Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Кыргыз-тажик чек арасы: 43,32 чакырым тилке макулдашылды


Кыргыз тараптан топографиялык топту өкмөттүн Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт (солдо.)
Кыргыз тараптан топографиялык топту өкмөттүн Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт (солдо.)

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору соңку кездешүүдө чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Бирок макулдашылган тилкелердин чоо-жайы тууралуу маалымат берилген жок.

Мунун алдында, ушул айдын башында эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан жана тараптар бул документ чек араны чечүүгө өбөлгө болорун билдиришкен.

Былтыркы сентябрдагы куралдуу кагылышта Баткендин Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Кумарбаеванын үй-жайы толугу менен күйүп кеткен. Келиндин Москвада 20 жылда иштеп тапкан-ташыган акчасына салган тамы, аны менен кошо айылда ишкерлик кылуу үчүн массаж үчүн жабдуулары толугу менен өрттөлгөн.

Кумарбаева учурда айылында тирилигин улантууда, ал чек ара эртерээк чечилип, тосулушун самап-көксөгөн жүздөгөн карапайым тургундардын бири.

"Азыр коопсуз эле жашайбыз. Биздин жоокерлерди күчөтүлгөн күзөткө койгон. Коопсуздук боюнча маселе жок. Тажиктердин аскерлери мурда эшигибиздин астынан өтчү, төрт-беш айдай болуп калды, аларды айылдын үстүнө чыгарып салышты, бизге көрүнбөй өтө турган болуп калышты. Мурда музыканы коюп алып, бизден он кадам эле алыс омуроолоп өтүшчү. Эми чек ара чечилсе, эки тараптан тең зым менен тосуп, алар бизге, биз аларга өтпөгүдөй кылып койсо, дагы тынчыраак отурат элек".

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн топографиялык топторунун жолугушуусу 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында өттү. Анда тараптар чек аранын 43,33 чакырым тилкеси тууралуу макулдашты. Кийинки жолугушуу коңшу өлкөдө өтмөкчү.

"Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантат. Достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөн бул жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", - деп жазылган ал маалыматта.

Азырынча макулдашылган тилкенин чоо-жайы тууралуу маалымат бериле элек.

"Азаттык" кыргыз өкмөтүнүн Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевге кайрылып, макулдашылган тилкеге байланыштуу комментарий сурады, бирок ал маалыматты Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы гана берерин билдирди.


Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн эксперт Хаиталы Айкынов өз булактарына таянып, эки өлкөнүн жумушчу топторуна жыл аягына чейин өтө татаал тилкелерден башкаларынын баарын тактоо тууралуу тапшырма берилгенин билдирди.

Хаиталы Айкынов.
Хаиталы Айкынов.

"Негизи бул жакшы көрүнүш, чек араны тактоо боюнча жылыш бар. Соңку эки-үч жылдан бери биринчи жолу 43 чакырымдан ашык тилкени макулдаштык деп жумушчу топ айтып жатат. Эки өлкөнүн комиссия башчылары протоколго кол койдук, мындан ары чек араларыбыз такталат деп билдирүү жасашпадыбы. Бул ошонун жыйынтыгы болсо керек. Мен ушул жагдайды билгендер менен сүйлөшүп калдым. Аларга жаңы жылга чейин өтө татаал тилкелерден башка тилкелердин баарын мүмкүн болушунча бүтүргүлө деген тапшырма берилген экен. Эми 12синен баштап Тажикстанда өтүүчү жолугушууда ушул ишти тездетет окшойт. Акыркы бир нече жылдан бери канча ирет жолугушса дагы бир метр дагы жылыш болгон эмес. Чек ара такталат деген жакшы үмүт пайда болду. Кооптонуулардан улам салынган жаңы үйлөргө барбай жаткандар дагы бар да. Чек арадагы былтыркы согуштан кийинки чыңалуу жеңилдеген деле эмес эле, чыңалуу бар эле. Азыркы кабар айрыкча ошол жерде жашап жаткандардын ишеничин аз да болсо пайда кылат", - деди Айкынов.

Өткөн аптада атайын кызматы чек ара боюнча түрдүү кабар таратып жаткандарга эскертүү берген. Социалдык тармактарга жарыяланган видео тууралуу комментарий берип, андагы маалыматтарды жокко чыгарган.

"Кайсы бир кызыкдар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарга жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт", - деп жазылган маалыматта.


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова чек ара тууралуу документтер, жолугушуулардын мазмуну тууралуу кеңири маалымат берилбей жатканын жөндүү деп эсептейт. Ошол эле маалда жумушчу топтун курамында, коомчулукту, айрыкча жергиликтүү тургундарды ынандырган, ишеним жараткан адамдар болушу керектигин айтат:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Чек ара маселеси негизинен жашыруун каралышы керек. Чек ара чечилип жатканда эки тарап тең толук ыраазы болбойт. Айрыкча ошол чек арага жакын жашаган жарандар баары бир ыраазы болбойт. Чек ара тууралуу сүйлөшүүлөр - бул аябай оор дипломатия. Бирок экинчи жагдайы бар. Чек ара маселесин чечип жатканда жумушчу топ дейбизби, комиссия дейбизби, ошол жерде эл ишенген, "ушул адам бар, бизге каршы добуш бербейт, каршы саясат жүргүзбөйт" деп ишенген адамдар болушу керек. Азыр топтун, комиссиянын мүчөлөрү кимдер экенин билбейбиз. Бир-эки гана адам белгилүү да. Алардын жанында кимдер бар экенин билбей жатабыз. Ошол эле Баткенде эл ишенген, ошол жактан чыккан адамдар деле бар. Чек араны жакшы билген, элдин таламын талашкан, жер-суунун таржымалын жакшы билген адамдар да кошулган болсо, анда жакшы болмок. Макулдашылды деген 40 чакырымдан ашык жер кайсы аймакта экени белгисиз. Чоң-Алайда же Лейлекте деген дагы сөздөр чыгып жатат. Бир жагынан биздин өкмөткө деле боорум ооруйт, өтө оор маселени чечип жатат. Бизде чек арада үйлөр шахматтай болуп жайгашып калган жерлер бар да, мен өзүм канча жолу барып көрүп келгем. Балким, кандайдыр бир жер алмашуулар болуп калаар. Анан анын баарын бийлик айтышы керек, биз билишибиз керек деген да туура эмес. "Кулак укса, курсак кайнайт" болуп жакшы бүтчү иштерге дагы кедергисин тийгизиши мүмкүн. Болгону ошол маселени чечип жаткандардын арасында эл ишенген, таасирлүү дипломаттар, өлкөнүн топографиясын жакшы билген адамдар болсо, ушинтип дүрбөп, "эмнени берип коюшат, кайсы жерден уттурабыз" дегендей кооптонуулар болбойт эле".

2-октябрда Баткенде эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган делегациялар кездешип, чек ара боюнча протоколго кол койгон.

Анда Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө түзөрүн билдирген. Ташиев жакын арада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу соңку чечимди кабыл алынарын айткан. Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.

Кийинчерээк кыргыз өкмөтү жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги делегациялардын башчылары чек арадагы калган тилкелерди андан ары баяндап жазууну активдештирүү зарылдыгын белгилешип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкенин маалымдаган.

Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Анда бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.

Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG