Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Конституцияны камсыздоо үчүн конституциялык көзөмөл барбы?


Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы. Бишкек. 2019.
Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы. Бишкек. 2019.

Конституциялык палата 2-декабрда өз отурумун өткөрөт. Ал Кыргызстанда Баш мыйзамдын талаптарын бийлик бутактары кандайча аткарып жатканын көзөмөлдөй алчу чыныгы орган экенин тастыктай алабы? Медербек Айтмырзаевдин блогу ушул маселеге арналат.

Алгы сөз

Укуктук мамлекетте адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо менен биргеликте абсолюттук башкарууга жол бербөө үчүн бийликтин ыйгарым укуктарынын чеги аныкталат. Бул эки элемент конституциянын өзөгүн түзөт. Бийликтин чегин аныктоо жана аны кармап туруу үчүн мамлекеттик механизмдер каралат. Бул механизмдер бийликтин тең салмактуулугу принциби (парламент, өкмөт, сот бийликтерине бөлүнүү) менен конституциялык (соттук) көзөмөл (constitutional control) аркылуу жүргүзүлөт.

Конституциянын талаптарын жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн конституциялык көзөмөл – эң керектүү курал болуп эсептелет. Дал ушундай жагдай зарылдыгын бүгүнкү кыргыз коомундагы окуялардан көрүп турабыз. Ар кандай күчтөр келип мамлекеттин тагдырын чечүүчү күмөндүү мыйзамдарды кабыл алып жатканда, буга расмий баа бере турган жалгыз орган – Конституциялык палата.

Бул макалада бүгүн эл карап, үмүт кылып турган, укуктук мамлекетти аныктай турган конституциялык көзөмөл жөнүндө сөз болмокчу.

Конституциялык көзөмөл – бардык бийлик бутактарынын иш-аракеттеринин жана кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча сот тутуму. Соттор өз ыйгарым укуктарынын чегинде, конституцияга жана мыйзамдарга таянып, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин актыларын жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алышат. Ошондой эле конституциянын камсыздалышында дагы эң жогорку инстанция болуп саналат.

Дүйнөдө конституциялык көзөмөлдөө механизмалары

Конституциялык көзөмөлдөө идеясы биринчи жолу Улуу Британияда XVII кылымда пайда болгон делет. Заманбап маанидеги конституциялык көзөмөлдөө механизми АКШда пайда болгон.

1796-жылы АКШнын Жогорку Соту “Хилтонго каршы Америка Кошмо Штаттары” (Hylton v. United States) деп шарттуу аталган сот ишин кароого алат.

Жогорку сот Конгресс кабыл алган мыйзамдардын биринин конституцияга төп экендиги жөнүндө оң чечим кабыл алып, мыйзамды конституцияга ылайык деп таап, АКШда конституциялык көзөмөлдүн биринчи өрнөгүн түзөт. Бирок, АКШнын бүгүнкү конституциялык көзөмөлүнүн негизги өрнөгүн 1803-жылкы “Марбериге каршы Мэдисон (Marbury v. Madison) соттук жүрүмү түзөт.

Бул соттук иш АКШнын Жогорку сотунун юрисдикциясында бийликтин башка бутактарынын чечимдеринин мыйзамдуулугу тууралуу кароо жаатында соттун ыйгарым укуктарын кеңейткен. Бул чечимдин мааниси мында: Жогорку сот АКШда биринчи жолу парламент кабыл алган мыйзамды Конституцияга төп келбейт деп тааныган; ошону менен келечектеги ушул сыяктуу чечимдер үчүн бул сот иши өрнөк болуп калган.

Башкы сот Жон Маршалл Жогорку Сот жөнүндө мыйзамдын 6-беренесине ылайык соттор тарабынан берилген ыйгарым укуктарын АКШнын Конституциясын сактоого берген анты менен мүнөздөгөн. Бул иш боюнча сот Жон Маршаллдын комментарийи АКШда конституциялык көзөмөлдөө практикасы үчүн негизги деп эсептелип келет.

Бул чечимдин натыйжасында, бийликтин үч бутагынын ортосундагы тең салмактуулук принцибинин иш жүзүндө жүзөгө ашырыла башталган. Анын чегинде Жогорку сот Конгресстин мыйзам актыларынын Конституцияга шайкештиги жөнүндө карап, эгер бул мыйзамдар Башмыйзамга каршы келсе, анда аларды жокко чыгара алат. Бул чечимден баштап Америкада конституциялык көзөмөл калыптана баштаган. Азыр америкалык калып Австралия, Канада, Аргентина, Индия ж.б. мамлекеттерде колдонулуп, конституциялык көзөмөл Жогорку сот тарабынан жүргүзүлөт.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин конституциялык көзөмөлдүн европалык калыбы Австрия жана Чехословакияда пайда болгон. Азыркы учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө конституциялык көзөмөлдөөнүн европалык калыбы колдонулат. Кыргыз Республикасы жана бардык пост-советтик мамлекеттер дагы ушул моделге өтүшкөн.

Европалык калып Америка моделинен айырмаланат: Европада конституциялык көзөмөл атайын түзүлгөн соттук орган тарабынан жүргүзүлөт. Бул орган жалпысынан “конституциялык сот” катары таанылат (Түркия, Орусия, Испания ж.б.). Бирок кээ бир европалык калыпты тандаган өлкөлөрдө конституциялык соттун ар башка аталышын кезиктирүүгө да болот. Мисалы, Францияда Конституциялык кеңешме (Марокко, Буркино-Фасо ж.б. Африка өлкөлөрү), Польшада Конституциялык трибунал (Боливия) жана азыркы учурда Кыргызстанда – Конституциялык палата.

Кыргызстандагы конституциялык көзөмөл

Пост-советтик Кыргызстандын тарыхында конституциянын көзөмөлдөөчү орган катары Конституциялык сот болобу, же Конституциялык палата болобу, кайсынысы болсо да көптөгөн сындарга кабылып келди.

Учурдагы Конституциялык палатанын ишмердүүлүгүн түшүндүрүүдөн мурун Конституциялык соттун Конституциялык палатага алмаштыруулусунун себептерин карап чыгуу керек. Анткени бул жүрүмдөр өлкөдөгү бүгүнкү конституциялык көзөмөлдөө механизмин түшүнүү үчүн маанилүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдүн түптөлүшү 1989-жылдан башталган деп жазылат. Советтер Биримдиги тарай электе, “Кайра куруулар” мезгилинде Кыргыз ССРинде Конституциялык көзөмөлдөө кеңеши түзүлгөн.

Кыргызстанда советтик жумурияттардын арасында биринчилерден болуп 1990-жылы конституциялык көзөмөлдөө механизми сот органы катары институтташтырылып, Конституциялык сот курулган.

1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын жар салгандан кийин жана 1993-жылы 5-майда жаңы Конституцияны кабыл алгандан соң, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту конституцияны коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп аныкталган.

Мындай конституциялык көзөмөлдөө институтуна көңүл буруу – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн биринчи жылдарында эле анын укуктук мамлекетке карай умтулганынын белгиси катары кабыл алынган.

Бирок, 20 жылдык тарыхында ошол учурдагы Конституциялык сот эки президенттин, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийлигинин бир үй-бүлөдө топтолушуна тоскоол боло алган жок. Бир канча жолу саясий максаттар үчүн өткөрүлгөн конституциялык реформаларга туруштук берүүнүн ордуна, андай демилгелерди бул сот колдоп берип турганы баарына маалым.

Конституциялык сот эрксиз, саясий жактан авторитардык президенттик бийликке көз каранды орган катары өзүн көрсөттү десек жаңылышпайбыз. Анткени, конституцияга карама-каршы келгенине карабастан, көптөгөн конституциялык долбоорлордун кабыл алынышына ал көз жумду мамиле жасап келди.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн №2 Декрети менен Кыргызстанда Конституциялык сот жоюлган. Мындай жоюу Убактылуу өкмөттүн Декретинде: “1993-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, ага болгон үмүттөрдү актабай, А.Акаев жана К.Бакиев учурунда бийликти бир колго топтоого өбөлгө түздү”, – деп мүнөздөлөт.

Бул жүйөөлөрдүн ичинен өзгөчө 2007-жылкы конституциялык долбоордун бир адамдык башкарууга багытталганына карабастан оң баа берилиши жана президенттик бийликти Президенттик кеңешме аркылуу өткөрүп берүү механизминин кабыл алынышы Кыргызстандагы Конституциялык сотко карата акыркы сокку болду.

Кыргызстандын Конституциялык палатасында. 11.06.2019.
Кыргызстандын Конституциялык палатасында. 11.06.2019.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы

2010-жылы 27-июнда Конституциянын жаңы редакциясы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлдү. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык Конституциялык палата конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мураскери болуп саналат.

Кыргызстанда Конституциялык палатасынын макамы жөнүндө ойлор чаташууларга кириптер кылбай койбойт. Анткени, бир жагынан алып карасаң, өзүнчө конституциялык көзөмөлдөө органы катары мыйзам жана укуктук ченемдик актылардын, эл аралык келишимдердин конституцияга шайкештиги жөнүндө чечим, корутундуларды чыгарат. Андан башка жалпы юрисдикцияда болгон соттук иштер менен алектенбейт.

2011-жылы “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” өзүнчө атайын конституциялык Мыйзам менен курулган.

Бирок, экинчи жагынан, Конституциялык палатанын Жогорку соттун курамына киргизилиши талаш-тартыштарга жол ачат. Мисалы, Конституциянын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык: “Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт” – деп жазылат.

Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдөө механизми америкалык калып менен европалык калыптын кайсынысына туура келет? деген суроо жаралат.

Анткени бул жерде чоң бүдөмүктүк жатат.

Дүйнөдө болсо конституциялык көзөмөлдөө механизмдеринин дээрлик бардыгы аталган эки калыптын негизинде жүрөт (кызыгы, аткаруу бийликтери мыйзамды ыйык сактаган Нидерланддар менен Финляндияда конституциялык көзөмөлдөөчү институт таптакыр жок).

Кыргыз Республикасынын “Конституциялык палата жөнүндө” мыйзамын карасак, мурунку Конституциялык сот жөнүндөгү Мыйзамдын мазмунунан айырмасы жоктой эле көрүнөт. Аткарган функциялары, сотторду тандап алуу механизми дагы окшош.

Өзгөчө Конституциялык палатанын мүчөлөрүн тандап алуу механизми Жогорку соттун судьяларын тандап алуу механизми менен деңгээли жагынан бирдей. Мисалы, Кыргызстандын Конституциялык палатасына окшогон калып Эстонияда бар жана анда “Жогорку соттун Конституциялык көзөмөлдөө палатасы”" (The Constitutional Review Chamber of the Supreme Court) деп аталат, ал эми Сальвадор өлкөсүндө “Сальвадор Жогорку сотунун Конституциялык палатасы” (Constitutional Chamber of El Salvador’s Supreme Court) деп аталат.

Бирок, алар өзүнчө мамлекеттик орган тууралуу мыйзам менен эмес, Жогорку сот жөнүндө мыйзам менен гана аныкталган жана конституциялык көзөмөл өзүнчө судьялар тарабынан эмес, Палата мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт. Бул – америкалык калыпка жакын десек болот.

Кыргызстанда бул бүдөмүктүк жагдайдын тегерегинде жетиштүү түрдө изилдөө иштери жүргүзүлүп, ачык талкуулар уюштурулса дурус болмок. Антпесе, мындай бүдөмүктүк конституциялык көзөмөлдүн өзүнө жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна чоң кедергесин тийгизет.

Эгерде Кыргызстанда конституциялык көзөмөлдөө ишин жалпы соттук юрисдикциянын ичинде кабыл алыш керек болсо, анда Конституциялык палатанын ордуна Жогорку соттун курамындагы конституциялык көзөмөлдөөчү комитет же кеңешме катары куруп койсо деле жетиштүү болот.

Бирок, мындай калып сот системасы аткаруу бийлигинен алигиче көз каранды болуп жаткан пост-советтик Евразия чөлкөмүндө көп популярдуу эмес жана биз үчүн дагы анчейин натыйжалуу болбой калышы мүмкүн.

Менин пикиримде, конституциялык көзөмөлдөө органы толук түрдө өз алдынча орган болушу керек. Бул үчүн де-юре Конституциялык палатаны Жогорку соттун курамынан чыгарып, макамын жогорулатыш керек жана саясий көз карандылыктан арылуусу үчүн судьяларды тандап алуу жана сотту каржылоо механизмин карап чыгыш керек.

Конституциялык палатанын бүгүнкү орду

Ачыгын айтсак, Кыргызстанда Конституциялык соттун Конституциялык палатага алмаштырылуусунда эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Конституциялык палатанын судьялары дагы эле аткаруу бийлигинин чокусундагы президенттин айткандарынан чыга албай келет.

2015-жылкы парламенттик шайлоонун астында ошол убакыттагы КП судьясы Клара Сооронкулова биометрикалык мыйзам боюнча өзүнүн терс оюн билдиргени үчүн кызматынан алынып калган. Бул – нагыз саясий чечим болгон.

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги убагында, Конституциялык палата 2016-жылкы конституциялык референдумдун Конституциянын 114-беренесине каршы келгенине карабастан, президенттик бийликке жаккан оң чечим чыгарып берген. Натыйжада, мыйзам бузуулар менен саясий максатты көздөгөн конституциялык өзгөртүүлөр киргизилген.

Бүгүнкү күндө кыргыз коому конституция тармагында эң оор күндөрдү баштан кечирүүдө.

Иш мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мамлекеттин тагдырын чечүүчү мыйзамдарды кабыл алып жатат.

Белгилүү себептерден улам Жогорку Кеңештин иш мөөнөтү азыр жасалма узартылып келүүдө. Бул – мамлекеттик бийликте жаралган боштукту толтуруп туруу үчүн туура болушу мүмкүн.

Бирок кетип жаткан парламенттин мамлекеттин багытын аныктай турган мыйзамдарды кабыл алганга укугу болбошу керек. Бул боюнча Венециялык комиссия дагы корутундусунда таамай билдирди.

Венециялык комиссиянын айтымында, азыркы парламент убактылуу гана иштөөдө жана, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды эске алганда, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин конституциялык рефрендум боюнча мыйзам кабыл алганга укугу жок.

Боршайком 5-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, конституциялык мыйзамдын талабы менен 20-декабрга жаңы парламенттик шайлоону белгилеген.

Парламент депутаттары болсо шайлоону кийинки мөөнөткө жылдырып, өздөрүнүн иштөө мөөнөтүн узартып алышты. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарып берди. Бул – Кыргызстанда соттордун көз карандылыгынан кабар берет.

Жыйынтык

Оппозициячыл “Реформа” саясий партиясы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иш аракеттеринин мыйзамдуулугу жөнүндө Конституциялык палатага даттанган.

Конституциялык референдумга каршы болгондор 2020-жылы 2-декабрда Конституциялык палатада өтө турган жүрүмгө акыркы үмүтүн артып турушат. Анткени, укуктук табиятка каршы келген азыркы бийликтин ишин токтотууга башка амалдар дээрлик калбай калгансыды. Көрүнүктүү делген айрым демократ саясатчылар дагы авторитардык президенттик бийлик системасын ачык жактаган талапкерге чет-четинен моюн сунуп жатышат.

Эгерде Кыргызстандын Конституциялык палатасынын мүчөлөрү парламенттин мыйзамсыз жол менен кабыл алган “конституциялык” делген мыйзамын жокко чыгарууга жетишсе, анда чукул арага бир тараптуу белгиленип жаткан конституциялык референдум демилгеси дагы жокко чыгарылат. Бул кадам мекенибизди узурпациялоодон, хандык бийликтен, жүрүп жаткан адилетсиздиктен, мыйзамсыздыктан сактап калат.

Медербек Айтмырзаев. 26.02.2019.
Медербек Айтмырзаев. 26.02.2019.

Эгерде ушундайча саясий эркти көрсөтө алышса жана өз анттарына ылайык Баш мыйзамга чындап берилгендигин айгинелетишсе, анда азыркы Кыргызстандын Конституциялык палатасынын мүчөлөрүнүн ысымдары заманбап Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калаары бышык.

Медербек Айтмырзаев,

Сегед (Szeged) университетинин докторанты,

Сегед шаары, Венгрия.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG