Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Кыргыз-тажик чек арасы: 70 чакырымдан ашыгы такталды


Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылы. Баткен, архив
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылы. Баткен, архив

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 18 чакырымдайы такталганы кабарланды. Ага чейин 13 жана 43 чакырым такталганы айтылган.

Жолугушуулардын жыйынтыгы

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 1-8-ноябрда Тажикстандын Согд облусунун Бустон шаарында өттү.

Кыргыз тарап тараткан расмий маалыматка караганда, топографиялык жана укуктук маселелер боюнча топтор кезигип, мамлекеттик чек аранын 17,98 чакырымы боюнча макулдашылганы кабарланды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев соңку жолугушуудагы тактоо Лейлек районунун аймагына тиешелүү экенин “Азаттыкка” ырастады.

Назирбек Бөрүбаев.
Назирбек Бөрүбаев.

“17 чакырым боюнча макулдашылды. Лейлек районунун аймагы боюнча. Бирок, кайсы жерлер экени азырынча так айтылбайт. Эми буюрса Баткенде жолугабыз”, - деди өкмөттүн өкүлү.

Бөрүбаев чек аранын калган тилкелерин такташуу улантыларын кошумчалады.

Канча чакырым такталып, канчасы калды?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ошондо жалпы 972 чакырымдын 664ү боюнча бир пикир табылса, 300 чакырымдай тактала элек аймак калган десе болот.

Ал эми 2023-жылдын соңку айлардагы үч жолку жолугушуудан кийин берилген маалыматтарга таянсак, жалпы 75 чакырымдай такталды. Башкача айтканда тараптардын 12-18-октябрдагы жолугушуусунда 13,98 чакырым, 3-8-октябрдагы кездешүүсүндө 43,33 чакырым, 1-8-ноябрда 17,98 чакырым боюнча макулдашылганы белгилүү болду.

"Такташуу боюнча жылыш бар"

Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашып, чек ара боюнча муз ордунан жылгандай болгон. Азырынча Тажикстан жана Кыргызстан дагы такталган тилкелер кайсы аймактарга тиешелүү экенин ачыктай элек.

Соңку жолугушуудагы такташуу Лейлек районуна тиешелүү экенин белгилүү болду. Лейлектин Кулунду айылдык кеңешенин төрагасынын орун басары Абдыжапар Досов буларга токтолду.

“Максат менен Интернационал, Арка, Жаңы-Жер айыл өкмөтүн кесип өтүүчү көпүрө бар. Ошол негизги көйгөй болгон жер. Баткен районундагы татаал жер - Төрт-Көчөдөгү 275 метр. “Бизге эч кандай маалымат берилбейт, делимитация жана демаркация ишине кийлигишпейбиз, кийин ачыкка чыкканда билесиздер” деп элге түшүндүрүп жатабыз”, - деди жергиликтүү кеңештин депутаты.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуу. Бустон, 1-8-ноябрь, 2023
Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун жолугушуу. Бустон, 1-8-ноябрь, 2023


Чынында жергиликтүү эл кайсы аймактар такталып, чек ара чечилип жатканы боюнча кабарларга кулак түрүп турушат.

Бийлик чек араны эртелеп чечкиси келет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-ноябрда Бишкектеги жыйындардын биринде чек ара маселесине учкай токтолуп, Тажикстан менен жаңы жылга чейин делимитациялоо иштерин бүтүрүүгө аракет болуп жатканын билдирген.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Биз чек арадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн жигердүү иштеп жатабыз. Кыргыз-өзбек чек арасындагы бардык делимитациялык процесстер аяктады. Эки өлкөнүн, Кыргызстан менен Тажикстандын башчыларынын тапшырмасынын негизинде жаңы жылга чейин бардык чек арадагы маселелер чечилди деп маалымат берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз", - деди Жапаров.

Мамлекеттик телеканалдарда дагы кыргыз-тажик чек арасын тактоодо жылыш бар экени жөнүндө репортаждар даярдалды. Октябрь айынын башында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары Баткен шаарында жолугуп, жаңы протоколго кол коюшкан. Анда эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов биргелешкен билдирүү жасап, бул документ чек арадагы талаштарды чечүүгө өбөлгө болору айтылган. Бирок протоколдун мазмуну айтылган эмес.

Айрым серепчилер эки өлкөнүн соңку аракеттерин чек араны тактоодо “муз ордунан жылды” деп баа беришет. Тактала турган эң татаал аймактар калганы белгилүү.

Чек ара боюнча жергиликтүү эксперт Хаитали Айкынов чек араны тактоого катышкан айрым өкүлдөрдөн алган маалыматтары менен бөлүштү.

“Албетте, дагы эле талаштуу жерлер бар. Бирок акыркы октябрь-ноябрдагы жолугушууда 50 чакырымдай чечилип калганын жылыш бар деп айтсак болот. Жетекчилер “болду, чечкиле” деген менен сүйлөшүүлөр кыйынчылык туудурууда. Комиссияда иштегендерден анча-мынча алган маалыматтарым ушул. Ал эми жергиликтүү эл чек ара чечилсе экен деп үмүт кылып турушат”, - деди эксперт.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар болуп келген. Акыркы жолу эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышка дуушар болду. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. Анда эки тараптан тең карапайым тургундар жана чек арачылар каза болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG