Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Интернет театрга жаңы жолду көргөздү


"Саманчынын жолу" спектакли. (Архивдик сүрөт)
"Саманчынын жолу" спектакли. (Архивдик сүрөт)

Пандемия башталган март айынан бери Кыргызстандагы театрлар онлайнга көчтү. Бир нече спектаклди теле жана социалдык тармактар аркылуу элге тартуулашты.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата уюштурган театрлардын телефестивалын июнь айынын соңунда жыйынтыктады.

24-июнда алтынчы болуп драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Үмүт” спектакли коюлду.

Башкалардан айырмаланып бул спектакль алгачкы жолу сахналаштырылып жатат. “Үмүттөн” биз согушка кеткен эки уулунан кара кагаз келсе да, үмүтүн үзбөй өмүр бою күткөн энени көрөбүз.

Спектаклди койгон режиссёр Уланмырза Карыпбаев онлайн форматтын театр үчүн оң да, терс да жагы бар деп эсептейт. Ал сахнанын чыныгы касиети көрүүчүлөр аркылуу гана ачыла турганына токтолду.

"Сахнада актёр, залда көрүүчү болгондо гана тирүү энергиянын алмашуусу жүрөт. Себеби, бир тарап оюнду көргөнү келет, экинчи тарап оюнду тартуулайт. Заманга жараша театрлар онлайн форматка өтүп жатат. Мунун жакшы жери - эмгек Интернет аркылуу жүздөгөн, балким миңдеген кишиге жетип жатат".

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.

Бул моноспектаклде баш каармандын ролун Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова аткарды.

Актриса онлайн форматта көрсөтүлгөн спектакль ал үчүн жаңы сыноо болгонун айтууда. Буга чейин көрүүчүлөрдүн алдында оюн аткарып келсе, камеранын артындагы миңдеген адам спектаклди көрүп жатканын сезүү да чоң жоопкерчилик экенин белгиледи:

"Биз карантин учурунда жок болуп калган кеткен жокпуз, ар бир театр өз алына жараша көрүүчүлөргө эмгектерин тартуулап жатат. Бул дагы жакшылык, бул дагы ийгилик!".

Баш каармандын жаш кезиндеги элесин кыл кыякчы Залина Касымова чагылдырды.

"Жан дүйнөм сезген нерсени кыл кыяк менен бергенге аракет жасадым. Кыл кыяктын моноспектаклде ойнолушу эң алгачкы тажрыйба болду. Мен дагы алгачкы ролумду жараттым".

“Үмүт” моноспектакли КТРКнын Маданият- Тарых- Тил, ЭлТРдин Илим- Билим телеканалынан жана министрликтин "Фейсбук" баракчасынан көрсөтүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу онлайн спектакль ал үчүн ачылыш болгонун айтты:

"Бул мен үчүн чоң ачылыш болду. Себеби, бул моноспектакль эле. Кантип бир адам аткарат, кантип көрүүчүлөр бир саат чыдап көрөт деп аябай ойлондум. Бирок театрга баргандай эле сезимде болдум, эч кандай айырма сезген жокмун. Өкүнүчтүүсү - ушундай онлайн иш-чараларды кеңири аудитория кабыл албай жаткандай сезилди".

Ал эми маданиятка эмгек сиңирген ишмер, режиссёр Талант Апыев Интернет мындан ары театр менен көрүүчү ортосундагы көпүрөнү оңдоого жардам берет деген пикирде:

"Спектаклди сайтка жүктөп койгондун жакшы жери бар экен, көрүүчүлөр аны каалаган убакта, каалаган саатта көрүп алышат. Алгач жүктөгөндө көрүүчүлөрдүн саны миңден ашып кеткен. Ушундан улам мурда эле ушинтип жалпы көрүүчүлөргө көргөнгө шарт түзүп берсек болмок экен деп ойлодум. Анткени, көп жылдан бери көрүүчү менен театрдын ортосундагы көпүрө үзүлүп калган".

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган театрлардын телефестивалы 22-июнда башталып, 28-июнга чейин болду. Бул телефестивалга өлкө боюнча 14 театр катышты.

Фестивал учурунда Б. Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келээр”, Ч. Айтматовдун “Бетме-бет”, “Жамийла”, “Атадан калган туяк” “Саманчынын жолу” ж.б. бир топ авторлордун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер элдин назарына сунушталды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG