Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Эгембердиев: Абакта кылмыш топторунун тиреши жок


Аскат Эгембердиев.
Аскат Эгембердиев.

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев “Азаттыкка” чакан маек куруп, Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында жаткандардын абалы, жабык жайлардагы кырдаал тууралуу суроолорго жооп берди.

- Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандар ден соолугу начарлап кеткенин, Жаза аткаруу кызматы ооруканада дарыланууга уруксат бербей жатканын бир нече жолу билдиришти. Абактагылардын абалы кандай?

- Бул маселе боюнча баарын карап, комиссиялык текшерүү жүргүзүп жатабыз. Ага Саламаттык сактоо министрлигинен да кызматкерлер келип катышууда. Эгер "ооруканада дарыланышы керек" деген бүтүм болсо, биз сөзсүз чыгарабыз. Жакында эле Клара Сооронкулованы, Равшан Жээнбековду дарылатып келдик. Улукбек Маматаев дарылангандан кийин бүгүн кайра алып келинди.

Биз алардын ден соолугун өзүбүз текшерип, андан кийин Саламаттык сактоо министрлигине жиберебиз. Министрликтен кызматкерлер келип бүтүм чыгарса, биз ооруканада дарыланууга шарт түзөбүз. Тергөө абагында ооруп жаткан кишини кармап турган бизге деле жакшы эмес. Себеби, биз да жооп беребиз.

Ден соолугу боюнча негиздүү чечим чыкса, Кемпир-Абад иши боюнча же башка иш менен жаткандар болобу дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз колдон келишинче алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Бизге адам кайсы иши үчүн, эмнеге соттолуп атат айырмасы жок. Баарына тең карайбыз.

- Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Кыргызстанда жабык жайларда кыйноолор токтобой жатканын айтып келишет. Маселени чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

- Азыр кыйноо деген кеңири түшүнүк болуп калды. Бизде тергөө жайларынын көбү өткөн кылымдын 40-50-жылдары курулган. Биз эски түрмөлөрдү бузуп шаар сыртына жаңы түрмөлөрдү салуу боюнча сунуш берип ал колдоо тапты. Мурда салынган абактардын эскилиги жетти, шарты начар. Анан муну да кыйноо деп атышпайбы.

Ал эми жабык жайларда денесине залал келтирип кыйноо жок. Мен муну жоопкерчилик менен айта алам.

Биз Жалал-Абад облусунда жаңы убактылуу тергөө абагын, Базар-Коргон районунда жаңы түрмө салып атабыз. Бул объектилер бүткөндөн кийин башкаларын баштайбыз. Өмүр бою эркинен ажыратылгандарга №2 корпусту ачып бердик. Жаңы салынган камераларга соттолгондорду которо баштадык.

Молдовановка айылындагы №31 мекемеде соттолгондор үчүн жаңы оорукана курдук. Соттолгондор ушул жерде дарыланат. Эгер заманбап аппараттар керек болсо же адамдын оорусу оор болсо, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, бейтапты ооруканага которушубуз мүмкүн. Министрлик да бизге жардам берип колунан келген көмөгүн көрсөтүп жатат.

- Бишкектеги №21 мекеме же эл оозунда айтылгандай №1 тергөө абагын да шаар сыртына көчүрүү планы бар эле. Бул качан ишке ашышы мүмкүн?

- Ооба, ушундай план бар. Бирок бул оңой эле ишке ашпайт да. Бюджеттен акча бөлүнүп, жер табышыбыз керек. Эми бул маселелер кезеги менен чечилет. Мына Жалал-Абадда эки мекеме боюнча маселе чечилип, курулуш иштери башталды. Эми акырындан башка да мекемелерге өтөбүз.

- Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун былтыр №1 тергөө абагында киши колдуу болушу талкуу жараткан эле. Бул окуя уюшма топтордун жабык жайлардагы тирешинен кабар береби?

- Бул иш боюнча азыр соттук териштирүү жүрүп жатат. Тергөө абагында абалды көзөмөлдөп турган Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон. Аларга бул окуяны болтурбоо үчүн өз учурунда чара көргөн эмес деген айып коюлган. Соттун чечими чыккандан кийин да маалымат беребиз да. Бул кызматкерлер №21 мекемеден башка жерге которулушкан. Соттун чечими чыккандан кийин алардын маселеси да каралат. Түрмөдө кылмыштуу топтордун тиреши деген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG