Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

Жаштарды курчуткан жана сабак болгон саясий жүрүштөр


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек. 5-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек. 5-октябрь, 2020-жыл.

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков 9-октябрдагы окуялардын негизинде "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" беренеси менен айыпталып жаткандардын эң кенжеси.

22 жаштагы Султанбеков өзүнүн кармалышын мыйзамсыз деп эсептеп, каршылык көрсөтүү максатында ачкачылык жарыялаган.

Ал 12-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10-декабрга чейин камакта калтырылды. Султанбеков буга чейин темир тор артынан тарапташтарына мындай кайрылуу жолдогон:

“Азыркыга чейин мени эмне үчүн кармашканын өздөрү да түшүнбөй жатышат. Бир сутка мурда мен ачкачылык жарыялагам, чыдап жатам, бирок чындыгында табитим да жок. Балким менин өлүмүм бир нерсени өзгөртөт? Менин эч кандай күнөөм жок, мени бийликти ачык, чындыкты айтып сындаганым үчүн гана отургузушту”.

Темирлан Султанбековдун абактан жазган каты
Темирлан Султанбековдун абактан жазган каты

Темирлан Султанбеков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясы менен катышып, үгүт маалында теледебаттарда эл оозуна алынган. Ал президент Сооронбай Жээнбековду, азыркы бийлик өкүлдөрүн катуу сынга алгандардын бири. Элдик толкундоо башталган 5-октябрда да аянтта сөз сүйлөгөн эле.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана бир катар саясатчылар катышкан тынч митинг өтүп жатканда чагым жасалып, башаламандык пайда болгон. Жыйынтыгында Улуттук госпиталга денесинен түрдүү жараат алган жети киши жаткырылганы кабарланган. Алардын бири – жаш саясатчы Тилек Токтогазиев. Ал Ала-Тоо аянтындагы окуядан кийин коомчулукка чыга элек.

Активист Улан Үсөйүн Токтогазиевдин абалы туруктуу экенин, толук айыгып чыгары менен саясий талаага кайтып келе турганын билдирди.

“Күч органдарынын кызматкерлери Тилек жаткан ооруканага да келип кетиптир. Аларды дарыгерлер киргизбей койгон. Темирлан Султанбековдун камалышын, Токтогазиевдин жараат алышын жаштарга болгон эскертүү катары кабыл алсак болот. Бизге деле күнүгө коркутуу болуп жатат. Эртең мени деле суракка чакырса таң калбайм. Анткени жаштар бири-бирибизге жолукпаганыбыз менен онлайн иштеп жатабыз. Азыркы бийлик ушундай жол менен активдүү жаштардын оозун жапканга далалат кылууда”.

Улан Үсөйүн өзүнүн дарегине дагы күнүгө коркутуу келип жаткандыктан, көп көчөгө чыкпаганга аракет кылып жатканын айтты.

Улан Үсөйүн буга чейин Инстаграм баракчасына болуп өткөн окуялар аларды курчутканын, күрөш токтобой турганын жазган эле.

"Азырынча жеңилген тарап Соке, Раим болду деп туралы, балким ОПГны деле жаңы өкмөт жеңип салаар. Эми, Садыр Жапаровду иште деп тепкилеп, көзөмөлдөп туралы! Жарандык коом сиздер азаматсыңар! Сыймыктанам! Бирок, өзүңөрдү таштап койбой, мындан да жакшы иштеп, жарандарды агарта берели. Күчтөнөлү! Баарыбызга аманчылык! Ар бир окуянын жеңиши, жакшы жагы бар! Анан айта кетчү нерсе, мен Садыр Жапаровду колдойм дегеним жок! Мен дайым мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын тарабындамын!", - деген Үсөйүн.

"Жаштардын үмүтү акталган жок"

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп борбордук аянтка чогулгандардын көпчүлүгү жаштар болгон. Алар саясатта көп жылдан бери жүргөн адамдардан тажаганын, “Люстрация жөнүндө” мыйзам кабыл алуу керектигин да айтышкан. Мындан тышкары элдик толкундоолордун эртеси кыймыл түзүп, саясий чечимдерди кабыл алууда жаштар менен эсептешүүнү талап кылышкан.

Юрист Жоомарт Жолдошев жаштар улуу муундагы саясатчылардын көлөкөсүндө калды дегенге толугу менен макул.

Жоомарт Жолдошев
Жоомарт Жолдошев

“Жаштар борбордук аянтка өлкөнүн келечеги үчүн чыккан. Биз кыргыз саясатынын жаңыланышын каалаганбыз. Бирок жаштар ынтымакка келе алган жок. Баягы эле саясатчыларды тегеректеп, ошолорду колдоп, аларга кошулуп кетти. Биз жакшы эле “эч кимге кошулбагыла, аралашпагыла” деп айтып жаттык. Бирок эскилердин амалы көп экен. Жыйынтыгында жаштардын көпчүлүгү саясий оюндардын курмандыгы болуп калды”.

Жаштардын орду элдик толкундоолордун эртеси дагы билинди. Алар Бишкек шаарындагы абалды көзөмөлгө алып дүкөн, соода борборлорун, мамлекеттик мекемелерди талоонго калтырган жок.

Ошондой эле пандемия маалында өкмөттүн ишин жеңилдетип, бейтаптарга жардам берген эле.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек жаштардын саясий иштерден четтеп калышын мындай деп чечмеледи:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Жаштар топ-топко бөлүнүп эле бир нерсе кылганга аракет кылып, такыр бириге албай коюшту. Биздин бири-бирибизге каршы келген стереотиптерибиз көп экен. Жаштарды бириктире турган идея же лидер дагы болгон жок. Ошол күндөрү эмне кыларыбызды билбей калдык. Окуялар абдан тез өнүккөндүктөн жаштардын көпчүлүгү эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Азыркы маалда жаштар алданганын, унутта калганын түшүнүштү”.

Руслан Акматбек бул көрүнүшкө таң калуунун кереги жоктугун айтып, 2005-2010-жылдардагы революция да жаштардын колу менен жасалганын, бирок үзүрүн эски саясатчылар көргөнүн кошумчалады.

Эки топтун кагылышына ким жооптуу?

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Массалык башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталып, атайын экспертиза дайындалды. Кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев, тарапташы Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков айыпталып жатат. Бул иш боюнча мурдагы депутат Равшан Жээнбеков дагы сурак берип чыкты.

Эксперт Жолборс Жоробеков саясатчылардын жоопкерчилиги боюнча буларга токтолду:

“Борбордук аянтта кагылышкан эки топту баштап келген саясатчылардын күнөөсү ат көтөргүс. Алар ушундай кагылышуу болуп кетерин ойлошу керек эле. Анткени аянтта агресивдүү маанайдагы адамдар көп болчу. Тилекке каршы, саясатчылар 2005-жылдан бери элди курал кылганды жакшы өздөштүрдү”.

9-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов баштаган топ Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүү үчүн барган. Ал эми өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулган. Жапаровду колдогондор Ала-Тоо аянтына келип, эки топтун ортосуна чагым жасалып, башаламандык пайда болгон.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов элге күч колдонуп, таш ыргыткандар дагы камалышы керектигин айтты.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Акыл-эске салып караганда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов тынчтык митингин өткөрүп жатышкан. Ошол маалда 150-200дөй агрессивдүү топ пайда болуп акция өткөрүп жаткан адамдарга кол салышты. Таяк менен урушту, таш ыргытылды. Жыйынтында башы жарылган адамдар болду. Кылмыш иши ушуга байланыштуу козголушу керек. Эгер тергөөчүлөрдө Атамбаев менен Бабанов баштаган топтун тескери ойлору жөнүндө маалымат болсо, анда бул вариантты да карап көрүш керек. Биз кайсыл тараптын биринчи болуп кол салганын көрдүк да. Митинг өткөрүп жаткан адамдарга кылмыш ишин козгоо акылга сыйбаган көрүнүш”.

5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон жети пайыздык босого чекти өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг өткөргөн.

Нааразылык акциясынын жыйынтыгы башаламандыкка айланып, милиция менен элдин кагылышуусунан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болуп, 900дөн ашык адам жараат алган.

Үмүтбектин үмүтү да акталаар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG