Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Ташиевдин эскертүүсү, кримтөбөлдүн өлүмү


 Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу комментарий берип, өлкөдө мындай кийин “мыйзамдагы ууру” болбой турганын, “караларга” каршы күрөш уланарын дагы кайталады.

Ташиев криминал топторго дагы эскертүү берди

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 5-октябрда Токмок шаарында УКМКнын жаңы оңдолгон имаратын ачып жатканда, мындан өлкөдө ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын эскертти.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөр коомго каршы баш көтөрүүгө аракет жасай турган болсо же мыйзамсыз иш-аракеттерге барса, мыйзамдын негизинде катуу жазаланат. Мен эскерткен нерсени аткарам. Криминалдык элементтерге кайрылып жатып, аларга мыйзам бузбоо тууралуу эскертем. Биздин өлкөдө эч кандай "мыйзамдагы ууру", кылмыштуу топтордун лидерлери болбойт. Эгер жаңы лидерлерин шайлап, жаңы топ түзгөнгө аракет кылышса, катуу жазалайбыз", - деди Ташиев.

УКМК 4-октябрда Көлбаев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнүн кабарлаган. Атайын кызмат кримтөбөлдү кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Көлбаевдин көмүскө таасири

Атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков Көлбаевдин кылмыштуу тобу соңку жылдары кулач жайып, аны менен өлкөнүн саясий, бизнес элитасы эсептешип калганын белгилеп, мамлекеттик башкаруу саясатына аралашуу аракетине токтолду:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

“Уюшкан кылмыштуу топтор, алардын ана башчылары бир күндө эле жаралган жок. Чынын айтыш керек, буларга айрым бийликтегилер, күч органдарындагы кээ бир кызматкерлер жардам берген. Ошондуктан ушундай мыйзамсыз түзүм пайда болду. Акыркы убакты булар шайлоо өнөктүгүнө катышып, мамлекеттик түзүлүшкө таасирин тийгизип келишкен. Жогорку Кеңешке өз өкүлдөрүн шайлатууга жетишкен учурлары да болгон”.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев криминал менен күрөшүү кыйын болоорун белгилейт. Анын пикиринче, жылдар бою калыптанган кримчөйрөгө системалуу күрөш улантылбаса, жаңылары бат эле пайда болот:

“Уюшкан кылмыштуулук менен реалдуу күрөш болушу керек. Алардын каржылык империясын жок кылбаса, Көлбаевден дагы ашып кеткен балдар криминалдын арасында табылат. Анткени ал жол салып кетти. Эмне үчүн АКШ Көлбаевдин кара тизмеге киргизген? Себеби ал жалгыз өзү эле кылмыштуу топтун анабашы эмес экенин жакшы билишет. Ал башка мамлекеттер менен дагы байланыш түзгөн”.

Көлбаев катышкан той

4-октябрь түнү чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун Көлбаев жок кылынгандан кийин УКМКга суракка кирип чыкканын жергиликтүү медиалар күч органдарындагы булактарына таянып жазды. Матраимов өзү же атайын кызмат анын суракка чакырылганы боюнча комментарий бере элек. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовго байланышканыбызда, “бул боюнча жооп бере албастыгын” айтты.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев буга чейин криминалдарды баш көтөргүс кылаарын кайталап келген. Бирок Көлбаевдин кылмыш ишинин кыскарышы, түрмөдөгүлөр анын туулган күнүндө майрам уюштурганы бийликке карата сын-пикирлерди күчөткөн.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган.
Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде экинчи уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Бул тойдон кийин Акматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирди. Акматбек Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде маалыматты четке каккан.

Матраимов менен Көлбаевдин байланышы

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн кабарлаган.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.

2020-жылдын этегинде “Азаттык” өнөктөштөрү менен Матраимов менен Көлбаевдин байланышын тапкан журналисттик иликтөө жарыялаган.

Акматбаевдин тобунан бөлүнүп чыккан Көлбаев

Камчыбек Көлбаев 49 жашта болгон. 5-октябрда массалык маалымат каражаттары анын сөөгү Чолпон-Ата шаарында жерге берилгенин жазышты.

Көлбаев Чолпон-Ата шаарында туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө Рысбек Акматбаевдин жан-жөкөрү болуп, бирок кийин анын тобунан бөлүнүп кеткен. 2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салды деп күнөөлөнүп, Көлбаев узак мөөнөткө соттолгон. Бирок эки жыл өтпөй мунапыска ылайык мөөнөтүнөн мурун камактан бошотулган. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң Көлбаевди Бишкек милициясы кармап, бирок кайра коё берилген.

2011-жылы Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө карата күрөш башталып, Көлбаевге издөө жарыяланган болчу. 2011-жылы жайында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалып, кийин Бишкекке алып келинген.

2012-2013-жылдары бир нече оор беренелер менен айыпталып, бирок сот жараяндарында жабырлануучулар көрсөтмөсүнөн баш тарткандыктан, жеңил жаза менен кутулган. Андан кийин деле Көлбаев бир нече жолу кармалып, кайра бошотулуп жүрдү.

Көлбаев 2008-жылы Москвада Орусиядагы уюшкан кылмыш топтордун анабашы, “Япончик” аттуу маркум Вячеслав Иваньков баш болгон жыйында “мыйзамдагы ууру” титулун алганын медиа каражаттары жазган. Орусиянын күч органдары Көлбаевди ал өлкөгө кирүүгө тыюу салган.

АКШнын кара тизмеге эмнеге киргизген?

Эл аралык коомчулук Көлбаевди транс-улуттук баңгизат соодасына аралашкан деп айыптаган. Аны ооган героинин Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу ташыган «түндүк маршрут» деп аталган багытты жолго салган деп белгилешкен.

Евразиядагы коопсуздук маселелерин иликтеген эксперт Марк Галеотти OCCRP уюмуна айткандай, Көлбаев баңгизат аткезчилигин эл аралык алкакта көзөмөлдөгөн башкы оюнчулар менен байланыш түзүп, аймак аркылуу ага чейин башаламан алынып өткөн героиндин көлөмүн чоң өндүрүштүк деңгээлде ташууга жеткирген.

Көлбаевдин мындай ишмердиги кооптондургандыктан, АКШнын Финансы министрлиги ага каршы эки жолу санкция салган. 2011-жылы «чет элдик баңгизат соодасынын анабашы» жана 2012-жылы «эл аралык уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү» же мурдагы советтик республикалардан чыккан кылмышкерлердин көзүрлөрү кирген «Агайындар чөйрөсү» тобуна мүчө деп айыптаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG