Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Жаштар чыгармачылыгын жаңыча жайылтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактар акындардын ырларын жайылтууда жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.

Соцтармакта алыскы аймактарда жашап өз чыгармаларын жарыялап, окурмандар тарабынан акын аталгандар бар. «Азаттык» «Чыгармачыл адамдар чыгармаларын соцтармактарда жайылтуунун кандай жолдорун колдонушат?» суроосунун алкагында сурамжылоо жүргүздү. Ага бир катар чыгармачыл адамдар, окурмандар катышты.

Сурамжылоого катышкан чыгармачыл адамдар бир ооздон социалдык тармактар акын-жазуучулар, адабиятчылар үчүн эң жакшы аудитория болуп калганын айтышты.

Акын Эрлан Жумагазиев кээ бир акын-жазуучулар окурмандардан келген «жакты» бармагы ырына эмес, сүрөтүнө коюлганына көңүл бурууга чакырды:

«Чыгармасы менен түрдүү сүрөттөрүн бирге жарыялоонун бирден-бир жолу - окурмандын көңүлүн өзүнө бурдуруу гана. Бул бара-бара калыптанып калат. Кээ бир окурмандар акындын же жазуучунун сүрөтүн карап эле «жакты» белгисин басып коюшат. Кээ бир чыгармачыл адамдар ошондуктан «менин чыгармам 300 адамга жакты, мен кыйын жазам» деп көкүрөк каккандар да бар. Бирок бул жол чыгармачылыкты таанытууда жакшы жардам болду. Мурда бир ырды 10 киши окуса, азыр жок дегенде 100 адам окуйт».

«РухЭш» сайтынын «Казына» тобунун мүчөсү, адабий эксперт, акын Залкарбек Назарматовдун пикиринде сүрөт менен ырдын мааниси дал келбеген учурлар - кадыресе көрүнүш. Ал авторлор Интернеттен алынган сүрөт аркылуу, чыгармалары дал ошол сүрөттөгүдөй кынтыксыз экендигине ишенгилери келерин айтты:

«Биринчиден, акындар же акын болууну самап жүргөндөр социалдык тармактарга ырларын түрдүү сүрөттөрдү, картиналарды кошо жарыялоосунун негизги сыры - чыгармадагы айтайын деген ойду, сөз артындагы сөздү, акындын дареметине жараша катылган подтекстти окурмандардын калың катмарына даанараак туюнтууда болушу керек. Экинчиден, кадимки эле пендечиликтир. Мисалы, «лайк» чогултууну, жагымдуу пикир угууну кимдер эле каалабасын».

Казак акыны Муратхан Шокан «ыр - бул өзү эле жандуу сүрөт, ырда жан бар» дейт. Ал ырды окуганда окурмандын сезимине жандуу сүрөт тартылышы керек экенине басым жасады:

«Сүрөтсүз да ырлар окулат. Сүрөт коюу - көркөмдүк үчүн. Ырына шайкеш сүрөт коё билүү - талант. Жакшы поэзия, жакшы ыр сүрөткө же дагы башка нерселерге муктаж эмес!».

Акын Бердибек Жамгырчиев социалдык тармак пайда болгон күндөн баштап, ырларына өзүнүн сүрөтүн же пейзаждык картиналарды бирге жарыяларын айтты:

«Азыр интернеттешкен заманда адамдардын ой жүгүртүүсү да, көз карашы да өзгөрөт экен. Учурда адамдар шашма, ою бир жерде эмес. Мисалы, сүрөтү жок ыр, анан сүрөт же картина кошуп жүктөсөң кадимкидей ортодо айырма болот. Мен муну көп жолу байкагам, бул да болсо окурмандарды тартуунун бир жолу деп айтат элем. Бул жеке эле мен эмес, бир топ жаш акындар колдонгон ыкма болуп калды. Жакшы сүрөт менен жакшы ыр шайкеш келип турса мунун зыяны деле жок десем болот. Мисалы, сүрөтү жок ыр койсом 200 адам окуса, сүрөт менен 300 адам окуйт деген кеп».

Улуу муундагы акын-жазуучулар Интернетти билген учурда да жаштардай болуп тынымсыз ырларын жарыялоодон тартынышарын сурамжылоо убагында уктук. Улуу муундагы акын-жазуучулар өздөрүнө көбүрөөк сын көз караш менен карай турганын айтышты.

Социалдык тармактардын жаштарга тийгизген таасирлери туурасында азыркы күнгө чейин эки ача пикирлер айтылып келет. Эмнеси болсо да жаш акындар социалдык тармактар аркылуу чыгармаларын окурмандарына кеңири жайылтууда.

Жазуучулар союзунун мүчөсү, драматург Бурул Калчабаева азыр Интернеттин заманы экенин эске салып, Интернетке жарыяланган чыгармалар плагиатка жем болуп жатканына кейиди:

«Жаштардын соцтармакка чыгып турганы жакшы көрүнүш. Менимче, туура багыт таба албай жаткандай. Кээ бирлери тиешеси жок эле нерселерди коюп алышат. Жаштар, жакшылыктын жарчысы болгула. Ар ким өзү ойлонушу керек, «туурабы, туура эмеспи» деп. Соцтармактар кыргызча айтканда «талаа жери кең жер, жаш-карыга тең жер» болуп калды. Мисалы, агайыңар Анатай Өмүрканов компьютерди билбейт. Анын үстүнө көзүнөн операция болгон. 2018-жылы Атамбаевге каршы ыр жазгандан кийин баракчасы талкаланган. Экинчиден, уурдалат экен. Ал тургай жазган постторуңду бир аз өзгөртүп чыгарып алышат. Көпчүлүк улуу муун Интернеттен алыс».

Бир катар блогчу жана жаңы медиа адистеринин маалыматтары боюнча, учурда кыргызстандык интернет колдонуучулар «Facebook», «Тwitter», «Мой мир», «Одноклассники», «Instagram» өңдүү социалдык тармактарга көбүрөөк киришет.

Инженер-программист Айкут Конушбай ар бир чыгарма жарыяланарда чыгармага шайкеш сүрөт менен жарыялоого кеңеш берди:

«Иллюстрация сөзсүз керек. Тексттин маңызына дал келбеген иллюстрациялар - ал автордун жеке көз карашы. Акын-жазуучуларга кеңеш берер элем. Ар кандай сүрөттөрдү жанрга ылайык тандай билиш керек: көркөм адабият үчүн колго тартылган сүрөттөмөлөр ылайыктуу. Ал эми илимий адабият үчүн фото, график, диаграммаларды коюшса жакшы болот».

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда Интернет колдонуучулардын саны 4,5 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG