Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Самаркандда бир тарыхый имарат жок болду


ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган имараттын бузуу процесси. 11-сентябрь, 2020-жыл.
ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган имараттын бузуу процесси. 11-сентябрь, 2020-жыл.

Өзбекстандагы байыркы Самарканд шаарынын бийлиги активисттердин нааразылыгына карабай, президент Шавкат Мирзиёевдин келишин утурлай тарыхый имаратты буздуруп салды.

1904-жылы орус империясынын убагында салынган имарат жергиликтүү бийликтин чечими менен 11-сентябрда бузулду.

Самарканд шаарынын администрациясында иштеген, өз аты-жөнүн айткысы келбеген адам «Азаттыктын» өзбек кызматына 14-сентябрда билдиргенине караганда, эски имарат жанында салынып жаткан жаңы оорукананын көрүнүшүн бузуп коёбу деген тынчсыздануудан улам түрттүрүлгөн.

«Мамлекет башчы келсе, Самарканд медициналык институтунун 2018-жылдан бери салынып жаткан жаңы имаратына барып калышы мүмкүн. Анын артында көп жылдар бою архитектуралык эстелик катары саналып келген №14 үй бар эле. Окуу жайынын имараты быйыл февралда эле аяктамак, бирок ушул күнгө чейин бүтө элек. Президент жаңы объектиге көлөкө түшүргөн эски имаратты көргөндө кыжырданбасын деген ой менен Самарканд облусунун администрациясы аны түртүрүүгө буйрук берди», - деди ал.

Тарыхый имараттын кожоюну Илона Волова Өзбекстанда туулуп-өскөн, кийин Израилдин жарандыгын алып ошол жакта жашайт. Волова коронавирус пандемиясынан улам соттук жараянга катыша алган жок. Сот ал жок эле өз чечимин чыгарды.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеокайрылуусунда: «Силер тарыхый жайларды бузуу менен Самарканд шаарын бузуп жатасыңар», - деп айтты.

Волованын адвокаты Максуд Абдужаббаровго сотко катышууга уруксат берилген эмес. Ал соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылды. Самарканддагы соттун өкүлү Фарух Ибраимов «Азаттыкка» шаар бийлиги түрттүрүлгөн мүлкү үчүн кенемте катары Воловага 62 250 доллар төлөп берүүнү чечкенин билдирди.

Самарканд аймагындагы Маданий мурастар объектилер боюнча агенттиктин жетекчиси Шухрат Ойличев буздурулган имарат ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде болбогонун, бирок 2001-жылдан бери бул эл аралык уюмдун коргоосуна алынган шаардын тарыхый бөлүгүндө жайгашканын «Азаттыкка» айтып берди.

Ал шаардын бул бөлүгүндөгү курулуш иштери ЮНЕСКОнун баш кеңсеси жана Маданий мурастарды коргоо боюнча мамлекеттик башкармалык менен кеңешилгенден кийин гана жүргүзүлүшү керек экенин билдирди. Ал сотко эч кандай чакыруу болбогонун кошумчалады.

Туура бир жыл мурда Өзбекстандын Маданият министрлиги бул имарат тарыхый экенин белгилеп, аны сактап калууну чечкен.

Ташкенттеги архитектор жана искусство боюнча серепчи Абдумалик Турдиев жергиликтүү бийликти «вандализм» үчүн айыптады:

«Маданият министрлиги имараттын кайра коргоо алынышына аракет көрүп жаткан, тилекке каршы, вандалдар президенттин Самаркандга келишин шылтоолоп, аны түрттүрүп салышты».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Самаркандда. 11-январь, 2018-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Самаркандда. 11-январь, 2018-жыл.

2010-жылга чейин имарат Өзбекстандын коргоосунда болчу. Андан соң жергиликтүү бийлик оңдоп-түзөөдөн кийин тарыхый маанисин жоготконун белгилеп, аны коргоого алынган объектилердин тизмесинен чыгарып салган.

Волованын айтымында, бул имаратта Самаркандда алгачкы ат арабаларды чыгарган ишкананын жетекчиси жашаган.

Маалым болгондой, 2018-2019-жылдары Самаркандда шаардын тарыхый бөлүгүндө, ЮНЕСКОнун талаптарына каршы келгенине карабастан курулуш баштоого макул берген жана аны ишке ашыраган ондогон жергиликтүү аткаминерлер соттолуп, кесилген.

Самаркандда тарыхый имарат талкаланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:30 0:00

XS
SM
MD
LG