Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Алиевдин сапары: өнүктүрүү фонду, аба каттамы жана топоз экспорту


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 11-октябрь, 2022-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 11-октябрь, 2022-жыл.

Баштапкы капиталы 25 миллион доллар менен Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт. Тиешелүү макулдашууга Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында кол коюлду.

Эки өлкөнүн экономикалык алакасы азырынча анча жакшы эмес. 2012-жылы Кыргызстанда мунайды кайра иштете турган биргелешкен завод куруу боюнча план да ишке ашпай калды. Азербайжан президентинин бул сапарында ал тууралуу сөз болгон жок.

Илхам Алиев 11-октябрда Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келди. Аны Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алып, андан кийин мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отуруму өтүп, биргелешкен чечимге кол коюшту.

Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтү Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга жетишти. Ошондой эле ар бир катар министрликтин жетекчилери өз багытында кызматташуу боюнча программага, протокол жана меморандумга кол коюшту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өнүктүрүү фонду жана эки өлкөнүн экономикалык алакасы тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:

“Биздин соода экономикалык алакабыз өтө жогору эмес. Эми Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт. Уставдык капиталы 25 миллион доллар болгон фонд экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн иштейт. Бишкек-Баку түз авиакаттамын ачып, андан ары Европа өлкөлөрүнө чыгуу боюнча да сөз болду”.

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда саясий-дипломатиялык мамиле болгону менен экономикалык кызматташтык жөнгө салына элек. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү жылына 100 миллион доллардын гана айланасында. Бишкек-Баку аба каттамын ачуу боюнча демилге 2010-жылдан бери көтөрүлүп, бирок турмушка ашпай келатат.

“Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруу зарылдыгы боюнча орток түшүнүк бар экени кубандырат. Ошентсе да соода жүгүртүүнүн азыркы деңгээли али өз дараметине жете элек. Азербайжандын бизнес коомчулугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз, ошондой эле мындан ары өнөктөш катары кызматташууга ачыкпыз. Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз”, — деди президент Садыр Жапаров.

Жапаровдун быйыл апрель айында Азербайжанга жасаган расмий сапарында Айыл чарба министрликтери кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишкен эле. Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков макулдашууга ылайык, Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттой турганын айтты. Анын сөзүнө караганда, экспорттун биринчи бөлүгү 15-октябрда жөнөтүлөт.

“Апрель айындагы макулдашууда 2 миң баш топоз тууралуу сөз болгон. Быйыл 100 баш алынып кетип, ал Азербайжандын шартына ылайыкташып кетсе, 2023-жылы дагы 1900 буканы жиберебиз. Кыргызстандын өзүндө 57 миң баш топоз бар”.

Илхам Алиев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде. 11-октябрь, 2022-жыл.
Илхам Алиев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде. 11-октябрь, 2022-жыл.

Расмий Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. Кыргызстан менен Азербайжандын соода сатыгы чеке жылытарлык эмес экенин азери президенти Илхам Алиев да айтып өттү.

“Менин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарымда жетишилген келишимдер бардык тармактарда кызматташтыкты жакшыртат деп ишенем. Соода жүгүртүү боюнча сандар албетте, бизди канааттандырбайт. Бирок алдыга койгон пландар аз убакыттын ичинде соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтөт деп ойлойм. Азербайжан Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду да ишке ашырууга кызыкдар”.

Азербайжан мунайга бай өлкө. Күйүүчү-майлоочу майды Орусиядан башка жактардан да сатып алууну камсыздоо үчүн 2012-жылы Кыргызстан Азербайжан менен жылына 2 миллион тонна мунайды кайра иштетүүчү биргелешкен завод курууну макулдашып, бирок кийин ал ишке ашпай калган. Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон жылдык керектөөсү 1 миллион тонна. Ал макулдашууда ашыкча иштетилген мунайзатты Ооганстан менен Тажикстан сыяктуу үчүнчү өлкөлөргө сатуу каралган.

Бул долбоорду Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы (SOCAR) ишке ашырып, биргелешкен заводду куруу чыгымын өзүнө ала турган болгон.

Илхам Алиевдин Кыргызстанга болгон сапарында мунай долбооруна байланыштуу сөз козголгон жок. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев “Азаттыкка” берген комментарийинде мунайды Кыргызстанга жеткирүү кымбат болгондуктан, демилге ишке ашпай калганын түшүндүрдү.

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

“Бул демилгени изилдеп чыктык. Бир топ сүйлөшүүлөр да болду. Иш жүзүнө келгенде чийки мунайды Кыргызстанга алып келүү кыйын. Негизи Азербайжан мунайдын 60% чет өлкөлөргө экспорттойт. Алар мунайды да, газды да Грузия, Түркия аркылуу өткөн куурлар менен сатат. Бизде да ушундай куурлар болгондо мунайды, газды Азербайжандан импорттоодо маселе болмок эмес. Ошондуктан биринчи логистикалык маселени чечиш керек. Тилекке каршы, Азербайжан менен Кыргызстандын ортосунда миңдеген чакырым аралык бар”.

Алиевдин Бишкектеги сапары 12-октябрда аяктайт.

Илхам Алиевдин Кыргызстанга сапарында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багы, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы мектептердин да ачылышы болду.

Гейдар Алиев - Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. Совет мезгилинде партиялык жогорку кызматтарда иштеп, эки жолу Социалисттик эмгектин баатыры болгон. 2003-жылдагы президенттик шайлоодон саламаттыгына байланыштуу баш тартып, ордуна уулу Илхам Алиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Гейдар Алиевдин башкаруусу учурунда жеке керт башына сыйынуучулук кеңири жайылганы айтылат.

Ал эми Низами Гянжеви XI-XII кылымдарда жашап өткөн Чыгыш адабиятындагы эң белгилүү акын жана илимпоз. Улуу акын "Сырлар кенчи", "Хосров менен Ширин", "Лейли менен Межнун” ж.б. чыгармалары менен тарыхта калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG