Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

"Кримтөбөл болбойм". Кылмыш чөйрөсү чөгөлөйбү?


Коллаж солдон оңго: 1. Улан Токтосунов - каймана аты "Сакал". 2. Кадырбек Досонов - каймана аты "Женго". 3. Улан Барчакеев - каймана аты "Узун Улан".
Коллаж солдон оңго: 1. Улан Токтосунов - каймана аты "Сакал". 2. Кадырбек Досонов - каймана аты "Женго". 3. Улан Барчакеев - каймана аты "Узун Улан".

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бура турганын билдирди. Ага удаа эле кылмыш чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрүнүн "мыйзамдагы ууру" макамынан баш тартканын билдирген видеолору тарады.

Атайын кызматтын билдирүүсү

Улуттук коопсуздук комитети 6-октябрда маалымат таратып, жарандардан опузалап акча талап кылган, рейдерлик кылган жана башка оор кылмыштарга барган уюшма кылмыш топтору жана алардын лидерлери, мүчөлөрү тууралуу маалыматтары болсо атайын кызматка кайрылууга чакырды.

"Учурда коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү иш алып барууда. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын, инвесторлордун жана бизнес-коомчулуктун укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында УКМК кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бурат. Буга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн мындай фактылар тууралуу билдирүүгө чакырат", - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин уюшкан кылмыш топторуна бир катар эскертүүлөрдү берген.

Акыркы жолу ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбошу керектигин айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын эскертти.

"Кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөр коомго каршы баш көтөрүүгө аракет жасай турган болсо же мыйзамсыз иш-аракеттерге барса, мыйзамдын негизинде катуу жазаланат. Мен эскерткен нерсени аткарам. Криминалдык элементтерге кайрылып жатып, аларга мыйзамды бузбоону эскертем. Биздин өлкөдө эч кандай "мыйзамдагы ууру", кылмыштуу топтордун лидерлери болбойт. Эгер жаңы лидерлерин шайлап, жаңы топ түзгөнгө аракет кылышса, катуу жазалайбыз".

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

"Мыйзамдагы ууру" макамынан баш тарттым"

Кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн көп өтпөй социалдык тармактарда кримчөйрөнүн бир нече өкүлү "мыйзамдагы ууру" макамынан баш тартканын жана мындан ары мыйзамга баш ийип жашарын айтып чыгышты.

Алгач "Сакал" деген каймана ат менен таанылган Улан Токтосунов билдирүү таратса, анын артынан "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Кадырбек Досонов "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын айтты. Ал эми "Узун Улан" каймана аты менен таанылган Улан Барчакеев эч кандай макамы жок экенин айтып, мыйзамды бузбоого чакырды.

Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев кримчөйрөнүн өкүлдөрү өз билдирүүлөрүн иш жүзүндө да далилдеши керек деген пикирде.

Мирлан Дүйшөнбаев
Мирлан Дүйшөнбаев

"Алар деле адам, алар дагы жашагысы келет. Камчы Көлбаевдин тагдырын кайталагысы келбей эл алдында "мыйзамдагы ууру" макамынан баш тартарын айтып, күч түзүмдөрүнө, бийликке "бизге тийишпегиле, жакшы жүрөбүз" деп айтып жатышат. Булар өздөрүн сактоо үчүн же реабилитация кылуу үчүн ушинтип жатса керек. Демек уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш натыйжасын бере баштады. Кырдаалга жана көңүл үчүн айтылган сөздөр болбостон алар убадасын аткарышы абзел. Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, мурдагы жоругун улантса анда аларга аёо болбошу керек".

Атайын кызмат 6-октябрда Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун "Тайсон" деген каймана ат менен белгилүү мүчөсү акча талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлаган. Ал Талас шаарындагы кримчөйрөдөгү "смотрящий" деген макамын алып жүргөнү айтылды.

"Мыйзамдагы ууру" макамы жөн эле берилбейт"

Мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов кримчөйрөнүн таасирин азайтуу үчүн майда кылмыш иштерине каршы активдүү күрөшүү керектигин белгиледи.

Феликс Кулов
Феликс Кулов

"УКМК менен ИИМ жакшы иштеп жатат. Жыйынтыгын көрө баштадык. Үч киши баш тартыптыр. "Мыйзамдагы ууру" макамы жөн эле берилип калбайт. Азыр Орусияда, Грузияда же Түркиядан дайындалат да. Бирок азыр макамды кимге берет, эч ким жок . Уурулар дүйнөсү менен криминалдык дүйнөнүн айырмасы бар. Үч кишинин баш тартканы өлкөдө тынч болот дегенди билдирбейт. Көчөдөгү майда кылмыштарга каршы да активдүү күрөшүү керек".

Буга чейин Кыргызстанды башкарып келген өлкө жетекчилеринин баары эле криминалга каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. Атайын мыйзам кабыл алынып, өкмөт концепция даярдаган. Ошол эле учурда кримтөбөлдөр, кылмыштуу топтордун белдүү мүчөлөрү соттон акталып чыккан, түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошогон, саясатка барган учурлар катталган.

2014-жылы Ички иштер министрлиги криминалдык топтор менен катышы бары айтылган 20га жакын адамдын ысымын атаган. Арасында Жогорку Кеңеш, шаардык кеңеш, айылдык кеңештердин депутаттары, район акимдери да болгон.

"Өнүккөн коомдо "кримтөбөлдөр" болбойт"

Азыркы бийликтин тушунда Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү коомчулукта талкуу жаратты. Айрымдары кримтөбөлдөрдүн өмүрү кыска болорун айтса, дагы бири кримчөйрөнү жектеп, жаштарга туура жол көрсөткөн пропаганда мамлекеттик деңгээлде жүрүшү керектигин айтууда.

Саясат жана экономика боюнча талдоочу Сейтек Качкынбайдын пикиринде жакырчылык өкүм сүргөн өлкөлөрдө кримчөйрөнүн таасирин азайтуу кыйын.

Ал мамлекет кылмыш дүйнөсүн алсыратуу үчүн билим менен экономикага басым жасашы керек деп эсептейт.

Сейтек Качкынбай
Сейтек Качкынбай

"Эл акча таба тургандай орто классты пайда кылышыбыз керек. Орто класс пайда болгондо элде жумуш болуп, балдарын жакшы мектептерге, жакшы университеттерге окутат. Ошондо адамдар кара дүйнөнү туура эмес экенин, үлгү боло албасын көбүрөөк түшүнөт. Эгер коом жакыр болсо, миграция менен оокат кылып, Орусияга көз каранды болсок, анда дагы деле бир кримтөбөлдүн ордуна экинчиси келип, "мыйзамдагы ууру" деген түшүнүктөр биздин коомго үлгү бойдон кала берет. Ошон үчүн билим берүүгө, экономикага көңүл буруп баалуулуктарды өзгөртүү зарыл".

Мурдагы СССРде ондогон жылдар бою өкүм сүргөн "мыйзамдагы ууру" деген макам бири-бирин кыйбастыгы тууралуу ант берип, эч убакта өкмөттүк мекемелер менен кызматташпоого касам ичкен кылмыштуу топту билдирет.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги анда майда кылмыштар көбөйүп, оор кылмыштар дээрлик тең жарымына азайганын билдирген. Белградда жайгашкан Numbeo сайты дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаганда Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген.

Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG