Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Кыргызстан-АКШ: Вашингтондогу жолугушуу, кабыл алынбаган келишим


Айбек Молдогазиев менен Дональд Лу. Вашингтон, АКШ.
Айбек Молдогазиев менен Дональд Лу. Вашингтон, АКШ.

Вашингтондо АКШ менен Кыргызстандын расмийлеринин эки тараптуу консультациялык бешинчи жыйыны өттү. Анда саясат, экономика, коопсуздук жаатындагы кызматташтык, басма сөз эркиндиги, демократия жана виза маселелери кеп болду.

Кыргызстан АКШ менен кызматташтык жөнүндө макулдашуудан сегиз жыл мурда чыгып кеткен. Жаңы келишим кабыл алынары айтылганы менен алиге дейре жүзөгө аша элек.

Сөз эркиндиги, демократия жана санкция

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лунун 30-марттагы жолугушуусу тууралуу маалыматты тараптар эми гана таратты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан кабарда делегациялар саясат, коопсуздук, экономиканы диверсификациялоо жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашканы белгиленет.

"Эки өлкөнүн өкүлдөрү Сириядан 59 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо боюнча ийгиликтүү аракеттер, чек ара коопсуздугу жана колдоо, глобалдык саламаттык сактоо маселелерин талкуулашты. Вашингтон аймактагы тынчтыктын жана коопсуздуктун борбордук элементи катары эл аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча расмий Бишкектин аракеттерин кубаттады. Эки өлкө эркин жана ар түрдүү медиа мейкиндигинин, күчтүү жана динамикалуу жарандык коомдун жана аялдардын укуктарын кеңейтүү аракеттерин кошкондо, бардыгы үчүн адам укуктарын коргоонун жана гендердик зомбулукка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул деген дени сак жана өнүккөн демократиянын негизи болуп саналат", – деп жазылган кыргыз тараптын маалыматында.

Буга удаа эле АКШнын Мамлекеттик департаменти да билдирүү таратып, жолугушууда жогорудагы маселелер талкууланганын жарыялады. Анда Дональд Лунун “Борбор Азия+АКШ” форматындагы интеграцияда Кыргызстандын аракеттерин да кубаттаганы көрсөтүлгөн.

Айбек Молдогазиев менен Дональд Лу баштаган делегациялар.
Айбек Молдогазиев менен Дональд Лу баштаган делегациялар.

Жолугушууда Украинадагы согуштун фонунда АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү жана Батыштагы башка мамлекеттер Орусияга салган санкциялар да кенен кеп болгон сыяктуу.

“АКШ менен Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү санкцияларды координациялоо жана эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизчү терс таасирин азайтуу боюнча аракеттерди талкуулашты. Тараптар маалыматтык технологияларды жана санариптик индустрияны мындан ары өнүктүрүү жаатында да пикир алмашты. Эки тарап соода-экономикалык кызматташтыктын, анын ичинде Америка-Кыргыз Ишкер кеңешинин алкагындагы карым-катыштын активдешүүсүн кубатташты. Кыргыз делегациясы Кыргызстандын банктарына АКШнын банктарында корреспонденттик эсеп ачууга жардам берүүнүн өтө маанилүү экендигин белгилешти”, – деп айтылат АКШнын тышкы саясат мекемесинин сайтында.

АКШ менен Кыргызстандын биргелешкен билдирүүсүндө эки тараптуу мындай консультация жыл сайын уюштурулуп турары, быйылкысы бешинчи жыйын экени кабарланат. Демек, биринчи жыйын 2018-жылы өткөн экен. 2024-жылкы отурумду Бишкекте өткөрүү пландалды.

Кечиккен келишимдин сыры

Быйыл 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында “Борбор Азия+АКШ” жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолуккан. Анда Кулубаев Вашингтон Бишкектин негизги тышкы өнөктөшү бойдон кала берет деп билдирген. Бирок иш жүзүндө эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынбаган бойдон турат.

Жээнбек Кулубаев жана Энтони Блинкен баштаган топтор. 28-февраль, 2023-жыл. Астана, Казакстан.
Жээнбек Кулубаев жана Энтони Блинкен баштаган топтор. 28-февраль, 2023-жыл. Астана, Казакстан.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда ишке ашкан. Мындай кадам АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго "адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн" деп аталган сыйлык ыйгарганына байланыштуу кабыл алынган.

Шарттарын карап чыгуу менен макулдашууну жаңыртуу маселеси Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүткүчө эле көтөрүлгөн. 2017-2020-жылдардагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда келишим даярдалып жатканы кабарланып, кабыл алынган эмес.

2020-жылкы элдик толкундоолордон кийин бийликти колуна алып, 2021-жылкы президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров да ар кайсы форматтагы жыйындарда бул жөнүндө кеп кылган. Бирок андан бери деле жаңы келишимден кабар жок.

Дональд Лу 2018-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанда элчи болуп иштеген учурда келишимди жаңыртуунун үстүнөн өзү иштеген. Ал 2022-жылы Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары катары Бишкекке келген учурда документ толук даяр болгонун айткан эле:

Дональд Лу
Дональд Лу

"Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министрин Вашингтонго чакырдык. Мамлекеттик катчы Блинкен ал жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат. Жакында Вашингтондо Борбор Азиянын бир нече министрлери менен жолугуштук жана сиздердин өкмөт менен жогорку деңгээлдеги алаканын болушун каалайбыз", – деген анда Дональд Лу.

Расмий Бишкек деле Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын кызматташтыгы тууралуу жаңы келишим даярдалып бүтүп калганын белгилеп, бирок техникалык маселелерден улам процесс уланып жатканын билдирип келет.

Быйыл 19-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буларды билдирген:

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

“Иш жүрүүдө. Техникалык мүнөздөгү талкуулоону талап кылган бир катар маселелер болгон. Биз өзүбүздүн пикирибизди жөнөткөнбүз. Каралып жатат. Даяр болгондо, албетте, илгерилетебиз. Азырынча “бүгүн-эртең же быйылкы жыл ичинде” деп так датасын айта албайм. Келишимдин биздин да, алардын да кызыкчылыктарына жооп бере турган деталдары макулдашылгандан кийин гана кол коюлат. Келишим эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп бергидей болушу зарыл. Азырынча иш жүрүп жатат”.

Жардам жана басым

Кызматташуу тууралуу документ жок болгону менен АКШ-Кыргызстан ымаласы токтоп калган жок. Вашингтон түрдүү программалардын алкагында Бишкекке ар кандай жардамдарын берип келатат.

Маселен, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги – USAID акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам берген. Жакын арада Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берерин жарыялаган.

Быйыл жыл башынан тартып Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги АКШга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайткан. Виза берүү жараянынын өзү дагы да жөнөкөйлөштүрүлүп, оптималдаштырылганы айтылган.

Мурдараак Жогорку Кеңештин айрым депутаттары макулдашуу жаңыртылса, каржылык жана башка жардамдарды алууга мүмкүнчүлүк болорун белгилешкен.

“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиев ортодо келишим жоктугунан Бишкек Вашингтондон аскердик жардам ала албай жатканын билдирди:

Мейкинбек Абдалиев
Мейкинбек Абдалиев

“Америка эң өнүккөн мамлекет да. Биз алардан көп нерсе алсак болот. Түрдүү жардамдарды, анын ичинде аскердик жардамдарды алсак болот. Мигранттарыбыз азыр ал жакка Мексиканын токойлорун аралап, азап-тозок менен жетип жатышат. Эгер келишимди жаңылап алсак, бул жагынан да жеңилдиктер болмок. Келишимди сөзсүз түрдө кабыл алуубуз кажет, эртерээк болсо андан да жакшы. Эгерде келишим болбосо, жетиштүү жардам болбойт да”.

Башка маселе – АКШнын 2015-жылдары кыргыз бийлигине койгон маселелери азыр деле актуалдуу десе болот.

Биринчиден, денонсацияга себеп болгон укук коргоочу, 2020-жылы абакта каза болуп калган Азимжан Аскаровдун өлүмүн акыйкат иликтөө жана анын ишин кайра тергөөгө байланыштуу эл аралык жана жергиликтүү коомчулукта кыргыз өкмөтүнө сын бар.

Экинчиден, Кыргызстандагы жарандык коомго, басма сөзгө жана башка топторго карата кысым-басым да кайра күчөгөнү белгиленип жатат. Буга Октябрь окуяларына байланыштуу ондогон активисттердин кармалышы, Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы-укук коргоочулардын камалышы, журналист Болот Темировдун өз өлкөсүнөн чыгарылышы, ResPublica порталынын, “Азаттык” радиосунун сайттарынын бөгөттөлүшү жана башка журналисттердин камакка алынышы кирет.

АКШнын Бишкектеги элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 2022-жылдын 30-декабры.
АКШнын Бишкектеги элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 2022-жылдын 30-декабры.

Бул маселелерди АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана башкалар менен жолуккан учурда сыпайы айткандай болду.

Саясий талдоочу Аида Алымбаева кырдаалды мындайча баалады:

Аида Алымбаева
Аида Алымбаева

“Бул жерде Орусиянын таасири менен да болуп жатышы мүмкүн. Бирок менимче, Кыргызстандын бийлиги өзү келишимди кабыл алууну атайы кечиктирип жатат. Биздин азыркы бийлик Кыргызстан демократиялык жол менен өнүкпөй жатканы үчүн, демократияга, сөз эркиндигине, саясатчы-активисттерге куугунтук болуп жатканы үчүн “АКШ бизди дагы сындайт, аларга кошумча инструмент пайда болот” деп чочулап жатат. Башкача айтканда, кыргыз бийлиги “алар биздин ички ишибизге кийлигишип жатат, ушул денонсация аларга сабак болсун, атайлап кечиктирип кабыл алалы, аларга сабак болсун” деген позицияда болуп жатат. Болбосо, бул америкалыктарга керек эмес, бизге керек. Анын үстүнө, Кыргызстан Орусиядан, Кытайдан, Түркиядан экономикалык жактан көз каранды болушу мүмкүн, бирок АКШдан көп көз каранды эмес. Ошого да макулдашууну жаңыртууга анча шашпай турат. Соода алакабыз деле аз эле, курал-жарак жана башка жардамдарды да азыраак алат. Америка болсо демократиялык институттарды, басма сөздү, өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүшүнө көп жардам берет. Ал эми азыркы бийликке бул процесс жакпай турганы түшүнүктүү да”.

Кыргызстан менен АКШнын товар жүгүртүүсү акыркы жылдары 100 миллион доллардын тегерегинде болуп келген. 2022-жылдын жыйынтыгында бул сумма эки эсе арбып, 246 миллион долларга жеткен. Мунун көпчүлүгү АКШнын экспорту.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG