Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:44

"Акын-жазуучуларга кошомат кылуу жарашпайт"


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Улуттук жазуучулар союзунун жаны шайланган төрагасы Каныбек Иманалиев "Азаттыкка" маек куруп, алдыдагы пландары, адабияттын, акын-жазуучулардын коомдогу орду тууралуу айтып берди.

22-апрелде болгон курултайдагы шайлоодо бул орунга акындар Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев жана Атантай Акбаров да талапкерлигин коюп, Каныбек Иманалиев төрага болуп шайланды.

- Каныбек мырза, Жазуучулар союзуна шайлоонун негизинде төрага болдуңуз. Бул коомдук кызмат. Соңку жылдардагы тенденциялар, маалыматтык технологиянын өнүгүшү менен бул уюм керекпи деген талкуулар да болуп келе жатат. Мындай шартта сиз чыгармачыл союздагы ишти эмнеден баштайсыз?

- Биринчиден, Жазуучулар союзу мен үчүн союздан да масштабдуу мааниге ээ. Биздин улут болуп, алтургай мамлекет болуп сакталып келе жатканыбызга дагы жазуучу, акындардын салымы чоң. Бир учурларда биз мамлекеттүүлүктөн ажырап кала турган кырдаалдар болсо дагы “Манасыбыздан” ажыраган жокпуз. Акын, манасчылар илгертен ыр менен элдин башын кошкон. Мына быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы деп атабыз, анын башында да кыргыз интеллигенциясы турган. Маселен, Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Зияш Бектенов, Кусейин Карасаев, Аалы Токомбаев жана башкаларды атай берсек, тизме узун. Демек, кыргыз мамлекетинин тагдырынан кыргыз калемгерлерин бөлүп кароо мүмкүн эмес. Биздин Жазуучулар союзунун дүркүрөп турган учуру, албетте, Чыңгыз Айтматов төрага болуп турган мезгилде болду. Анан кризис бардык тармактарды каптаганда уюм таркап кете жаздаган кез да болду. 7-8 жылдан бери мамлекеттин көмөгү менен кайра акырындап бутуна туруп келе жатат.

Эми ишти эмнеден баштайм? Эң ириде мурунтан келе жаткан салтты улашыбыз керек, жаштардын демилгесин колдошубуз керек. Анан жаңы шайланган башкармалык иштеши шарт. Менин багыма уюмдун 90 жылдык мааракеси келе жатат. Ошого карата биз парламент, өкмөткө сунуштар менен кайрылабыз. Биздин калкыбыз 7 миллиондон ашканы менен, азыр жазуучулардын китеби миң эле нуска менен чыгып калды.

Эң негизги масштабдуу программабыз – биз эл адабиятын санариптештиребиз. Дегеле өлкөбүз ушул жол менен баратат. Санариптештирүүнү алгач мен Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен бирге түзгөн 40 томдук “Кыргыздар” аттуу тарыхый китептен баштайбыз.

Анан колдон келсе бардык жазуучу-акындардын китептеринин аудио вариантын иштеп чыгып, элге жеткирүү иши турат. Кыскасын айтканда, жалпы Кыргызстандын адабияты бир электрондук китепкана болушу абзел. Кечээ курултайда да презентация кылып, ушуларды айттым. Биздеги адабияттын баарын ошол иштеп чыккан сайтка салабыз. Калемгерлер китеп вариантын да сата беришсин, эл сайттан да окусун. Экинчи этапта мектептердин электрондук китепканасына кошулсак деген ой бар. Мына ушул жолдор менен адабиятыбызды жаңы деңгээлге көтөрөбүз го деп турам.

Жазуучулар союзунун төрагасын шайлоо учуру.
Жазуучулар союзунун төрагасын шайлоо учуру.

Анан жаш калемгерлер мамлекеттин колдоосуна муктаж. Өлкөдө ипотека боюнча жакшы иштер жүрүп жатат. Балким, өкмөт чыгармачыл жаштар үчүн пайыздарды дагы азайтат го деген ойдомун. Айтор, ушундай социалдык жактан, авторлордун укугун коргоо жактан да ойлор бар. Баары эле келип каражатка такалат да. Андыктан өкмөттөн, эл аралык фонддордон каражат сурайбыз. Эң негизгиси, жазуучулар коомдогу таасирдүү күч болуп, коомчулук, өкмөт алардын үнүн угуп турушу керек. Анан калемгерлер өздөрү дагы бүгүн эгемендик доордун жаңы продукцияларын бериш керек. Себеби адабиятта, тарыхта жаңы багыттар ачылды. Азыр союз учурундагыдай цензура деген жок. Адабий эркиндик бар. Жаратмандар үчүн эң чоң байлык ушул руханий эркиндик да. Сөз өнөрү элдин жан дүйнөсүн байытууга, эне тилди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек. Адабияттын миссиясы – улутка кызмат өтөө.

Жазуучулар союзунун имараты.
Жазуучулар союзунун имараты.

- Жазуучулар союзунда дагы эле союз маалындагыдай эреже, көз караш басымдуулук кылганы байкалып турат. Биз муну кечээ уюмдун жаңы төрагасын шайлоо учурунда деле байкабадыкпы. Ага айрым калемгерлер тарабынан сын да айтылды. Айтор, азыркы замандын агымына жараша дагы эмнелерди өзгөртүү керек? Азыр технология өнүккөн маалда адабият да өзгөрүшү керектир?

- Биздин эң чоң аудиториябыз – окурмандар. Дегеле төмөнкү беш күч биригип иш алып баруу керек. Алар: Автор, Жазуучулар союзу, басмаканалар, китепканалар жана окурман. Булар байланышта болбосо, адабий иштер да жүрбөйт. Акын-жазуучулар окуу жайларды кыдырып, студенттер менен жолугушууларды өткөрүп турса. Мындан сырткары алар жаңы чыгармаларды талкуулап, сынчылардын оюн угуп, жаңы темаларды табууга умтулушу керек. Айтор, жаш калемгерлер өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин бийиктетиши керек. Аксакал жазуучулар дагы окуу жайларга барып студенттерге лекция окуп бере тургандай деңгээлге жетсе деп келем.

Анан да биздин дагы эки чоң аудитория бар. Алардын бири - Кытайдагы 200 миңдей кыргыз. Алардын арасынан Макелек Өмүрбай, Адыл Жуматурду сыяктуу жазуучулар ат көтөргүс эмгектерди кылып жатышат. Кытайда туруп эле бизге Айтматов, Манас жөнүндө китептерди жазып беришүүдө. Дагы бир чоң агым - биздин чет жердеги калем кармаган мигранттардан чоң жазуучулар чыгат деп ойлойм. Себеби алар эмне деген кыйынчылыктарды көрдү, турмуштук тажрыйба топтоду.

Жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

- Соңку учурда интеллигенциянын өкүлдөрү, анын ичинен калемгерлер деле коомдогу окуяларга үн катпайт деп айтып келебиз. Муну акын-жазуучулар көр тирилик менен алектенип, алардын үнүн уккан адам жок деген актануулар менен түшүндүрөбүз. Бирок сөз кудуретин билгендер хандан-бектен кайра тартпай, коомдогу адилетсиздикке, терс көрүнүштөргө карата калыс кебин айтышы керек эле. 2015-жылы Нобел алган беларус жазуучусу Алексиевичтин мисалын алганда деле ушундай болсо керек. Кыргызстанда акын-жазуучулар ушундай сергек катмар боло алабы?

- Орусиянын тарыхында жазуучу-акындар орусчул жана батышчылдар болуп эки топко эле бөлүнгөн. Биз андай болбошубуз керек. Биринчиден, албетте, калемгерлер калыстыкты айтып, анан улутка кызмат кылышы керек. Анан сөзсүз эле ал бийликчил же оппозиционер болушу керек деген туура эмес. Эгер мындай болуп кетсе, анда алардын мүнөзүнөн улам болушу мүмкүн. Ушул эле маалда жазуучуларга кошоматчылык да жарашпайт, анткени алар элди ирээнжитип албашы керек. Болгону калыс кебин айтып, коомго үнүн жеткирип турушу абзел. Депутат 5 жылга шайланса, жазуучулар өмүр бою элдин атынан сүйлөй алат. Эгер жазуучу менен акын чындыкты айтпаса, анын чыгармасын эл окубай калат.

Жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Жазуучулар союзунун имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

- Сизди буга чейин коомчулук саясатчы катары жакшы таанычу. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүү жана илим министри болдуңуз. Эми калемгерлер чөйрөсү сизди адабият тармагында ийгилик жаратат деп канчалык ишеним артып жатат болду экен?

- Мен алгач гезиттерде иштеп, жумуш тажрыйбамды чыгармачылыктан баштагам. “Учкун” ишканасында 5 жыл өндүрүш жаатында иштедим, президенттик аппаратта 5 жыл иштедим. Айтор, мамлекеттик кызматтарда, саясатта жалпысынан 20 жылдай жүрдүм. Бирок ушул арада мен чыгармачылыктан такыр кол үзгөн жокмун. Илимий, публицистикалык дагы, көркөм-адабий дагы китептерим чыкты. Алар дүйнөнүн 8 тилине которулду. Кайрадан эле ушул чыгармачыл дүйнөмө кайтып келдим.

Жазуучулардан чынында демократияны үйрөнсөк болот. Кечээ Жазуучулар союзунун XVI курултайына 252 калемгер катышып, 142 кишиден турган президиум шайланды. Эртең мененки саат 10до башталган иш-чара кечки 19дарда бүттү. Мен депутат болуп жүргөн кезде Жогорку Кеңештин спикерин үч саатта эле шайлап койчубуз. А бул жакта төраганы шайлоого 7-8 саат убакыт кетти. Бардык талапкерлер программасын ачык-айкын айтып, эсеп комиссиясы туура иштеп, аксакалдар калыс сөзүн сүйлөдү. Ушинтип улуу муундун тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек. Экинчиден, эми бизге ишенип берилген жумушту жакшы аткарышыбыз керек. Анан чоң жигер жаштарда. 20-30 жылдан кийин да биздин коомдон Айтматов, Касымбеков сыяктуу интеллектуал жазуучулар, Алыкул, Жолон, Турардай мыкты акындар чыгабы, кеп ошондо. Биз ошолорго үрөн калтырып кетишибиз керек. Чыгармачылыкта сөзсүз түрдө атаандаштык болушу керек. Биз ушундай эркин коомдо жашап жатабыз. Азыр кудайга шүгүр, адабияттын бардык тармактарында төбөсү көрүнүп калган таланттарыбыз бар. Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдой мыкты акындар чыкты, алардын мууну бизге акынды, жазуучуну кантип кастарлаш керек экенин, кантип эскериш керек экенин үйрөттү. Элмирбекке Эмгек баатыры наамынын ыйгарылышы да эң туура кадам болду.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG