Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Эл менен бийлик, эки ортодо эзилген милиция


Бишкекте 5-6-октябрдагы башаламандыктарда ички иштер органдарынын 600дөн ашык кызматкери жаракат алган. 5-октябрь, Бишкек шаары.
Бишкекте 5-6-октябрдагы башаламандыктарда ички иштер органдарынын 600дөн ашык кызматкери жаракат алган. 5-октябрь, Бишкек шаары.

Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү элдик толкундоо жана башаламандык маалында ички иштер органдарынын 626 кызматкери жабыркаган.

Тоз-тополоңдо жаалданган элден таяк жеген милиция кызматкерлеринин көбү башынан жаракат алган. Алар ошол күнкү окуяларды ачык айтып берүүнү каалашпайт. Биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандар менен милициянын кагылышуусунда жаракат алган Ички коопсуздук аскер кызматынын эки кызматкери менен телефондон сүйлөштүк. Экөө тең болгону 22 жашта. Алар мындай окуяларга биринчи жолу катышканын анонимдүү түрдө айтып беришти.

«Азаттык»: - Сиз 5-6-октябрь күндөрү болгон башаламандыкта кайсы жерде иштедиңиз жана милиция ушундай окуялардын болуп кетишине даяр беле?

Ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкери К.Ж: - «Аянтка аскердик техника келе баштады» деген маалымат тарабады беле. Биз ошол маалда эле аянтка барып буйрукту күтүп турганбыз. Бизде ПР 70 (союл), анан каска менен калкан эле бар болчу. Кечки саат 8дер чамасында ызы-чуу башталып кетип, «элди таркаткыла» деген буйрук түштү. Киев көчөсү менен элди таркатып Исанов көчөсүнө чейин барып, андан кийин Чүйгө түштүк. Ошол жерде элди Жогорку Кеңеш тарапка өткөзбөй кармап турдук. Түнкү саат үчкө чейин кармап турдук, бирок түндө киши көп болуп кетти. Артка жылыш керек болуп, Тоголок Молдо көчөсү тарапка кеттик. Бирок эл төрт тараптан каптап келип эч жакка жыла албай ортодо калып калдык. Түнкү саат үчтөрдө «Россия» кинотеатрынын алдында элден таяк жедик.

«Азаттык»: - Кинотеатрдын алдында канча милиция кызматкери бар эле?

К.Ж: - Болжол менен биздин топто 70-80дей кызматкер бар болчу. Ошонун баары жалгыз калдык. Башка түзүмдөрдүн кызматкерлери эбак эле чыгып-чыгып кетишиптир. Бизге болсо «болду, кайткыла» деген буйрук түшпөй калып, элдин арасында калып калдык. Башыбыздан көп жаракат алып, баш сөөктөр жабыркады. Кишилер тебелеп салышкан. Буттар жарабай калган. Дарыланып чыктык. Эми азыр жакшы.

«Азаттык»: - Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын басып алып, алар күч чыгышты көздөй баратканы тууралуу милиция кызматкерлеринде маалымат болгон эмеспи?

К.Ж: - Ар бирибизде рация бар болчу. Негизи, ошол аркылуу ички иштер министринен бизге буйрук түшүшү керек эле. Тилекке каршы, ички иштер министри ага чейин кетип калганбы же эмне болгону белгисиз. Бизге буйрук берилген жок. Ошондуктан биз калып калып «Ак үйдөн», Тоголок Молдо көчөсүнөн, бардык тараптан кишилер келатканын көрбөй калдык.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери. 6-октябрга караган түнү. Бишкек.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери. 6-октябрга караган түнү. Бишкек.

«Азаттык»: - Силерде желим ок ата турган курал, митингчилерден коргонууга башка каражаттар бар беле?

К.Ж: - Бизге алар берилген эмес. Башка түзүмдөр колдонду окшойт. Биз мындай окуяларга даяр эмес болгондуктан, газга өзүбүз да ууланып, зыяны тийип атты.

«Азаттык»: - Башаламандык учурунда митингчилер күч кызматкерлерине каршы эмнелерди колдонушту?

К.Ж: - Алар таш ыргытып атышты. Кээ бирлери темир союлдарды, жыгачтарды көтөрүп алыптыр. Биз жыгылып калганда ошолор менен чаап жатышты. Арасында ыймандуу да балдар бар экен. Чуркап келип «Тийбегиле. Булар буйрукту эле аткарат» деп элдин арасынан алып чыгып кетишти. Мени тепкилеп жатышканда бир бала келип мени коргоп үстүмө жата калганы эсимде. «Болду окшойт» деп башымды көтөрүп келатсам бирөө тепкенде башым менен асфальтка тийдим да эсимди жоготуп койдум. Эсиме келсем, Чүй менен Киев көчөлөрү жактагы короолордун бирине төрт бала мени жетелеп кирип баратыптыр. Ошондо да таш, жыгач менен чаап калгандар болду. Короого кирип кеткенде эле эки бала башка кишилердин жолун тосуп калып калышты. Калган экөө менин формамды чечип, башка кийим кийгизип туруп Бишкек шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип коюшту. «Эл Жогорку Кеңешке өтүп кетсин» деп күтүп туруп, андан кийин өздөрүнүн машинеси менен ооруканага алып барышты. Мен мындай окуяга биринчи жолу кабылдым.

Митингчилер таштанды салган челекти түртүп баратышат.
Митингчилер таштанды салган челекти түртүп баратышат.

Ички коопсуздук аскер кызматынын дагы бир кызматкери Т.Ж.

«Азаттык»: - Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды таркатууга бара турганыңызды качан билдиңиз?

Т.Ж: - Биз 5-октябрда түштөн кийин аянтка бардык. Аянтта көп эле милиция кызматкерлери бар болчу. Кечки саат сегиздерде «элди үйлөрүнө таркаткыла» деген буйрук берилди. Милиция Ала-Тоо аянтына чыгып, кишилерди тарката баштаганда көбү качып кетти. Арасында мастар көп экен. Кийин кайра көбү кетпей койду. Киев көчөсүнөн элди таркатып, Чүй, Тоголок Молдо көчөлөрүндө турдук. Акыры «Россия» кинотеатрынын жанынан митингчилерге туруштук бере албай калдык.

«Азаттык»: - Милиция үн чыгаруучу граната, көздөн жаш агыза турган газ колдонбодубу. Кишилер алардан кантип коргонуп жатты?

Т.Ж: - Алар таштанды салган челектерди тизип алып өрттөп, бизге таш ыргытып жатышты. Аны кайдан тапканын билбейбиз, бирок темир шиферлер менен коргонуп атышты. Бизде болсо союл, калкан эле бар болчу. Биз кишилер таш ыргытканда аларды тосуп, милиция кайра элге желим ок атканга шарт түзүп берип турдук. Адамдар артыбыздан да басып келет деп ойлогон эмеспиз.

«Азаттык»: - Милиция элдин курчоосунда калганын качан билдиңер?

Т.Ж: - Түнкү саат үч жарымдарда элге туруштук бере албай калдык. Адамдар да көбөйүп кетти. «Россия» кинотеатрынын алдында турганда кишилер Тоголок Молдо, Киев, бардык көчөлөрдөн, «Ак үй» жактан келе башташты. Ошондо баары жабылып келип, кинотеатрдын алдынан жаракат алдык. Эсимди жоготуп коюптурмун. Кийин ооруканада эсиме келдим. Азыр жакшы болуп калдым. Ошол жерде элдин ортосунда калып калган кызматкерлердин 80-90% башынан жаракат алды. Башка эле чаап, тебе беришкен окшойт. Колу-буту сынгандар да болду.

Нааразылык акциясына чыккандар таш ыргытышууда.
Нааразылык акциясына чыккандар таш ыргытышууда.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келди.

Расмий маалыматка караганда, 5-6-октябрдагы окуяларда миңден ашуун киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алса, 439уна биринчи медициналык жардам берилген.

Окуяда жараат алган 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болду. Мындан тышкары желим ок тийип көзүнөн айрылгандар да бар.

Өлкөдө 2005-2010-жылдагы элдик толкундоолордо, 2019-жылы Кой-Таш окуясында да эл менен милиция кагылышып, жарандар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаракат алып, каза болгон. Укук коргоо органдарында бир топ жыл иштеген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Кыргызстандагы соңку жылдардагы окуялар тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Кыргызстанда башаламандык болгон сайын эл менен укук коргоо органдары кагылышат. Милиция кызматкерлери аягында кароосуз калып, ур-токмокко алынышына ким жооп бериши керек?

Туратбек Мадылбеков: - 2005-жылдан бери, керек болсо 1990-жылдан бери ушундай ызы-чууда милиция кызматкерлери көп жаракат алат. Арасында каза болгондор, майып болуп калгандар бар. Алар - уставдын, мыйзамдын негизинде өз милдетин аткарып жаткан кызматкерлер. Саясатчылар элди көтөрүп, ошонун негизинде таяк жеген милиция кызматкерлери көбөйүп баратат. Алар да биздин эле балдар да.

«Азаттык»: - Милиция кызматкерлери эмне себептен ар дайым ушундай абалда калат?

Туратбек Мадылбеков: - Биринчиден, президенттин, премьер-министрдин жана ички иштер министринин чоркоктугунан милиция таяк жеп келет. Жетекчилердин көзүн май басып, мурдунан алысты көрө албай калганда милиция эл тарапта боло албай же кызматын так аткара албай ортодо калууда. Ички иштер министрлигинин башчылары башаламандыкта абалды көзөмөлдөп, ошого жараша чечимдерди кабыл алып турушу керек да.

«Азаттык»: - Мындай окуялар мындан ары да кайталанбашы үчүн эми эмне кылыш керек, кандай иштер жасалышы зарыл?

Туратбек Мадылбеков: - Милицияны кантип коргой алабыз? Ушуну ойлонушубуз керек. Бизде өз ишин мыкты билбеген адамдар кызматка келип алып, милдетин так аткара албай кол алдындагы кызматкерлерин талаага таштап кетип жатышат. Мындай окуя 2005-2010-жылдары болгон. 2020-жылы да кайталанды. Биз милицияны элге каршы коёбуз деп атып укук коргоо кызматкерлери көп жабыркап калууда.

Жараланган жаштар, үзүлө элек үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:07 0:00

XS
SM
MD
LG