Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Кемпир-Абад иши: камактагылардын бөгөт чарасы өзгөргөн жок


Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.
Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.

Биринчи май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отургандардын айрымдарынын ишин карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды.

Мунун алдында райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган.

Биринчи май райондук соту 17-апрелде активисттер Али Шабдан менен Эрлан Бекчоро уулунун, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаевдин, журналист Айданбек Акматовдун, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкуловдун жана саясатчы Бектур Асановдун, экс-депутаттар Равшан Жээнбековдун, Кубанычбек Кадыровдун жана мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Алардын баарынын тергөө абагындагы мөөнөтү 20-июнга чейин узарды.

Ушундай эле чечим саясатчы-активисттер Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Тимур Махмудовго карата чыкты.

"Мага али айып кое элек. Тергөө жок. Жөн эле отурабыз, мамлекеттин акчасын коротуп", - деди Бекназаров сот залына алып кирип бараткан учурда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Али Шабдан "Азаттыкка" комментарий берип жатып, тергөөдө эки жолу сурак бергенин айтып, коюлган айыптарды негизсиз деп эсептерин белгиледи.

Кеңешбек Дүйшөбаев да "Эч кандай тергөө жүргөн жок", - деп билдирди.

Тергөө абагында отурган журналист Айданбек Акматов сот залына кирип баратып "тергөө иштери жай жүрүп жатканын, болгону эки жолу сурак бергенин" айтып, "кылмыш иши негизсиз козголгонун" билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүлөр болбогонун, буга чейин үй камагына чыккандарга саламаттыгынан улам ошондой чечим чыкканын белгиледи.


Талас облусунун мурдагы жетекчиси Айбек Бузурманкулов буларды айтты:

"Биздин иштин баары саясий иш. Биз акпыз. Биз жер үчүн отурабыз. Кудай буюрса, жеңиш менен чыгабыз. Тергөөчүлөрдүн баары эмне дешти билишпейт, эмне деп айтаарын билишпейт. Биз эч качан сынбайбыз. Биз чыдай турган болсо бир жылга чейин чыдайбыз. Бул бийлик мыйзамсыздыгынын баарына жооп беришет. Тергөөчүлөрдүн баары, соттордун баары жооп беришет!", - деди Бузурманкулов.

Саясатчы Бектур Асанов бийликке төмөнкүдөй өтүнүч менен кайрылды:

"Эч бир далил, тергөө жок. Жок дегенде Рита Карасартованы, жаш балдарды, пенсиядагы эки аксакал кишибиз бар, экөө тең кант диабетинен жабыркайт. Ошолорду чыгарып коюшса".

Райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырды. Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, абакта калган жалгыз аял.

Мындан улам укук коргоочулар аны үй камагына чыгарууну суранып келет.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Ушул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул иштен улам кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жана камалгандардын жакындары сот адилеттигин талап кылып утур-утур бийликке кайрылып турат.

Январда ИИМ Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгон.

Ушундан улам соңку ирет шектүүлөрдүн бөгөт чаралары жабык каралып, жакындары, журналисттер да сотко киргизилген жок. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Жакында эле Бишкек шаардык соту “жашыруун” грифин койгон ИИМдин тергөөчүсүнө каршы адвокаттардын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Эми соттор ачык болот, эгерде иш боюнча мамлекеттик сырлар болсо ошондо гана жабык өтөт.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 12-апрелде Жогорку Кеңеште жооп берди. Ал депутат Дастан Бекешевдин суроосуна абактагыларга "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун айтты.

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде козголгон иш. Тергөөнүн алкагында жарандар кармалып, сот тарабынан №1 тергөө абагына киргизүү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөө иштери уланып жатат, ал бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт".

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишине "жашыруун" деген гриф коюлганын мындайча түшүндүрдү.

"Мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө, Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирсе, оор иштер, өзгөчө оор иштер купуя тергелет, сотто да купуя каралат. Тергөөнүн аракети боюнча сотко кайрылышкан, анда сот "мыйзамдуу" деп чечим чыгарган. Бирок сот ошол жерде тергөөчүнү иштеги кайсы материалдар ачык, кайсы материалдар жабык каралышы керектигин бөлүп алууну милдеттендирген. Бул боюнча тергөө аракеттерди жасап атса керек. Эгер айыбы угузулуп, прокуратурага өткөрүлүп берилсе, биз мыйзамдуулугун карап чыгабыз".

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана жергиликтүү укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс карап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG