Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кемпир-Абад иши: Бекназаров менен Нарматова камакта калды


Азимбек Бекназаров жана Орозайым Нарматова. 9-декабрь, 2022-жыл.
Азимбек Бекназаров жана Орозайым Нарматова. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын айрымдарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар эки айга чукул убактан бери бир гана жолу суралганын айтып, мыйзамсыз кармалып жатканын билдиришүүдө. Алардын маселеси жакында эле Элдик курултайда да көтөрүлүп, шектүүлөрдүн айрымдарын үй камагына чыгаруу сунушу резолюцияга киргизилген.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалган 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы карала баштады. Алар 23-28-октябрь күндөрү кармалып эки айга камалган. Мыйзам боюнча тергөөчү бул мөөнөт бүтөрүнө беш күн калганда шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтүн узартуу же үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч бериши керек.

Тергөө кызматынын башчысы Улан Жапеков “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровду 2023-жылдын 23-февралына чейин камакта калтырууну суранып, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны колдоду. Мунун алдында Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” коюлуп жаткан айып тууралуу комментарий берди.

“Мен күрөштү улантып жатам. Мен түрмөдө жатсам да күрөшөм, өлтүсөңөр да арбагым силер менен күрөшөт деп айтпадым беле. Мына күрөшүп атам. Биздин иш кылмыш эмес, саясат. Кылмыш иши болсо адвокат алып коргонот элем. Кылмыш жок болгон үчүн саясий күрөш жүрүп жатат”.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ушул эле күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованын да бөгөт чарасын карап, аны кийинки жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды. Андан тышкары Орозайым Нарматовага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” деген беренеси менен 14-ноябрда дагы бир айып угузулганы белгилүү болду.

“Былтыр бир тууган агам каза болгондо мен Кыргызстанга келгем. Кайра Орусияга учуп кетерде террористти кармагандай кармап суракка алышкан. Ошондо менден кечирим сурап, билеттин акчасын төлөп узатып коюшкан. Ошол ишти кайра чукуп чыгышып, аны Кемпир-Абад ишине кошуп атышат. Мага бийликтин кереги жок. Мага бийлик керек болсо, мандатым үчүн соттошот элем. Бийлик, байлык маанилүү болгондо Садыр Жапаровго кошомат кылып жанында жүрмөкмүн”.

Тергөө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) да камактагы мөөнөтүн узартууну өтүнгөн. Биринчи май райондук сотуна алып келинген Илгиз Сарылдык уулу жана анын адвокаты тергөөчүлөр аны суракка деп алып чыгып бирок сотко алып келишкенин айтып, отурумга даяр эмес экенин билдиришти. Ушундан улам активисттин бөгөт чарасын кароо боюнча сот отуруму шектүүнүн жактоочусунун өтүнүчү менен 12-декабрда каралмай болду.

“Эки айдан бери эч нерсе таппай отурушат. Эми айласы кеткенде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) уруксаты менен мыйзамдуу алган курал жарактарымды алып чыкканга аракет кылышууда. Тергөөчүлөрдүн муну менен кандай иши бар? Мен аларды мыйзамдын негизинде алгам. Алар деген аңчылык курал жарактары. Эптеп эле бир нерсе таап чапташ керек болуп атат. Кыскасы, эч бир тергөө иши жок. Жөн эле отурабыз”, - деди Сарылдык уулу.

Илгиз Сарылдык уулу менен Орозайым Нарматованы ИИМ Москвадан Бишкекке 28-октябрда кармап келишкен. Камактагылардын дээрлик баары тең эки айга чукул убакыт ичинде бир гана жолу суралганын айтышууда.

“Юрист эмес жөнөкөй адамга деле бул иште кылмыштын курамы жок экени түшүнүктүү да. Саясатчылар, жарандык коом, укук коргоочулар менен журналисттер Конституция, мыйзам, чогулуу эркиндигине ылайык жолукканбыз. Менин маалыматым боюнча, жыйындагы кээ бир сөздөрдү экспертизага беришти. Экспертиза жасалма жыйынтык чыгарып берет. Мүмкүн ошонун негизинде ишти сотко өткөргөнгө аракет кылышат. Эгерде бул да ишке ашпаса анда такыр жыйынтык чыкпайт”, - деди бул иш боюнча камакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков.

Азырынча Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы карала элек. Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси Бишкекте 25-26-ноябрда өткөн Элдик курултайда да көтөрүлгөн. Анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушу берилген. Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев 7-декабрда резолюцияны Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго берди.

“Чек ара маселеси боюнча камалган Кыргызстандын жарандарынын да маселеси боюнча сөз козголгон. Ал жерде аялдар, жаштар бар экен. Өз оюн эркин айтканы үчүн куугунтук болбошу керек деп резолюцияга киргизилди. Ишти мыйзам чегинде кылдат, адилет карап шектүүлөрдү үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу сунушу берилди”.

Президент Садыр Жапаров курултайды камакта жаткан саясатчылар тууралуу суроолорго жооп берген эле.

“Сиз түрмөдө жатканда активисттер колдогон” дейт. Ооба, көпчүлүгү колдогон. Арасында чет өлкөдөн акча алып колдогондор да болгон. Мен эми аларды колунан сүйрөп барып чогулушка катыштырган жокмун да. Чет жактан акча алып келип алып “ме, сага портерге акча, элди жүктөп кел” деп атат. Эл эмне аларга малбы? “Ызы-чуу салабыз, Өзбекстан менен чек араны чечтирбей коюш керек” деп атышат. Алар Кемпир-Абадга күйгөн жок. Алардын жеке кызыкчылыгы бар. Эки өлкөнүн ортосунда согуш чыгаргысы келген күчтөр да болгон. Чет жакта аларды шыкактап турган күчтөр бар. Баарын сот чечет. Элге бүлүк салам дегендерди сот камабаганда, эмне кылат?”

9-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулган жыйында акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстан полициялык өлкөгө айланып баратат деген кооптонуусун билдирди. Ал акыркы кезде укук тартибин коргоо органдары адам укуктарын одоно бузган учурлар көбөйгөнүн белгиледи:

“Тилекке каршы, укук тартибин коргоо органдары аябай жаман тажрыйба баштап алышты – бирөө башкача пикир айтса эле анын бөгөт чарасы катары камакка алууну тандап жатышат. Баарын жапырт. Бир гана активисттер менен журналисттерге же укук коргоочуларга каршы эмес, бизнеске да ушундай болууда. Бизнестен да арыз-даттануулар көп. Бул бизди полициялык мамлекет кылган тенденция болуп жатат. Ошол эле кылмышкер же коррупционер деп белгилүү болгон адамды алдынан тосуп, “кызыл килем” менен киргизип жатышат тергөө абагына. Ал эми активисттерди, журналисттерди, аялдарды сүйрөп барып, күч колдонуу менен. Бул, тилекке каршы, мыйзам бузуу”.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган, алардын дээлик баары 20-декабрга чейин камакка алынган.

Ички иштер министрлиги алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууcун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн макулдашуусун көпчүлүк добуш менен колдогон.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койсо, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгону 30-ноябрда жарыяланды.

Ушул айда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары күтүлүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдерге ылайык:

  • Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат.
  • Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат.
  • Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
  • Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын Сол жээк каналын куруп бербегени үчүн Кыргызстан Ала-Бука районундагы Гавасай участогунан 12 849 гектар жер алат. Ошол эле районго караштуу Көк-Серек аймагынан 105 гектар жер алынды. Анда Кыргызстандын жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар.
  • Баястан участогу. Ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан. Картографиялык материалдардын негизинде 212 гектар жайыт жер Өзбекстандыкы болгон. Эки тарап аны Кыргызстанга калтырып жазууга жетишти.
  • 35 гектар болгон Унгар-Тоо (Аксы району) участогу Кыргызстандын карамагына өтөт. Бул жерде бир нече уюлдук компаниялардын, мамлекеттик телеканалдардын антенналары жана радиорелей станциялары бар.
  • Ак-Таш (Кара-Суу району) участогу. Кыргызстан Кара-Суу шаарын кеңейтүү жана саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн 100 гектар жер алат.
  • Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте билдиргендей, 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимдин негизинде Ала-Бука районунун Көк-Серек участогунда 25 гектар жер Өзбекстанга жазылып кеткен. Жергиликтүү элдин талабы менен ал жер кайра Кыргызстандын пайдасына жазылды. Андан тышкары Шарихан каналынын башталышындагы 19,5 гектар жердин ордуна Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылы чектешкен аймактан ушундай эле жер кыргыз тарапка берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG