Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Депутаттын жүйөсү, Көлбаевдин "көрсөтмөсү"


Камчы Көлбаев жана Өмүрбек Бакиров. Коллаж.
Камчы Көлбаев жана Өмүрбек Бакиров. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети парламент депутаты Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) менен жолукканын билдирип, мындай көрүнүштү эл өкүлү менен криминалдын шериктештиги катары баалады. Бирок депутат Көлбаев менен жолукканын четке кагууда.

УКМК билдирүүсү

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров 25-декабрда Чолпон-Ата шаарындагы “Барс” эс алуу жайында кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканы жөнүндө далилдер бар экенин билдирип, видеосун дагы жарыялаган.

Атайын кызмат 28-декабрда тараткан маалыматта аткаминер, эл өкүлдөрүнүн кылмыш чөйрөсүнүн адамдары менен жолугушуусун бийликти дискредитациялоо, эл ишенимине, экономикалык өсүшкө жана мамлекетти чыңдоого доо кетирген аракеттер катары сыпаттаган.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбей турганын эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө депутат Бакиров ЖМКлар аркылуу дароо жооп кайтарды. Эл өкүлү кримтөбөл менен жолукканын четке кагууда.

“Менин жардамчым көлдөн (Ысык-Көл) болот. Аны менен “Барс” жайына кымыз алып келгени барганбыз. Кымыз алып, жардамчымдын үйүнө барып келгенбиз. Булар мени жолукту деп болжолдоп жатышат. Бирок мен ал жерде Камчы Көлбаевди көргөн жокмун, аны менен мамилем жок. УКМКнын билдирүүсү негизсиз”, - деди.

УКМК депутат Бакиров боюнча кайрадан билдирүү таратып, анда "Камчы Көлбаев сурак учурунда депутат менен жолукканын ырастады" деп жазылган. Атайын кызмат депутат менен кылмыш чөйрөсүнүн анабашы эмне үчүн жолукканын ачык айткан жок. Мунун алдында Бакиров суракка чакырылып, депутат ага кайда, ким менен жолукканы жөнүндө суроолорго жооп бергенин билдирген.


Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңешке үч чакырылышта депутат болгон жана буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн чечимдерин колдоп келген.

Ал 17-ноябрдагы парламентте кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишим каралган жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Бакиров ошол күнү келишимге каршы добуш берген.

Бул окуядан кийин Ак үйдүн 7-кабатындагы кеңсесинен чыгарылып, депутаттын иш бөлмөсүнүн чыры аяктай элек. Парламенттеги айрым депутаттар муну басым катары сыпатташкан.

Кримтөбөлдүн статусу жана депутаттын этикасы

Социалдык тармактарда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы менен депутаттын айланасындагы окуя ар түрдүү талкууланып жатат. Айрымдар Камчы Көлбаев “уюшкан кылмыш тобунун башчысы, криминалдык авторитет” болсо аны укук коргоо органдары камап, жоопко тартышы керек беле", “эмнеге эркиндикте жүрөт” деген суроо салууда.

Ошол эле кезде ага укук коргоо органдарынын кинеси жок болгондон кийин ким менен жолукса, өз эрки дегендер да бар.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасында бул темага байланыштуу мындай деп жазды.

“Түшүнбөй турам, "Камчы Көлбаев менен жолугуу кылмыш" деген мыйзам кабыл алынды беле? Былтыр аны камап, анан эч кандай дообуз, сурообуз жок деп бийлик өзү эркиндикке чыгарды эле го... Азыр ал Кыргыз Республикасынын толук укуктуу жараны да, кайда барса, ким менен жолукса өзү биле турган”, - деп жазды.


Саясат талдоочу Төлөгөн Келдибаев атайын кызматтын депутат менен криминалдын байланышы жөнүндө маалымат таратканын саясий каралоо деп мүнөздөдү. Бирок Келдибаев ошол эле маалда депутаттын дагы коом алдында моралдык жоопкерчилиги болушу керек деген пикирде.

“Парламенттеги көпчүлүк депутаттардын уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү менен байланышы бар. Алар менен баары эле кызматташып, тойлорунда катышып жүрөт. Бакиров менен Көлбаевдин жолугушканы таңкалычтуу эмес. Аткаминер, саясатчылар кылмышкерлер менен куда-сөөк, өкүл ата болуп жүрөт. Камчы Көлбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери болсо эмнеге камакка алынбайт? Спикер же өкмөт башчы криминал менен жолугушса, кызматтан кетиш керек. Депутаттын моралдык жагы бар”, - деди Келдибаев.

Өмүрбек Бакиров 5-чакырылышта Жогорку Кеңешке “Ата-Журт”, 6-чакырылышка Социал-демократтар партиясынан, азыркы чакырылышка бир мандаттуу округдан келген. Ага 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып тагылган. 2004-жылы уюшма кылмыш топтун анабашы Алманбет Анапияев менен бирге "карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү" фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Өмүрбек Бакиров дооматтардын баарын төгүндөп, акталганын маалымдаган.

Саясат менен криминалдын байланышы

Эгемен Кыргызстандын тарыхында саясаттагы криминалдын таасири дайыма болуп келгени, айрыкча саясий окуялар, шайлоолордо криминалдын "кызматы” пайдаланылат деп айтылып жүрөт.

Медиа эксперт Айбек Турдалиев криминал бир гана саясатта эмес, спорт, маданият, дин чөйрөсүнө чейин аралашып калганын белгилейт.

“Идеалдуу форма - депутаттын репутациясынан биринчи, принциптери болушу керек. Позициясы жок болсо ушундай окуялар болот. Бизде белгилүү адамдар “боло берет” деп баары менен кызматташат. Ошондой мамиледен улам өлкөдө "кызылы", "карасы" эмес баары аралашып жатып калды”, - деди Турдалиев.

Өлкөдө кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрү менен жогорку кызмат адамдары, саясатчылардын сүрөттөрү жарыяланган учурлар көп эле болгон. Быйыл түбү кыргызстандык бизнесмен Азим Рой менен президент Садыр Жапаровдун чогуу түшкөн сүрөтү коомчулукта талкуу жараткан.

OCCRP уюмунун иликтөөчү журналисттери Азим Ройду "Орусиядагы жана Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар бизнесмен" деп белгилешкен жайы бар.

2019-жылдын сентябрь айында Интернетте "Женго" каймана аты менен таанымал кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Кылычбек Саркарбаевдин жанаша басып келаткан видеосу тараган. Ошол учурда Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин башкарып турган.

2011-жылы Ысык-Көлдөгү "Каприз" мейманканасында ошол кездеги парламент спикери Акматбек Келдибековдун кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаев бир жерде чогуу болгону тууралуу талкуу күчөп, кызматтан кеткен. Келдибеков бир мейманканада аны менен чогуу болуу жөн гана дал келүүчүлүк экенин айтып, жолугушуу тууралуу сөздөрдү четке каккан.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин "кара тизмесинде" турат.

2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда Камчы Көлбаев кармалып, бирок тил кат менен бошотулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG