Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Чындыкты чырактай туткандар көпчүлүк болбосо коом, мамлекет өспөйт


Элдик ыңкылап каармандары бийликтеги жемкорлукту биротоло жоюуну талап кылган. 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун айкели. Бишкек. 2013-жылдын 7-апрели.
Элдик ыңкылап каармандары бийликтеги жемкорлукту биротоло жоюуну талап кылган. 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун айкели. Бишкек. 2013-жылдын 7-апрели.

Кыргызстандагы сот системасынын көз карандылыгы, бийлик бутактарындагы тең салмактын жоктугу жарандык коомду тынчсыздандырууда. Журналист Аскер Сакыбаева авторитардык системаны көксөгөндөр “бийликке бизди эл алып келди” деп жарыялап, бирок эски жолойдон чыга албай жатканын өз блогунда сынга алат.

Башы жок чабандес

Кыргызстандагы азыркы абалга көз салган адам башы жок чабандес чаап бараткандай абалды көрөт. Бийлик башына келгендердин аты-жөнү гана алмашканы болбосо, мурдагы абалдан кенедей да өзгөрүү боло элек. Саясый кризис дагы тереңдеп, колуна бийлик тийгендер мансапты өздөрүнө ылайыктоого аракет кылып жатышса, коомдун аң-сезимдүү бөлүгүнүн акыл-эске чакырганын уга тургандар жокко эсе болууда.

Коронавирус дартына, куну кутургандай кымбатчылыкка, жумушсуздардын көбөйгөнүнө олуттуу маани берип аракет кылган мамлекеттик кызматкер калбагандай. Колунда ресурсу, каражаты барлардын бардыгы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун “шайтан оюндарына” берилип алышкан.

Бийликке жетүүгө жардам бергенин колко кылып кызмат талашмай абсурддук жол менен улантылууда. Ошол эле учурда бийликке кошоматчылык, шылуундук болуп көрбөгөндөй кулач жайды. Бүгүн Кыргызстандын келечегин ойлогон мамлекетчил адам жок, жеке кызыкчылык үчүн гана ар ким өз билген боткосун чалып жаткандай таасир калтырат. Айрыкча мамлекеттик мекемелер мурда кандай паракорлукка, бюрократияга баткан болсо, ошол жолдо азыр да келе жатышат.

Мындайда чындыкты, акыйкаттыкты айткандардын үнү жалган үмүткө жетеленгендердин массасынан угулбай, тебелендиде калууда. Чындыкты, акыйкаттыкты тутунган интеллигенция, маданият өкүлдөрү да ошол массаны ээрчип бара жаткандай. Анан калса, бийликке сын же калыс пикир айткан адамдарды социалдык желелердин күчү менен “тебелеп” салуу өнөкөтү өрчүп баратат. Жеке адамдарга асылуу, коркутуу, кемсинтүү катардагы эле ишке айланууда.

Союлга айланган соттор

Кыргызстанда болуп өткөн үч төңкөрүштүн негизги себепчиси сот бийлиги болуп келгени баарыбызга маалым. Бийлик башындагылар алмашканы менен соттордун кылы да кыйшайбай келе жатат. Себеби соттор бийликке ким келбесин алардын союлу болуп берүүгө дайым даяр. Эскире элек мисал, парламенттик шайлоону кайра дайындоо боюнча Боршайкомдун жүйөөсүнө кулак какпастан туруп, Жогорку сот бул ишти жаңы бийликтин ырайына жараша чечип берди.

Конституциялык палата конституциялык мыйзамдар боюнча азыркы бийликтин Конституцияга тиешелүү иштерин мыйзамдаштырган чечим кабыл алганын бардыгыбыз уктук. Жок дегенде өзгөчө пикир айткан бирөө чыкпады. “Мыйзам – буйлаланган төө, кайда бурсаң кете берет” деген жалпак түшүнүк ушул жерде чырайына чыга түштү.

Түрмөдө отурган мурдагы бийлик башындагыларга бир жыл мурда эле чыккан сот чечимдери жаңы бийликтин шарданы менен жокко чыгарылып, кайра тескери сот чечимдери чыгарылууда. Соттор бул иштер боюнча мурдагы бийликтин союлун кандай мыйзамсыз чаап келишсе, эми кырдаалга жараша азыркы бийликтин кызыкчылыгын да катыра чаап жатышат. Мыйзамдын үстөмдүгү, сот адилеттиги деген принципиалдуу түшүнүктөр оозуңардан айлансын деп, жалпы элге, мамлекет кызыкчылыгына жаба түкүргөндөй эле мамиле көз көрүнөө жасалууда.

Арийне, бийликке ким келбесин, сот адилеттиги керек экендигине элди жанталашып ишендирүүгө аракет кылышат. Иш жүзүнө келгенде эле сотторду союл кылуунун кыныгынан чыга алышпайт. Бул – айныксыз аксиома болуп калды.

Ошол эле учурда люстрацияны биринчи кезекте соттордон баштоону талап кылгандардын үнү да угулууда.

Соттордун бардык шарты бар жаңы имараттарда иштөөсүн, айлыктарынын жогору болушун, алардын иштеринин ачык болушун камсыз кылган инфраструктураны түзүүнү бийлик “сот реформасы” атап келди. Биз билгени мындай реформа эчен жылдан бери эле уланып келе жатат. Бирок коомчулук жапырт сезгидей реформа жемишин негедир байкай элекпиз.

Байкаганыбыз, канчалык мыкты шарттарды түзүп, байманалуу жашаганга жете турган каражаттарды төлөгөн күндө да, сот болуп иштегендердин ар биринде мыйзамды ыйык тутуунун, акыйкаттыкты кармануунун ички күчтүү руху болбосо, сырткы көрүнүшү кыргызча “жапма челек реформа” болуп кала берет окшобойбу.

Изилдөөчүлөр акыркы кезде өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн бирден-бир себебин – көз карандысыз сот бийлиги өкүм сүрүшүнө байланыштырып жатышат. Керек болсо мамлекеттик башкаруу мейли, парламенттик, мейли аралаш, мейли президенттик болсун, бирок эгерде сот бийлиги көз карандысыз болбосо, анда мамлекетте эч кандай өнүгүү болбой тургандыгы далилденип келүүдө.

Дегеле сот бийлигинин улам бийлик алмашкан сайын “мантия жамынган каракчылыгы” токтотулбаса, отуз жыл бою боло келген мыйзамсыздык менен акыйкатсыздык дагы улана берет. Азыркы бийликтин шүйкүмүнөн бул айлампаны бузуп, оң жолго баштоо байкалбайт. Демек, соттор союл болгонун уланта береринен шек жок.

Барымта курмандыгы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков күтүлбөгөн жерден Президент болуп, үч жылдан кийин күтүлбөгөн жерден президенттик кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Үч жыл бою жек-жаатынын, жеке чөйрөсүнүн барымтасында калгандыгын, алардын таасиринен арыла албагандыгын көрдүк. Арыла албагандыгынан улам ал өз колуна карматкан коррупциялык иштерди көрмөксөнгө салып, “Факты бергиле?” деп отурбадыбы. Акырында так ошол чөйрөнүн курмандыгы болуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Жипсиз байланган барымтада турган мамлекеттин биринчи адамы өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачмак турсун, тескерисинче, мамлекеттин колу-бутун тушаган артыкбаш жүктөй болуп келди.

Элдин, мамлекеттин азыркы абалын көрүп туруп, экс-президенттин статусу аркылуу алган сыйургаалынын пайдасын Сооронбай Жээнбеков сыймык менен пайдаланып жатабы же түйшөлүп жүрдү бекен?

Ал эми азыркы бийлик башындагылар да С. Жээнбековдукунан ашып түшкөндөй жакын чөйрөсүнүн барымтасында калгандыгын байкап жатабыз. Караламан массанын ач айкырык сүрөөнү, түрмөдөн чыгып эле эки бирдей бийликтин тизгинин алыш, Конституцияны каалагандай өзгөртүү, аз убакыттан кийин мамлекеттеги биринчи адам болуп шайланып келүү – булардын бардыгын жүздөгөн, балким миңдеген адамдар ишке ашырышты, ашырып дагы жатышат. Эми президенттик кызматка шайланып келген адам ушул чөйрөнүн барымтасында калбайт деген кепилдикти эч ким бере албайт.

Демек, келечектеги өлкө башчысы дагы жакын чөйрөсүнүн барымтасында калып, акыры алардын курмандыгына чабылып кеткиси келбесе, мойнунда салаңдап бирок көрүнбөй турган барымтанын кыл арканын үзүш керек.

“Бийликке бизди эл алып келди” деп азыр бардык жерде айтылып жаткан бетпардалар көпкө чейин калканч боло албайт. Башка шылтоолор да суу кечпейт.

Төбөлдөр чындап эл үчүн, мамлекет үчүн иштеши керек, же мурдагы башчылардын жолоюна түшүп, элге жек көрүнгөн соң, мекенинен качып кетүүдөн же абакка түшүүдөн башка алардын жолу жок. Чындап иштеш үчүн алар өздөрүн бийлик кумарына азгырган көрүнбөс барымтанын жибин үзүшү абзел. Ага да саясий эрк керек.

Ал эми азыркылардын күч көрсөткөнгө гана эрки жетээрин байкап жатабыз. Мамлекеттин өз алдынча жолун андан ары жаңы деңгээлде түптөөгө, элдин түрдүү катмарын бириктирип, өнүгүү жолуна баштоого эрки, дараметтери жетеби, бул – чоң маселе.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Дегеле азыркы жана жакынкы болочоктогу төбөлдөр майдадан баштап, чоң маселелердин бардыгына чейин чындыктын көзү менен карап, акыйкаттык менен чечүүгө жол ачып бере алышабы, же мурдагыдай эле мамлекеттик бийлик бутактарын өздөрүнүн жеке кызыкчылышындагы “укурук” катары колдонуу жолоюнда кете беришеби?

А чындык жарым-жартылай болбойт, чындык бар же жок гана болот.

Аскер Сакыбаева,

журналист.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG