Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Театрлардын бүтпөгөн ремонту


Опера жана балет театры оңдолуп жаткан учур. Сүрөттүн автору Ю.Чалова.
Опера жана балет театры оңдолуп жаткан учур. Сүрөттүн автору Ю.Чалова.

Имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөр үчүн убактылуу жабык болот. Ал эми Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры ноябрь айында ишке кирет.

Быйыл Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов буга чейин аталган маданий очоктун сырты жана кире биришиндеги биринчи кабаты гана кайра жасалганын айтып, учурда эмне иштер жүрүп жатканын түшүндүрдү:

«Капиталдык ремонт азыр жасалып жатат. 2007-жылы жасалган экен. Анын баары суу өтүп талкаланыптыр. Канализациянын көп жери тешилип, суу кетпей жаман болуп калган. Санитардык түйүн бүтүндөй алмашылды. Душ бөлмөлөрүнүн баары бузулуп, кайрадан жаңы салынды. 1955-жылы театр ишке берилген кезден бери алмашылбай келген, чирип, жарабай калган. Алар жүз пайыз алмашылды. Дубалдарды бузуп, заманбап курулуш кылдык. Театр имаратынын ичинен ондой машине таштанды чыгарылды. Капиталдык ремонт деген ушундай болот».

Турапов артисттердин бөлмөлөрү, сахнаны жарыктандыруу, көшөгөнү өйдө-ылдый жылдырган тетиктер, лифт жаңыртылганын, көп жылдан бери иштебей калган ички байланыш, өрт коопсуздугу боюнча кабар берген система оңдолгонун, бул иштерге жалпы жонунан 40 миллион сом каражат жумшалганын кошумчалады. Жетекчинин айтымында, театралдык сезон ноябрда ачылат.

Ал эми Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери толук баштала элек. Ушуну эске алганда ремонт иштери жаңы жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Чыгармачылык жамаат өзү болсо ишин улантып, Ош шаарында өтө турган «Арт Ордо» эл аралык театр фестивалына катышууга даярданып жатат. Ал жөнүндө театр жетекчиси Асылбек Өзүбеков айтып берди:

«Биздеги ремонт иштери январга чейин созулушу мүмкүн. Мамлекеттик сатып алуу боюнча тендер өткөрүп, долбоорлорду чийип, анан жумушчулар келип ишти баштаганча убакыт ошол убакка чейин созулуп кетчүдөй. Ошондуктан быйыл бизде ремонтко байланыштуу театралдык сезон ачылбайт. Бирок октябрь айынан баштап биздин чыгармачыл жамаат Бишкектин тегерегин кыдырып оюн коё баштайт. Жогорку окуу жайларына барабыз. Чүй зонасын толук кыдырабыз».

Өкмөт Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын толук оңдоп-түзөөгө 84 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

Аймактардагы театрлардан Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого 16 миллион сом берилген. Театр жетекчиси Шералы Бекташев ремонт иштери театрда сентябрь айында өтө турган маданий иш-чараларга тоскоолдук кылбай тургандай, бөлүк-бөлүк менен жүргүзүлөрүн билдирди.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры да быйыл жүз миллион сомго чукул каражатка оңдоп-түзөлөт. Бирок учурда аталган имаратта курулуш иштери баштала элек. Бул тууралуу аталган театрдын көркөм жетекчиси Акимбек Текешов маалымдады:

«Бул эми тендер өткөндөн кийин билинет да. Тендерди ким утуп алса алар оңдоп-түзөө иштерин эмнеден баштай турганы чечилет. Ошого жараша биздин иш графигибиз да такталат».

Текешов анткен менен чыгармачыл топтун иш планында алдыда Казакстан, Орусия театрлары келип оюн коёру, өздөрү Орусияга гастролго чыгары белгиленгенин кошумчалады.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, жогорудагы маданий борборлордун имараттары 1970-1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Быйыл өкмөт театралдык мекемелерди оңдоого казынадан 198 миллион сом бөлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG