Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Кайрылуусу бар, карааны жок президент


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү абал боюнча элге жана саясий күчтөргө экинчи жолу кайрылды. Ал дагы бир ирет саясий лидерлерди мыйзамдык талаага кайтууга чакырып, бийликке келүүнү каалагандар максатына жетишкенин айтты.

Сооронбай Жээнбековдун администрациясы жайгашкан имаратты алдырган күндөн бери элге эки жолу кайрылды. Анын чакан тексттин басма сөз кызматы таратты. Кайрылуу элге жана саясий күчтөргө багытталып, президент мыйзамдык талаага кайтып келүү керектигин кайталап жатат.

7-октябрдагы соңку билдирүүсүндө адам өмүрүн тобокелдикке салбоо үчүн Ак үйгө чабуул жасагандарга каршы күч колдонулбаганын, өзгөчө абал киргизүү жөнүндө даярдалган жарлыкка да ушундан улам кол койбогонун белгиледи.

«Жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештеримди токтоттум. Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз», - деди президент.

Жээнбековдун басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул тапта мамлекет башчы Бишкек шаарында экенин кабарлады. Бирок кайсы жерде экенин тактаган жок. 6-октябрда ал Би-Би-Синин кыргыз кызматына телефондон берген маегинде өлкөдөгү кырдаал курч экенин, бир топ саясий күчтөр кызмат бөлүштүрүү менен алек болуп жатканын айтып, аларды диалогго чакырды.

«Легитимдүү президент катары менен ролум маанилүү. Ошондуктан мен бириктирүүчү арбитр милдетин аткарып, абалды турукташтыруу үчүн бардык күчтөрдү чогултуп, сүйлөшкөнгө даяр болушум керек. Бул менин милдетим. Мен даярмын. Саясий абалга абдан тынчсызданып турам. Мындай болбош керек эле. Эми болуп кетти. Азыр арбитрдык милдеттерди аткаруу менин негизги ролум», - деди президент.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, мөөнөтсүз митингге чыккан партиялардын тарапкерлери 6-октябрга караган түнү президент жана анын аппараты, парламент жайгашкан имаратты, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) басып алып, абактагы саясатчыларды бошоткон. Андан бери Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөр менен жолугуп сүйлөшкөнү тууралуу маалымат жок.

5-октябрдан бери митинг уюштуруп жаткандар менен оппозициячыл саясий партиялар президентти кызматтан кетүүгө чакырып, ага импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүштү. 7-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы нааразылык акциясында Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева иш жүзүндө президент кызматта эмес экенин айтты.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Парламент президентке импичмент жарыялаш керек. Ал азыр президент эмес. Ал өз элин сатып кетти, атты. Президент чыгып алып «мен азыркыга чейин президентмин» деп сүйлөп жатат. Ооба де-юре ал президент, де-факто ал президент эмес. Себеби, 6-октябрда ага каршы 20 миң киши чогулду. Азыр бардыгы мыйзам чегинде болуш үчүн, 5-10 жылдан кийин сөзү чоң болбошу үчүн парламент чогулуш керек да импичмент жарыялаш керек».

Ушул эле нааразылык акцияда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Мирлан Жээнчороев да президентти кызматтан кетүүгө чакырды.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Биз бийликти кетирмейинче, бандиттер менен коррупционерлер кетпейт. Президентке импичмент жарыялап, Жээнбеков кызматтан кетиш керек. Соке кетсин! Райым камалсын! Бүгүн бийлик талашпай бийликти мыйзамдаштыруу керек. Бандиттердин артына бекенип албай өкмөттү ачык дайындаш керек. Ал үчүн парламент чогулушу керек».

Президент жана анын аппаратты бул талаптарга жооп бере элек. Басма сөз кызматына жана президенттин администрациясынын кызматкерлерине бир нече жолу чалып байланыша алган жокпуз. «Азаттык» мамлекет башчынын өзүнө да сөз берүүгө даяр.

Бул күндөрү премьер-министрлик кызматка бир нече талапкерлер чыгып, өкмөт башчылык кызмат талашка түштү. Өлкөдөгү күч тармагын болсо Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу, парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан Өмүрбек Суваналиев көзөмөлдөп жатат. Ал Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын директору, орус армиясынын генералы Александр Бортников менен Кыргызстандагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук маселелерин талкуулаганга да жетишти.

Ушул эле партия менен шайлоого катышкан Курсан Асанов Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жатат. Облустарда мурдагы жетекчилер кетип ордуна сүрмө топтун күчү менен башкалар келүүдө.

Ош шаарында болсо мэрдин орду талашка түштү. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев президенттин айланасындагы туңгуюк абал боюнча комментарий берди.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Мамлекетте чукул кадамдарды жасай турчу абал түзүлүп калды. Конституция тынч замандагыдай иштеш керек деген жаңылыш пикир. Бирок бардык саясий күчтөр укуктук талаага кайтууга болушунча аракет кылыш керек. Тилекке каршы президент жумуш ордунда жок. Ошол эле учурда ал эл тарабынан шайланган мыйзамдуу президент. Ал киши кызматка чыгыш керек деп отура берсек кырдаал күндөн-күнгө күчөй берет. Ушул абалды өз пайдасына пайдаланууну каалаган күчтөр көп. Азыр ойду-тоону сүйлөй берсек, элди кыйнап коёбуз. Эки-үч күндүн ичинде президент ары же бери болот болуш керек».

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо негизги атаандашы Өмүрбек Бабановду жеңип, президент болуп шайланган. Ошол эле жылы 24-ноябрда инаугурациясы өтүп, ант берген.

Коомчулукта Жээнбековду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары баалагандар анын таасири астында каларын айтышкан. Бирок саясий келишпестиктерден улам экөөнүн мамилеси начарлап кеткен. Кийин Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыпталып, быйыл 23-июнда 11 жыл, эки айга соттолгон. 6-октябрга караган түнү болгон башаламандыктарда ал УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Президентти катуу сындап келген саясатчы Бектур Асанов Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетпеш керек деген ойду карманат.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Президент качкан жок. Ошондуктан ал ишин улантыш керек. Ак үйдү оңдоп-түздөгөндөн кийин кайра ишке чыгышы керек. Буга анын толук моралдык укугу бар. Себеби, эл аны алты жылга президент кылып шайлаган».

Кыргызстанда 2005-жылдагы элдик толкуундоолордо Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Орусияга качып кеткен. Андан бери Орусияда жашап атат.

Акаевдан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев 2010-жылдагы революциядан кийин үй-бүлөсү, туугандары менен чет өлкөгө качып кеткен. Качкын президент ушул тапта үй-бүлөсү менен Беларуста баш калкалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG