Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Кемпир-Абад иши: Бишкектеги акция, парламенттеги талкуу


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыгып, абактагыларды коё берүүнү талап кылды. Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдына Орозайым Нарматова, Бектур Асанов, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева баштаган бир катар саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты.

“Жапырт камоо мыйзам бузуу менен коштолгон. Алардын үйүндө тинтүү соттун чечими жок туруп жүргүзүлгөн, камоонун мөөнөтү да мыйзамсыз узартылууда”, - деди Асия Сасыкбаеванын сиңдиси Асыл Айтбаева.

Чогулгандар “Боштондук!”, “Мекенин сүйүү кылмыш эмес!” деген ураандарды айтып турушту.

Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова сиңдиси бир аптадан ашуун ачкачылык кармап, ден соолугу начарлап кеткенин айтты.

“Энелердин сөзүн угат болду бекен деп ушу эненин эстелигинин алдына келдик", - деди ал.

Ал тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону белгилүү болду. Бул маалыматты акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" ырастады. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери учурда камалгандар менен жолугуп жатат.

Бекназаров ачкачылык кармап жаткандарга тилектештигин билдирип, 15-декабрдан тартып тамак-аштан баш тартканын билдирген. Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин 15и ачкачылык кармап жатат. Кыйноолорду алдын алуу борборунун буга чейин билдиришинче, айрымдары бир аптадан бери наар ала элек.

Акыйкатчы жана укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына тынчсызданууда.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. 17-декабрда президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деди президент.

Мамлекет башчы аялдарды үй камагына чыгаруу өтүнүчүнө да оюн билдирип, кайрылгандар "мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу" деген. Жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин кошумчалаган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Парламент: Комиссия түзүү сунушу

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын, адам укуктарынын, мыйзамдардын сакталышын иликтөө үчүн комиссия түзүүнү сунуштады.

“Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын одоно бузулгандыгы жөнүндө комиссия түзүп, иликтемейинче Жогорку Кеңеш өз ишин актабайт, жеп жаткан наныбыз адал болбойт. Биз эл өкүлүбүз. Эгер Конституциянын кепили болгон инсан Конституция менен эсептешпесе, анда эл өкүлү катары биз эсептешишибиз керек".

Мадумаров парламенттеги сөзүндө, өлкөдө мыйзамдар одоно бузулуп, депутаттарга болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканын, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасында абалы оорлор бар экенин, комиссия бир айда жыйынтык чыгарышы керектигин айтты.

“Бизде 28 жаран мыйзамсыз кармалып отурат түрмөдө. Кечээ дарыгерлер барып, эки кызыбыздын ден соолугун карагандан кийин катуу коркунуч бар экенин, кайгылуу окуяга алып келиши мүмкүндүгүн айтып, коңгуроо кагып атат. Жогорку Кеңеш эч нерсе болбогондой бюджетти карайлы, регламентти карайлы, статусту карайлы деп атабыз. Биз кабыл алып аткан мыйзамдар эч нерсеге жарабайт. Баары өзүм билемдик менен жасалып аткан иш акыры жакшылыкка алып барбайт”.

Депутаттын комиссия түзүү сунушуна бийлик азырынча реакция кыла элек. Мадумаровдун сынына депутат Кундузбек Сулайманов пикирин билдирип, төрагага кайрылды.

"Бир кесиптешибиз чыгып "мен бул бийликке түкүрдүм" деди, бул бийликтин ичинде биз да барбыз. Демек, ал бизге да түкүрдүбү? Өзүнө да түкүргөн болуп калабы? Сиз жетекчи катары тартипке чакырып койсоңуз, сүйлөгөндө этияттап сүйлөш керек. Бизди эл карап турат".

Ал эми Мадумаровдун комиссия түзүү пикирин парламенттеги "Ынтымак" фракциясынын депутаты Балбай Түлөбаев колдобой турганын айтып, демилгени саясатка байланыштырды.

“Ал киши Кемпир-Абад келишими туура эмес кабыл алынганын айтып атат, бирок биз өз убагында аны чоң талаш-тартыш, дискуссияга түшүп атып туура кабыл алганбыз. Курултай боюнча да мыйзам бузулду деп айтканына макул эмесмин. Мына ушундай нерселерди комиссия түзүп текшерели деп атат, мен ага макул эмесмин. Комиссия түзүү негизсиз, мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жана сот бийлиги бар. Биз бири-бирибиздин ишибизге кийлигише берсек кандай болот? Бул демократиянын принциптерине да каршы келет. Бул жерде жөн гана саясат болуп жатат”.

25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайдын жыйынында дагы Кемпир-Абад иши боюнча президентке кайрылуу болгон. Курултайдын резолюциясында Башкы прокуратура менен Жогорку сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган. Анда эркин пикирин билдиргендерди саясий куугунтук кылбоо жана чек ара маселеси менен кармалгандардын ишин мыйзам чегинде карап, үй камагына чыгаруу сунушталды. Бирок бийлик өкүлдөрү камалгандарга каршы далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Буга чейин Human Rights Watch баштаган бир нече эл аралык уюмдар саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын кескин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG