Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

Бабур театры Интернетте флешмоб уюштурду


Бабур театрынын артисттери.
Бабур театрынын артисттери.

Кыргызстандагы театр артисттери карантин убагында элге өнөрүн Интернеттен тартуулап жатышат.

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театры «Демон» («Азезил») деген спектаклди «YouTube» порталында сунуш кылды. Ысык-Көлдөгү жана Оштогу театрлардын артисттери ыр, бий жана актерлук чеберчилик менен флешмоб башташты.

Акцияны Бабур театрынын жамаатынын мисалында айтып беребиз.

«Саламатсыздарбы! Менин аты-жөнүм - Телегина Оксана. Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык театрынын чоң жана ынтымактуу жамаатынын атынан салам айтам жана сиздерге ажайып бий тартуулайм. Биз баарыбыз үйдө отурууга тийишпиз. Эгер сыртка чыксак беткап кийгенди унутпайлы», - деп чакырык таштаган Оксана атлас көйнөкчөн, беткапчан, чимериле «Анжиян полькасына» бийлеген видеосун 17-апрелде жарыялаган.

Флешмобдо актер, сахнада сүйлөө маданияты боюнча педагог Шухратбек Азимов дарыгердин образында күлкү тартуулады.

Дагы бир актер Рахимжон Косимов «Ааламды сактагыла, адамды сактагыла» деген ырын тартуулап, элди үйдө отурууга үндөдү.

Ырдап, бийлеп, өнөр тартуулаган актёр-актрисалардын видеолорун театрдын жетекчиси Азам Рахим Абдуразаков «Фейсбукка» жарыялай баштады.

Азам мырза флешмоб жөнүндө «Азаттыкка» буларды айтып берди:

- Бул театр жамаатынын демилгеси болду. Карантин башталган алгачкы күндөрү башка театрлардагы кесиптештерибиз да ушундай флешмоб уюштуруп, азыркыга чейин уланууда. Анын үстүнө чыгармачылыкты онлайн тартуулап, элдин көңүлүн көтөрүп турууну Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин (20-апрель) Бабур театрынын жамааты 20га жакын ар кандай видео тартуулашты.

- Флешмобго катышкандарга жетекчи катары сиз же режиссёр «сен ырдайсың», «сен бийлейсиң», «сен роль аткарасың» деп алдын-ала тапшырма бердиңерби?

Азам Рахим Абдуразаков.
Азам Рахим Абдуразаков.

- Негизи, ар кимдин тандоосуна жараша. Бирок азыр жаңы жамааттык идеялар пайда боло баштады. Жакын арада кызыктуу, кесипкөй даражадагы ролик даярдап, аны элге сунуш кылабыз. Флешмобду карантин аяктаганга чейин уланта беребиз. Элге жакын экенибизди ушул акция менен далилдегибиз келет.

- Бишкектеги Улуттук орус драма театры көрүүчүсү жок коюлган спектаклдин видеосун «YouTube» аркылуу сунуш кылды. Сиздерде ушундай план барбы?

- Онлайн спектакль даярдоо планыбызда жок. Мурда ойногон же даярдап жүргөн спектаклдердин видеого тартылган учурларынан үзүндүлөрдү чыгарабыз. Азырынча толук спектаклди онлайн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок.

- «Даярдап жүргөн спектаклдер» деп калдыңыз, сыр болбосо алар кайсы чыгармалар?

Сыр эмес. Бизде жылдын биринчи чейрегине пландаган үч спектакль бар болчу. Биринчиси - Султан Раевдин «Таажы» чыгармасынын негизинде даярдалган. Биз аны элге тартуулаганга жетишкенбиз.

«Таажы» спектаклинен тартылган сүрөт.
«Таажы» спектаклинен тартылган сүрөт.

Экинчиси - Мукаддас Мамадалиеванын «Кемпирге жуучу келди» деген комедиясы. Аны көркөм кеңештин кароосунан өткөрдүк, бирок элге тартуулаганга чейин карантин башталып кетти.

Үчүнчүсү - Султан Раевдин «Лейлектердин ыйы» деген чыгармасы. Аны көркөм кеңешке тапшыралы деп турганбыз. Буюрса, алдыда жакшы күндөр бар. Карантин бүтөрү менен көрөрмандарды үч спектаклге чакырабыз. Эмнеге үч спектаклди биринин артынан бирин даярдагыныбыздын себеби, ушул жылы театрыбыз ремонттолот деп планга киргизилген. Оңдоп-түзөө башталгыча чыгармаларды даярдап коёлу, мүмкүн болушунча көрөрмандарга сунуш кылалы дегенбиз.

Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири болуп эсептелген Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театры 1918-жылы ачылган. Ага 2004-жылы президенттин жарлыгы менен академиялык деген статус берилген. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам иштейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG