Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Жалаң маектешүүдөн түзүлгөн жаңы спектакль


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

705 аттуу жаштардын чыгармачыл тобу жаңы спектакль койду.

705 аттуу чыгармачыл топтун демилгеси менен «Уя» спектакли вербатим жанрында көрсөтүлдү. Бул жанрдагы спектаклдер толугу менен монологдордон же жөнөкөй адамдардын диалогунан турат, аларды актёрлор көрөрмандарына айтып беришет.

«Уя» спектаклинде миграциянын айынан тагдыры татаалдашкан кароосуз балдар, жолунан адашкан өспүрүмдөр, карылар үйүндө күн кечирген эне, билимсиздиктин айынан диний агымды ээрчип кеткен ата, салттуу диний түшүнүктөн куру калган молдонун туура эмес жаназа окуганы чагылдырылды.

«Уя» спектакли вербатим жанрында көрсөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00


Спектакль көркөм желе «Arts Collaboratory», DOEN жана «Prince Claus Fund» фонддорунун колдоосу менен ишке ашты. Спектаклде төрт актёр жети каармандын образын ачып берди.

Спектаклдин көрүүчүлөрү сахналаштырылган оюндун актёрлору коомубуздагы болуп жаткан көйгөйлөрдү жалпак тил менен жеткиликтүү аткарышканын айтышат.

Гүлмира Турсунбаева вербатим жанрындагы спектаклге алгачкы жолу катышкан. Ал карылар үйүнө ташталган эненин жана жетим балдарды асырап алган аялдын образын жаратты.

«Биз карантин убагында бул оюнду сахналаштырдык. Ар бирибиз үйдөн даярданып бир-бирибизге аткарган ролубузду жөнөтүп талкуулап турдук. Мен үчүн жаңы ачылыш болду. Бул жанр боюнча түшүнүгүм жок эле. Албетте, бир эле учурда эки каармандын образын ачып берүү оңойго турган жок. Бул оюнда көзүбүз менен көрүп, угуп жүргөн эле окуяларды көрөрмандар менен маектешип аткардык. Жаңы көз караштагы жаштар менен иштөө бир алдын оор болсо, бир алдын жаңы ачылыштарга жетелейт».

Спектакль молдо, «Кырк чоро» уюмунун өкүлү, кальян барынын жумушчу кызы, энесин карылар үйүнө таштаган кыз, карылар үйүндөгү эне, балдарды асырап алган айым менен көрөрмандардын маектеринен түзүлдү.

М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков «Уя» спектаклине көрүүчү катары келген. Ал демилгелүү жаштардын өсүп келе жатканына ыраазы болду:

Нурлан Асанбеков.
Нурлан Асанбеков.

«Өзүңүздөр күбө болгондой, бул спектаклге баарыбыз катыштык. Бир гана актёрлор Нина Чернышева, Кристина Фойкина, Гүлмира Турсунбаева, Эмил Жусупбек уулу ойношкон жок. Көрөрмандар биз дагы кайсы бир деңгээлде ролубузду аткардык. Кээ бирлерибиз күлсөк, кээ бирлерибиз алардын суроолоруна жооп берип диалог түздүк. Мисалы, эне мээримине чукак чоңойгон кыз ачуулуу үнү менен кыйкырып, заар көзү менен тиктеп көрөрмандардан чылым сураганда кээ бирлерибиз жер тиктесек, кээ бирлерибиз чөнтөктөрүбүздү карап, тамеки суна калдык, туурабы?! Бул оюндун режиссеру Чагалдак Замирбек уулу азыркы коомубуздагы көйгөйдү эң жөнөкөй тил баарлашуу жолу менен көрсөтүп койду».

Нурлан Асанбековдун оюн улаган көрөрман Дарина Капарова үй-бүлө баалуулуктарын сактап калууга үндөгөн чыгарма жаралганын билдирди:

«Мен үчүн ачылыш болду. Абдан трагедиялуу, оор драмалык чыгарма экен. Биз өзүбүздүн вакуумдан чыкпай жүргөндө айланабызга саресеп салбайбыз. «Менин тууганымда баары жакшы, менде жакшы» деп турмушту жеңил, кооз элестетебиз. Айланабыздагы адамдардын тагдырына көңүл бурбайбыз. Канчалаган балдарыбыз ташталып, ата-эненин мээримисиз чоңоюп жатат, канчалаган аялдар кордолууда? Канчалаган эркектер зордук-зомбулукка дуушар болууда, канчалаган кары адамдар карылар үйүндө күн кечирүүдө, канчалаган өспүрүмдөрдүн тагдырына балта чабылды? Бир ирет ойлондукпу?! Бир жарым сааттык спектаклге жети кишинин тагдырын ачып берүү - эрдик. Ал эми спектаклдин көркөм жетекчисинин кичинекей коридордо оюнду сахналаштыргандыгы - эң туура чечим. Анткени үй-бүлөдөгү ар бир сүйлөшүү, ар бир пикир келишпестик өз бөлмөлөрүндө болот».

Актёр Эмил Жусупбеков бир эле учурда үч образды жаратты. Ал ташталган жетим баланын, молдонун жана «Кырк чоро» өкүлүнүн ролун аткарды.

«Мени ата-энем таштап кеткенде бала асырап алуучу «Уя» аттуу үйгө келип тарбияланамын. Өз ата-энем таштап кетип, чоочун кайрымдуу адамдар асырап алат. Алар мага окшош 25 баланы багып чоңойтушат. Эр жеткенде Египетке кетип дин илимин алгым келет. Анткени атам «Хизб ут-Тахрир» жамаатын ээрчип мени таштап кеткен болот. Апам дайынсыз жоголот. Ал эми экинчи образымда «Кырк чоро» өкүлү боломун. «Кырк чоро» кандай болушу керек? Жолдон адашкандарды же зордукка дуушар болгон кыздарды кордообу? Негизи эле алардын максаттары кандай болушу шарт? Ушул суроолорго жооп бергенге аракет кыламын. Үчүнчү образда карылар үйүндө каза болгон энени акыркы сапарга узатуудагы молдонун ролун аткарамын. Жалпылап айтканда бул чыгармада ар бир үй-бүлө ыйык экендиги, ар бир жаран үй-бүлөсүн чачыратып, таландыга таштабай ыйык тутушу керек экендиги тууралуу сөз болот».

Спектаклдин режиссёру Чагалдак Замирбек уулу идеясын вербатим жанрында ишке ашыра аларына ишенген. Ага идея «Бүгүнкү күндө биз эмне менен ойлонобуз, кандай жолдо бара жатабыз? Келечегибиз ачыкпы же туманбы?» деген ойлордон улам пайда болгон.

«Биздин каармандар жертөлөнүн кире беришинде ойношот. Негизинен актёрлор жылтырак кийинип алып, сахнада образ жаратып көнүп калышкан эмеспи. Ал эми биздин оюн - документалдуу спектакль. Жашоо кандай болсо ошондой көрсөткөнгө аракет кылдык. Театрдагы салттык калыптанып калган көрүнүштөн алыстадык. Биз, бүгүнкү күндөгү адамдар, терезени ачып эмне менен дем алып жатканыбызга кайдыгер болбошубуз керек. Идея жаралганда алгач «каармандар кимдер болушу керек, алар жашоодо кандай көрүнүштөргө ээ, алардын тагдыр жиптери кандай чырмалышкан, алар өздөрү чоңоюп өскөн уясын эстешеби, элестеринде басып өткөн издерине кайтып келишеби, келечекти көздөй умтулушабы» деген өңүттөгү суроолорго жооп издедим. Канчалык деңгээлде оюбузду ишке ашыра алганыбызга көрөрмандар баа берер».

Вербатим жанрындагы спектаклдердин өзгөчөлүгү - актёр журналист катары ар кандай адамдар менен маектешет. Актёр окуянын майда-чүйдөсүнө чейин «маектеши» менен деталдуу, чынчыл жана ачык сүйлөшүшү зарыл. Мындай жол актёрдун чагылдыра турган ролуна жеткиликтүү даярданышына өбөлгө болот. Ошону менен бирге ал режиссура, сценарий жазуу, окуу жана образ жаратуу тажрыйбасына ээ болот. Мунун бардыгы видеого же аудиого жазылып, андан соң көрүүчүгө так жеткириш үчүн адамдын образы изилденет. Көрсөтүүдө актёр монтаждалбай турган текстти колдонот, аны кооздоо, кыскартуу, толуктоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG