажы кызматынын ошол кездеги төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган. 2020-жылы декабрда АКШ өкмөтү Матраимовду "кара тизмеге" киргизген.

2020-жылы АКШ бийлиги Кыргызстандагы кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевге эл аралык кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү катары издөө жарыялап, анын кайсы жерде жүргөнүн маалымдаган тараптарга 1 млн доллар сый акы жарыялаган. 2021-жылы сый акы 5 млн долларга көбөйтүлгөн.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр ноябрда Райымбек Матраимовду жана былтыр октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG