Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Жапаровду бекиткен токтом жараган жок


Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. 13-октябрь, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. 13-октябрь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүн жана программасын бекиткен парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирди.

Президенттин сайты тараткан маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков 13-октябрда Садыр Жапаров менен жолугушту. Анда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланган. Жээнбеков өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирип, токтомду кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын айткан.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин сайты «мамлекет башчы аталган маселени Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат», деп жазды.

Буга чейин президенттин сайты мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен Бишкекке келген Дмитрий Козак менен жолугушканын билдирди. Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен Жээнбековдун жолугушуусуна Садыр Жапаров да катышканы кабарланат. Президенттин сайтында Садыр Жапаровдун кызматы көрсөтүлгөн эмес жана эмне жөнүндө сөз болгону кенен айтылган жок.

Эксперттердин сунуштары

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон бери саясий кризис өкүм сүрүүдө. Жергиликтүү талдоочулар, коомдук жана саясий ишмерлер азыркы кырдаалдан чыгуунун түрдүү жолдорун сунуш кылып жатышат.

13-октябрда коомдук ишмерлер, саясат талдоочулар катышкан жыйында парламенттин экс-спикери Абдыганы Эркебаев учурда тез аранын ичинде Жогорку Кеңеш бардык мыйзамдарды сактоо менен премьер-министрди, өкмөт курамын бекитиши керек экенин белгиледи. Эркебаевдин пикиринде, 6-октябрдан кийин чогулган парламент өкүлдөрүнүн жыйындары, анда чыгарылган чечимдер мыйзамсыз. Мурдагы төрага эки жыйында тең бир нече конституциялык мыйзам бузулганын белгилеп, мыйзамсыз шайланган бийликти эл аралык коомчулук тааныбай коюшу мүмкүн экенин эскертти:

«Конституциянын талаптарына ылайык, кворумду камсыз кылып, мейли, Садыр Жапаровду кайра шайлап берсин. Азыр белгисиздик, дагы эле чечимдер талаш жаратып жатат. Анын эң өкүнүчтүүсү - өкмөттү эл аралык коомчулук тааныбайт. Бардык инвестиция, сырттан келген жардам токтотулат. Ал эми президент укуктук алкакка түшкөнгө чейин иштеп, анан өзү айткандан кийин кетиши керек».

Жыйындагы көпчүлүк эксперттер Эркебаевдин пикирине үндөш позицияда экенин айтышты. Алар өлкө саясий кризисте турганда парламент өз ролун аткара албай жатканын сындап, кырдаалдан чыгууга эл өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү болууга чакырышты. Бирок парламенттин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев Жапаровдун өкмөт башчылыгы боюнча шек санап жаткан саясий күчтөрдү сындады. Молдобаев Жапаровдун колдоочулары көп экенин эске алып, тараптар чогуу отуруп сүйлөшүүгө барбаса өлкөнүн туруктуулугуна шек жаратарын айтты:

«Азыр от менен ойноп атабыз. Бир ширеңке чоң токойду өрттөп салат. Азыр биз туура эмес сөзүбүз менен элди кайра бир нерсеге түртөбүз. Милициянын элге алы жетпесе, армия келсе анын куралын тартып алып талаа башчылары пайда болуп чатак чыкса эмне болот? Мунун баарын президент түшүнүп, «кетем» деп жатат. Азыр күндө бирөө чыга калып, абалды улам ырбатып жатат. Бир столго отуруп сүйлөшсүн».

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев дүйнөлүк уюмдар Кыргызстандагы легитимдүү бийликтин жалгыз өкүлү катары Жээнбековду гана таанып жатканын, андыктан тышкы жардам токтоп калбашы үчүн ал кызматта калышы керек экенин белгиледи. Ал эми Жапаровдун легитимдүүлүгүн бекитип бериш үчүн парламентте кворуму бар жыйын чогулушу зарыл болорун билдирди:

«Рим укугуна кирип, аны кабыл алыш керек деген туура эмес. Анда чаң-тополоң башталат. Азырынча Садыр Жапаров лидер. Ал калсын. Президент да эл аралык коомчулук алдында легитимдүү. Ушундай эки конструкция. Баланс болот. Азырынча... Легитимдүү парламент келгенде президент кетем десе кетсин».

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный турганын билдирген.

10-октябрда парламент депутаттарынын тобу кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандык учурунда башка саясатчылардын катарында абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров жетектеген жаңы өкмөттү бекиткен. Бул чечимди бекиткен токтомго жыйынды башкарган вице-спикер Мирлан Бакиров кол койгонун 12-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Ал токтом президенттин аппаратына келип түшкөн. Садыр Жапаров өкмөт үйүндө премьер-министр катары жыйындарды өткөрө баштады.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү, бир катар саясий күчтөр Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону легитимсиз деп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү бүгүн, 13-октябрда кезексиз жыйынга чогулууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG