Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

"Кезектеги репрессия". Азербайжанда тогуз журналист камалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Шаршембиде Азербайжандын Баку шаарында көз карандысыз Toplum TV телеканалынын тогуз журналисти жана кеминде үч саясий активист кармалды.

Полиция телеканалдын кеңсесин жана журналисттердин үйлөрүн тинтип, "чоң суммадагы чет элдик валюта табылды" деген доомат койду. Бирок телеканалдын жетекчилиги муну "Азербайжандагы репрессиянын кезектеги кадамы" деп сыпаттайт.

"Азаттыктын" азери кызматы - "Азатлык" радиосунун маалыматы боюнча, Бакудагы Toplum TV каналынын кеңсесин тинтүү 6-мартта таң эрте башталган. Журналисттердин жакындарынын айтымында, аларды полиция күч менен алып кеткен, ошондон бери байланыш жок.

"Pепрессиянын кезектеги кадамы"

Көз карандысыз телеканалдын башкы редактору Хадижа Исмаилдин айтымында, кармоолорго эмне себеп болгону белгисиз жана Toplum TVге каршы иш козгоого юридикалык негиз жок.

"Биз эч кандай кылмышка, эч кандай мыйзамсыз ишке аралашкан эмеспиз. Биз муну өлкөдө жүрүп жаткан репрессиянын кезектеги кадамы деп эсептейбиз. Тинтүүлөрдүн бир гана себеби бар - алар маалымат каражаттарынын оозун жабууга аракет кылып жатышат. Өлкөдө эч кандай сын айтылбашы үчүн, сөз эркиндиги болбошу үчүн жасалган кадамдардын уландысы", - дейт башкы редактор.


"Азаттыктын" азери кызматы шаршембиде журналист Фарид Исмаилов үйүндө кармалганын билдирди. Журналисттин жакындарынын айтымында, тинтүү учурунда үч миң евродон ашык акча табылган. Ага "чет элдик валютанын мыйзамсыз аткезчилиги" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалганын адвокаты Зибейда Садыгова BBC радиосуна билдирди.

Ошондой эле Toplum TVнин кызматкерлери Мушфик Жаббар, Али Зейнал, Рамил Бабаев, Элмир Аббасов жана Илкин Ахмадовдорго да ушундай эле берене менен айып тагылып, полиция камакка алганы кабарланды. Бирок Азербайжандын Ички иштер министрлиги камоолор боюнча комментарий бере элек.

Учурда телеканалдын сайты жана соцтармактардагы баракчалары иштебей турат. 90 миңден ашык катталуучусу бар Ютуб каналында бардык видеолор өчүрүлгөн.

Toplum TV – 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан көз карандысыз маалымат ресурсу. Анын негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, сөз эркиндигин биринчи планга коюп, коомду объективдүү маалымат менен камсыз кылуу. Сайт ошондой эле Демократиялык Демилгелер bнститутунун (IDI) "Демократия мектеби" программасынын журналистика боюнча тренингине катышкан жаштардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн аянтча катары кызмат кылат.

Үч активист да кармалды

6-мартта жарандык активист Акиф Гурбановдун үйү да тинтилип, өзү камакка алынган. Милиция тинтүү учурунда адвокаттарды Гурбановдун үйлөрүнө киргизбей койгон. Адвокат Шахла Хумбатова Гурбановго да "аткезчилик" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, анын кеңсесине 30 миң евро атайын коюлганын айтты.

"Акиф Гурбанов тинтүү маалында анын үйүнөн документтер алынганын белгиледи. Анын айтымында, милиция III Республикалык платформанын кеңсесин тинтүүгө алып, ал жерге 30 миң евро коюп, анан кармап кеткен. Аны тинтүү толугу менен көзөмөлсүз жүргүзүлгөн", - дейт активисттин адвокаты.

Камакка алынган үч активист: Акиф Гурбанов, Араз Алиев жана Руслан Иззетли – "III Республика платформа" коомдук кыймылынын мүчөлөрү. Уюм Азербайжанда президенттин бийлигин чектөөнү жана башкаруунун парламенттик формасын киргизүүнү сунуштап келет.

Мэтью Миллер.
Мэтью Миллер.

Ал тапта АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер 6-мартта Вашингтон азербайжандык журналисттердин камалышына "тынчсызданып жатканын" билдирди. Ал расмий Бакуну жарандарды куугунтуктоону токтотууга чакырды.

"Азербайжан полициясынын Toplum TVнин кеңсесин тинтип, көптөгөн көз карандысыз журналисттерди жана жарандык активисттерди камакка алганы бизди абдан тынчсыздандырат. Биз журналисттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана оппозиция өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана жазалоо аракеттерине каршы кескин каршы пикирибизди билдиребиз", – деди Миллер.

"Алиевдин диктатурасы журналистиканы талкалап жатат"

Эл аралык Мунапыс (Amnesty international), "Human Rights Watch (HRW) жана “Чек арасыз кабарчылар” уюму азери бийлигинен журналисттерди токтоосуз бошотуп, аларга тагылган айыптарды алып салууну талап кылышты.

"Биз Toplum TVдеги тинтүүгө жана бир нече кызматкердин камакка алынышына нааразыбыз. Илхам Алиевдин диктатурасы журналистиканы талкалап жатат. Азербайжан менен кызматташкан бардык өлкөлөр мындай режим менен өнөктөш болгусу келеби же жокпу деп өздөрүнө суроо бериши керек", – деп билдирди "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Жанн Кавалье.

Азербайжанда 7-февралда кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында азыркы мамлекет башчы Илхам Алиев добуштардын 90% көбүн ээлеп, жеңип чыккан. Белгилей кетсек, Алиев өлкөнү 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин көзү өтүп, бийлик анын колуна өткөндөн бери башкарып келе жатат.

Илхам Алиев башкарган ушул жыйырма жылдан бери өлкөдө саясий дискуссияларды чектеген мыйзамдар кабыл алынып, оппозиционер саясатчылар жана көз каранды эмес журналисттер камалууда.

Ульви Гасанлы, Севинч Вагифкизи, Махаммад Кекалов.
Ульви Гасанлы, Севинч Вагифкизи, Махаммад Кекалов.

Былтыркы ноябрдан бери ондогон журналист камакка алынды. Адегенде Abzas Media интернет-басылмасынын төрт журналисти жана редактор Ульви Гасанлы, Севинч Вагифкизи, Махаммад Кекалов жана Наргиз Абсаламова аталган медианын кеңсесинен 40 миң евро накталай акча табылды деген доомат менен кармалган. Алардын баарына "чет элдик валютанын мыйзамсыз аткезчилигине" байланыштуу айып тагылган.

Көп өтпөй “Канал 13” деп аталган көз карандысыз онлайн-телеканалына катышы бар деген негизде бир нече журналист кармалган. Алсак, канал менен кызматташып келген Шамо Эминов 22-декабрда аткезчиликке айыптап кармалганы маалым болгон. Анын алдында телеканалдын редактору Теймур Каримов "опузалап акча талап кылган" деген доомат менен камалган.

Азербайжандык көз карандысыз журналисттер бул дооматтарды четке кагып, алардын баары ойдон токулган иштер экенин, бийлик аткаминерлердин арасындагы жемкорлук боюнча иликтөөдөн кийин өч алып жатканын айтышууда.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG