Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Беймаал келген киши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенде баласынын тагдыр жолу бир калыпка салынган тегиз жолдон турбайт. Анын туз бараткан адамды адаштырып салчу азгырыгы, үстүнө үйүп койчу кайгы- касирети, сыноо-тоскоолдору бир топ.

Ошондой каршылыкка кабылган бир адамдын адашуусун баяндаган Керез Зарлыкованын «Беймаал келген киши» аңгемесине токтолсокпу деп турабыз.

«Эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет». Мусанын башына ошондой оор күн түштү. Иш сапарынан эрте кайтып түн ооп калганына карабай үйүнө келди. Сыртка кетерде аялы экөө азыноолак кер-мур айтышып калган эле. Эми кеч келген күйөөсүн көрүп аялы жазылып кетер. Уруш-талаш үй-бүлөдө такай болбосо да кээде урушуп кетишчү болушкан. Мусаны кызганчаак деп айтыш кыйын. Аялы тууралуу кубүр-шыбыр кептердин чет-бучкагын угуп, ага маани деле бербей жүргөн. Бирок кийинки кездери аялынын жок жерден уруш чыгарып иймейи көбөйүп кетти. Баштагы ысык мамиле акырындан сууп, бир үйдө бири-бирине кайдыгер эки адам жашап калган.

Муса ортодогу талаш утурумдук нерсе, келинчеги экөө мурдагыдай ынтымакташып, жашоо-турмушу баштагы калыбына түшөт деген ойдо жүрчү. «Сулуу аялдын артынан ансыз деле өсөк сөз көп ээрчийт» деп маани берчү эмес. Кийинки кездери сулуу аялы кескин өзгөрүлүп баратканын түшүнө албай, анын себеби эмне экенин билбей, арасат калган. Алгач караңгыда үйгө барып, аялын убара кылбай, шаардын ортосундагы мейманканага эле барып жатып алууну ойлогон. Антейин десе бу чакан шаарда баары бирин-бири тааныйт. Муса эртең менен мейманканадан чыгып келатканын тааныштары көрсө эмне болот деп ушуну ойлоду. Түн ооп калганына карабай ошондон үйүнө барууну чечкен. Уйкулуу көзү менен туруп келген аялына көргөн-билгенин кобурап, кийимдерин чечкиче аялы чай коё койсо ысык чайдан ууртап кобурашып отурабыз деп ойлогон. Мына үйү, эшикте кулпу жок экен, демек аялы үйдө. Шаар кеч күздүн сыркаарына ичиркенип тынч, асман чайыттай ачык эле. Уйкучу сулуу аялы жалгыз коркпой кантип жатты экен?

«Дагы какты. Күттү. Эч бир жан үйдөн чыгып, эшикти ачууну ойлободу. Жүрөгү чындап бир нерседен шектенгенсип кооптонуп турду. Ачууга уугуп кан тамырлары көөп чыкты. Нерви козголуп, денесин майда калтырак басып, ызаланганынан тээ чокуда илинип турган үйдөй ташты дал ушу өзүнүн үйүнүн үстүнө таштап жибергиси келди. Дале чыдабай аялы экөө жатчу бөлмөнүн терезесине келди. Терезени катуу такылдатты. Жыгач кроват кыйчылдап, ичте күбүр-шыбыр боло түшкөнсүдү. Эркектин жүрөгү айныбай бир шойкомду сезди.

– Айнаш, акмактанбай ач эшикти! Болбосо... – Көптө барып гана аялы халатын чала кийген боюнча эшигин ачты. Эшик ачылары менен үйдөн ичкиликтин кыйгыл жыты мурунду өрдөп, аялынын желкесинде иретсиз саксайган чачы көзүнө суук көрүнө түштү.

– Эмне келдиң, мени аңдыгансып! Он күнгө кетпедиң беле?.. – Анын саламдашуусу ушу болду. Муса жооп кайтарбай аялдын жылуу денесин көкүрөккө түртүп дароо үйгө кирди. Оозгу үйдүн жарыгын күйгүзүп, төркү бөлмөгө баш салды. Кыйгач түшкөн жарыктан, бакча тараптагы терезе чоң ачылып, кимдир-бирөө бултаң эте качып чыккандай болуп, арытан иттер абалап кирди. Эркектик намысы бүт тулку-боюндагы канын дүргүтүп, жинденгенинен өзүн араң токтотуп турду».

Эч нерсе кыла албайт экен. Өзү келген, сулуу аялы ким менен кантип убакыт өткөрүштү өзү чечип калган. Экөөнү чырмалыштырып койчу ортодо баласы да жок. Ойлоп отурса Муса бул үйгө күч күйөө болуп кирген экен. Атаңгөрү, ашыктык илеби азгырып турганда негедир муну ойлобоптур. Чырактай эки баласын, жаракөр аялын таштап келе бербеди беле, чоң шаарды таштап. Мына, беймаал келип көчөдө калды. Бакта отуру үңкүйүп.

Келме кезек деген ушул окшойт. Муса мына ушул Айнашты жаңы көрүп таанышкандан ашыктыгы артылып, өзүн кайда коёрун биле албай бир уулу менен кызын калтырып, аялына болгон ишти ачык айтып үйүнөн чыгып кеткен эле. Карасаңыз эми, ошол кезде да беймаал үйдөн чыгып кеткен. Ал кезде аны үйү, алоо ысык деми менен тосуп алчу Айнашы бар эле.

Экөөнүн таанышканы кызык. Муса учакка билет алып, эки сааттан кийин асманга көтөрүлүп, эңсеген шаарына, анда уйкуда жаткан кичинекей уулу менен кызына ашыгып жаткан. Аялы жылмая карап, балдарын өөп-жыттап, сагынычы таркаган күйөөсүн чайга чакырып, дасторкон үстүндө экөөнүн кеби уланчу. Кыйла отурушчу. Ошондой кобурашуу жакчу экөөнө. Мусанын аялын, балдарын таштап башка бирөөгө кетип калар деле ою жок болчу. Бирок да шайтан азгырып, азезили коштоп алса сулуу аялдын эркинен чыгыш кыйын болорун минтип өз жон териси менен сезип атыры. Жакшынакай үйүн, бала-чакасын таштап кайдагы бир сулуу деп кете берди. Кызыл-Кыяда таанышкан. Учак эки саатка кармалып, кылтыңдаган Айнаш жүктөрүн Мусага таштап шаарга барып келмей болуп кечигип калган.

« – Жумуштарым бүтпөй, кечигип калдым. Билетиңиздин акчасын төлөп берейин?.. Эркек келиндин жайдаңдаган жумшак мүнөзүн, оттой ойноктогон жоодур көздөрүн карап, баятан берки ачуусу бир заматта тарап, күн жарк эте түшкөндөй көңүлүнөн учуп кетти. Не кылышты билбей үнү улам алыстап бараткан самолётту гана бушайман карап турду. «Кеттим» деп чыгып, кетпей калганына намыстанган Муса ал түнү тааныштарыныкына барууну каалабады. Ачуусу келгенинен бир курдай ошол аэропорттун тар залына деле отуруп чыгууну ойлоп, оюн келинге билгизбеди. А жароокер келин өз күнөөсүн мойнуна алып эркекти тамактанууга чакырды. Ошол күнкү самолёттон калуу, көзү ойноктогон сулуу келин менен кезигүү Мусанын турмуш жолуна күтүүсүз бурулушту алып келди. Ошол күндөн баштап бой келин анын жүрөгүнүн тереңинен орун алып, наздуу күлкүсү менен жоодур көздөрү кай жакта жүрбөсүн өзүнө чакырып турчу. Майрам алдындагы ыракаттуу түн эркекти биротоло арбап, ал келинге болгон кумарын ого бетер күчөтүп жиберди. Аны өзүнүн аялынан жогору ойлоп, кээде өткөн өмүрү кунарсыз өндөнүп туруп алчу болду. Эркек ойноштун оттуу илебине чалынганда деле дүйнөдөгү «уят» аттуу улуу журт эсине келмек түгүл, кирген буурадай көбүгүн чачууга гана жай таппай ээлигип каларын эми түшүндү».

Баш калаадагы ишин, очор-бачар үй-бүлөсүн таштап Муса ошондон көп өтпөй Айнаштын үйүнө келе берген. Башында жашоо-турмуш жакшы башталгандай сезилген. А көрсө анын баары утурумдук экен. Жаркылдаган Айнаш сулуунун арзуусу кийин башкаларга ооп, Мусадан көңүлү калып калганын ал аябай эле кеч түшүндү. Мына эми аялына бир сөз айта албай оң колунун ачуусун сол колу менен басып эмне кыларын билбей түнкү бакта отурат. Кеч күздүн сыдырымы денесин чыйрыктырганына кайыл, өткөн-кеткенин эстеп, мурдагы үй-бүлөсүн бир да ирет эстебегенин, балдарынан кабар албаганын ойлоп, өзүн ушунчалык жек көрүп кетти. Башка убакта жумуштун түйшүгү менен жүрүп убакыттын ушунчалык тез өткөнүн байкабай да калыптыр.

Уулу Рысбек эр жетип аскерге алынып, жакшы көргөн кызы атасы кетип калгандан кийин сууга чөгүп, боорукер аялы күйүттөн чачтарын ак аралап, чөгүп калганын билчү эмес. Негедир аларды, бир кездеги жакын адамдарын ойлобоптур. Айнашка ырахмат, анын айыбы ачылбаса Муса кандай абалда күн кечирип жатканын билмек эмес экен. Муса уулу Рысбектин ооган урушуна катышып жарадар болуп Ташкентте ооруканада жатканын өзү менен чогуу иштеген Талант деген жигиттен укту. Ата деген боору таш болот экен, баласынын чоо-жайына бир да жолу кызыкпаганын кара. Бу тоо арасындагы шахтёрлор шаарында сулуу аялдын азгырыгынан чыга албай жүрө бермек экен. Уулунун досунда калган күндөлүгүнөн көп нерсени түшүнүп отурбайбы.

«Экөөбүз үйүбүзгө кирип, босогону жаңы эле аттаганда кошуналар артыбыздан биринен сала бири келип жатышты. Мен апасы менен кирген Эрмекке айылдан көргөндөрүмдү айтып алаксый түштүм. Аңгыча, төркү бөлмөдөн кагылайын апакебайым, сенин катуу чаңырган үнүң угулду. Эмне болуп кеткенине түшүнгөнүм жок. Үйдү ызы-чуу ээлеп, опур-топур көбөйүп кеткенсиди. Жүгүрүп үстүңө кирдим. Сени тегеректеген аялдардан кандай абалда, эмне болуп жатканыңды көрө алганым жок.

Апа, апаке, сен кара жолтой ошол күнү колуңан учкан көгүчкөнүң Айниса эжемди жоктоп, муңканып, тагдырдын сага кылган запкысына бет келип, жүрөгүң алоолонуп өрттөнүп жаткан. Сууга чөгүп кеткен Айниса эжекемдин сөөгү бир топ күндөн кийин табылбадыбы. Ушул оор тагдыр сени ылдам эле улгайтып, мени балалык күлкүмөн эрте ажыратты. Сен таптакыр эле өзгөрүп кеттиң. Экөөбүзгө тең бир жылдын ичинде эки кишиден ажыраш оңойго турган жок».

Кан майданда жарадар болгон жалгызынын күндөлүгүн окугандан кийин Муса шаарда тура албай Ташкентке уулун издеп жөнөдү. Издеп жүрүп тапса уулу айыгып, өзү кызмат өтөгөн аскердик бөлүгүнө кайтып кетиптир. Анысын деле таап издеп барса болмок. Муса антпеди, болгон айыбын айтып, кечирим сурайын, укчу сөздү мурдагы үйүмдөн угайын деп беймаал убакта баш калаага биринчи аялы Касиетке келди.

«Үйдүн коңгуроосу шыңгырап, түнкү сменге кетүүгө даярданып жаткан Касиетти чочутуп жиберди. Ал дубалга илинген саатты карады. Түнкү ондон эбакта эле өтүп кетиптир. «Ким болду экен?.. Мындай беймаал убакта келе турган деле кишиси жок эле... Уулубу?.. Ага жакында эле барып келбедиби. Жараты айыгып, жакшы болору менен кайрадан өз бөлүгүнө жөнөмөк».

Коңгуроо кайрадан шыңгырады. Касиет туруп баратып көңүлү түпөйүл боло бир азга буйдала түшүп, санаасы санга бөлүндү. Балким, өгүнкү кишидир?..

Бирөөлөр аркылуу өзүн жактырып, «балдарыма эне болуп бер» деп көптөн бери токтолуп калган, салабаттуу бир киши тынчын алып жүргөн. Оюнда ошобу деп да ойлоп кетти. Ал түн катып эмнеге келсин? Андай бейадеп кишилерден эмес көрүнгөн. Касиет ага дароо эле: «Кайдан, жалгыз уулум бой жетип турса, жаңыртып башыма жоолук салдырып, улгайганда келин болуу оюмда жок», - деп кесе айтып эле узаткандай болду эле.

Коңгуроо дагы шыңгырады. Касиет «ким болсо да...» дегендей аргасыздан эшик тарапка кадам таштады. Бул учурда негедир өзүнөн өзү эле жүрөгү түрсүлдөп, боюн калтырак басып кетти. Ой менен баратып ким экенин сурабастан эле эшигин шарт ачып жиберди. Босогодогу адамдын алгач буту, анан барып опсуз бырышкан плащынын өңүрү Касиеттин карегине чалдыга түштү. Мындайды күтпөгөн неменин жүрөгү шуу этип коркуп кетти. Караса, качанкы бир эски таанышындай, арабадан чыккан аттан бетер жүдөгөн Муса туруптур».

Эмне дейт? Алыстан чарчап-чаалыгып келген бир кездеги жакын адамын киргизер же эшигин жаап жолуна салар? Окуянын жыйынтыкталышын автор окурманга калтырган. Аны ар ким өз табитине, турмуштук тажрыйбасына такап чечип алар.

Керез Зарлыкова - «Гүлүм – ырым», «Нур төгүлгөн талаа», «Илбериңки бала», «Ксения» сындуу ыр, кара сөз китептеринин автору.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG